
- Кыргызча 136 -
-
Буулоо учурунда жана капкагын ачып жатканда идиштен
чыккан буудан абайлаңыз.
-
Суу челегин толтуруучу көзөнөктүн капкагын ачып
жатканда андан чыгып жаткан ысык буудан абайлаңыз.
-
Буулоо процесси бүткөндөн кийин, ысык буу мотор
блогундагы буу чыгуучу жерден жана идиштин
капкагындагы буу тешигинен бир нече убакытка чейин
чыга берет. Идишти мотор блогунан алып жатканда этият
болуңуз.
-
Шайманды туура эмес колдонсо, суу толтуруучу көзөнөктөн
ысык буу чыгышы мүмкүн. Мунун алдын алуу үчүн же чечүү
үчүн, “Мүчүлүштүктөрдү жоюу” бөлүмүн караңыз.
-
Шаймандын кароосуз иштешине эч качан жол бербеңиз.
-
Мотор блогун оңдоо же тазалоо процесстерин жүргүзүү
үчүн чечпеңиз. Аны оңдотуу үчүн Philips уруксат берген
тейлөө борборуна алып барыңыз.
Эскертүү
-
Эч качан башка өндүрүүчүлөрдүн же Philips компаниясы
атайын сунуштабаган аксессуарларды же бөлүктөрдү
колдонбоңуз. Эгерде сиз мындай аксессуарларды же
тетиктерди колдонсоңуз, анда сиздин кепилдигиңиз
жараксыз болуп эсептелинет.
-
Шайманды күйүп турган же муздай элек мештин же
плитанын үстүнө же жанына койбоңуз.
-
Тазалоодон мурда шайманды сөзсүз түрдө сууруп,
муздатып коюңуз.
-
Шаймандын идишин же башка бөлүгүн эч качан
микротолкундуу меште колдонбоңуз, анткени идиштин
кармагычынын жана бычак блогунун темир бөлүктөрү
мындай колдонууга ылайыктуу эмес.
Содержание AVENT SCF870
Страница 1: ...SCF870 ...
Страница 266: ... 2022 Koninklijke Philips N V All rights reserved 12 04 2022 ...