![Vitek VT-2430 Manual Instruction Download Page 25](http://html1.mh-extra.com/html/vitek/vt-2430/vt-2430_manual-instruction_1035871025.webp)
25
КЫРГЫЗ
Маанилүү!
– Тик бууландыруу процедурасын бүтүргөндөн кий-
ин үтүктү тикесинен кармап, буу берүүнүн ба-
скычын (3) бошотуп, үтүктүн таманындагы те-
шиктеринен буу чыгып бүткөнүн күтүп, үтүктү
горизонталдуу абалына которуп, аны аянтчага
(8) коюңуз. Антпесеңиз, үтүктү горизонталдык
абалына которгондо үтүктүн таманында калган
ысык суу буу тешиктеринен төгүлүү мүмкүн.
– Тик бууландыруу процессинде үтүктү кескин
түрдө кыймылдатпаңыз.
– Тик бууландыргандан кийин буу чыгып бүткөндө
гана буу берүү баскычын (3) колдонум горизон-
талдуу үтүктөгөнгө өтсөңүз болот.
Маанилүү маалымат
– Синтетикалык кездемелерди тик буулантуу сунуш-
талган эмес.
– Адам кийип турган кийимди эч качан буулантпаңыз,
себеби чыккан буунун температурасы өтө чоң,
кийим илгичти колдонуңуз. Бууну адамдарга,
өсүмдүктөргө, жаныбарларга же ным зыян кыла
турган буюмдарга багыттаганга болбойт.
КУРГАК ҮТҮКТӨӨ
– Үтүктүн таманы (1) коюлган температурасына чей-
ин ысыганда, индикатору (2) дайыма күйүп турат,
үтүктөп баштасаңыз болот.
– Үтүктү туткасынан (4) кармап, буу берүү баскычын
(3) баспаңыз.
АВТОӨЧҮРҮҮ ФУНКЦИЯСЫ
– Эгерде 10 мүнөттүн ичинде сиз түзмөктү
колдонбосоңуз (кандайдыр бир баскычтарды
баспасаңыз, буу берүү баскычын (3) баспасаңыз)
же түзмөктү «кургак үтүктөө» режиминде
пайдалансаңыз, үн белгилери пайда болуп, (20)
белгиси бүлбүлдөп, түзмөк автоматтык түрдө өчөт.
– Түзмөктү иштетүү үчүн (2, 3 же 15) баскычты
басыңыз, таманы (1) ысыганын күтүп, иштетүүнү
улантсаңыз болот.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
Түзмөктү тазалагандын алдында аны электр тармагы-
нан суруп, толугу менен муздатып алыңыз.
Ар бир пайдалануудан кийин
Суу чукурундагы (13) сууну төгүңүз.
– Суу чукурун (13) туткасынан (12) кармап, өзүңүзгө
тартып, чукурду (13) чечиңиз.
– Капкакты (11) ачыңыз жана суу чукурундагы (13) су-
уну төгүңүз, андан кийин чукурду ордуна орнотуңуз.
Үзгүлтүксүз тазалоо
– Үтүктүн корпусун жумшак, бир аз нымдуу чүпүрөк
менен сүртүп, андан кийин кургатып сүртүңүз.
– Үтүктүн таманындагы (1) катмарларды суу-сир-
ке эритмесинде сууланган кездеме менен алып
салыңыз, андан кийин тамандын бетин кургак кез-
деме менен сүртүңүз.
– Үтүктүн таманын тазалоо үчүн абразивдүү жуучу
каражаттарды же эриткичтерди колдонбоңуз.
Өзүн өзү тазалоо режими
– Чукурду (13) толтуруп, ордуна коюңуз.
– Үтүктү аянчага (8) коюңуз.
– Тармактык боонун сайгычын электр розеткасына
сайыңыз, үн белгиси пайда болуп, баскычтын (15)
индикатору күйөт.
– Баскычты (2 же 15) 2 секундадан ашык басып
түзмөктү иштетиңиз, үн белгиси пайда болуп, ба-
скычтын (2) индикатору бүлбүлдөп турат.
– Үтүктүн таманы (1) ысыгандан кийин үтүктөгү ин-
дикатор (2) туруктуу күйүп турат.
– Өзүн өзү тазалоо режимин иштетүү үчүн (2) менен
(3) баскычтарын 3-4 секунданын ичинде басып
туруңуз, ошондо өзүн өзү тазалоо режиминин бел-
гиси (19) күйөт.
– Үтүктү раковинанын үстүндө горизонталдуу түрдө
кармап, бууну үзгүлтүксүз берүү жөндөгүчүн (3)
басылуу абалына коюп бекитип алыңыз. Баскыч-
ты (3) басылуу абалында бекитүү үчүн аны басып,
бекитмени жылдырып алыңыз.
– Өзүн өзү тазалоо режиминде суу чыгуунун жогор-
тулган инденсивдүүлүгү иштетилет.
– Ысык суу минералдык катмары менен үтүктүн та-
манынын (1) тешиктеринен чыгып баштайт.
– Чукурдан (13) болгон суусу агылып чыккан-
га чейин үтүктү бир аз алга-артка терметип
туруңуз.
– Чукурдагы (13) суу түгөнгөндөн кийин буу берүү
баскычынын (3) бекитмесин артка жылдырып, бе-
китмени бошотуп алыңыз.
Эскертүү: Эгерде сиз буу берүү баскычын (3)
10 мүнөттүн ичинде баспай турсаңыз, автоөчүрүү
функциясы иштеп, үн белгилери пайда болуп, (20)
белгиси үлпүлдөп, ысытуу автоматтык түрдө
өчүрүлөт. Иштетүүнү улантуу үчүн буу берүү ба-
скычын (3) басыңыз.
– Үтүктү негизине (6) коюп муздатып алыңыз.
– Үтүктүн таманы (1) муздагандан кийин аны кургак
чүпүрөк менен сүртүңүз.
– Үтүктү аянтчасына (8) коюунун алдында үтүктүн
таманы (1) кургак болгонун текшерип алыңыз.
– Баскычты (2 же 15) басып туруп, түзмөктү
өчүрүңүз.
– Электр шнурунун сайгычын розеткадан сууруңуз.
САКТОО
– Түзмөктү сактаганга алып коюудан мурун, түзмөк
толугу менен муздагандыгына ынаныңыз.
– Чукурдагы (13) калып калган сууну төгүп салыныз.
– Түзмөктү тазалап коюңуз.
– Үтүктү аянтчасына (8) орнотуп, баскычты (10) ба-
сып бекитип алыңыз.
– Тармактык боосу менен буу түтүкчөсүн (5) түрүп
жыйноо жайына (14) жыйнап алыңыз.
– Түзмөктү балдар жана жөндөмдүүлүгү чек-
телген адамдардын колу жетпеген жерлерде
сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Буу станциясы – 1 даана.
Кепилдик талону – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
Summary of Contents for VT-2430
Page 1: ...VT 2430 3 8 14 20 26 31 Steam station...
Page 2: ...1 13 14 18 19 20 2 3 8 9 10 11 4 15 17 16 5 12 7 6...
Page 7: ...7 VT 2430 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 30...
Page 8: ...8 www vitek ru 1 1 1 2 9 1 1 13 13 12 13 11 13 11 13 13 1 3 18 13 15 7 11 13...
Page 12: ...12 VT 2430 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 30...
Page 13: ...13 www vitek ru 1 1 1 2 9 1 1 13 13 12 13 11 13 11 13 13 1 3 18 13 15 7 11 13 13 MAX...
Page 16: ...16 5 14 1 1 1 220 240 50 60 2200 2400 220 5 5 1 5 info vitek ru 3 i i i i i i i i i i i i...
Page 17: ...17 I VT 2430 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 30...
Page 18: ...18 www vitek ru 1 1 1 2 9 1 1 13 13 12 13 11 13 12 13 13 1 3 18 13 15 7 11 13 13 MAX...
Page 21: ...21 13 8 10 5 14 1 1 1 220 240 50 60 2200 2400 220 5 5 1 5 info vitek ru 3 2014 30 2014 35...
Page 22: ...22 VT 2430 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 30...
Page 23: ...23 www vitek ru 1 1 1 2 9 1 1 13 13 12 13 11 13 11 13 13 1 3 18 13 15 7 11 13 13 MAX...
Page 26: ...26 220 240 50 60 2200 2400 220 5 5 1 5 info vitek ru 3...