151
КЫРГЫЗЧА
Күйүп калуу коркунучун алдын алуу үчүн, шайманды сууруп, үтүктүн таманын кебээрден
тазалоого чейин жок дегенде эки саат муздаганча күтө туруңуз.
1
Ачакейди розеткадан сууруңуз (Сүр. 16).
2
Шайманды столдун четине коюңуз.
3
EASY DE-CALC сарпкапкагынын алдына чыны коюп, (350мл кем эмес сыйымдуулукка ээ)
сарпкапкакты сааттын жебесине каршы бураңыз (Сүр. 17).
4
EASY DE-CALC сарпкапкагын алып салып, кебээр бөлүкчөлөрү бар сууну чыныга агызып
салыңыз (Сүр. 18).
5
Шаймандан суу чыкпай калганда, EASY DE-CALC сарпкапкагын кайра салып, бекитүү үчүн
сааттын жебеси боюнча бураңыз. (Сүр. 19)
МААНИЛҮҮ – Үтүктүн таманын кебээрден тазалоо
Эгер EASY DE-CALC функциясын байма-бай колдонуп турбасаңыз, кебээрдин бөлүкчөлөрү
үтүктүн таманына чогулуп, үтүктөө учурунда күрөң тактар чыгышы мүмкүн. Бул учурда,
үтүктүн таманындагы кебээрди төмөндөгү процедураны аткарып, тазалай аласыз. Үтүктүн
таманын жакшылап тазалоо үчүн процедураны эки жолу кайталоону сунуштайбыз.
Күйүп калуу коркунучун алдын алуу үчүн, шайманды сууруп, үтүктүн таманын кебээрден
тазалоого чейин жок дегенде эки саат муздаганча күтө туруңуз.
1
Ачакейди розеткадан сууруңуз (Сүр. 16).
2
Шайманды столдун четине коюңуз.
3
Суу челеги бош болушу керек.
4
EASY DE-CALC сарпкапкагынын алдына чыны коюп, (350мл кем эмес сыйымдуулукка ээ)
сарпкапкакты сааттын жебесине каршы бураңыз (Сүр. 17).
5
EASY DE-CALC сарпкапкагын алып салып, кебээр бөлүкчөлөрү бар сууну чыныга агызып
салыңыз (Сүр. 18).
6
Шайманды EASY DE-CALC көзөнөгү өйдө карагандай кылып кармап, көзөнөккө 900мл
тузсуздандырылган сууну куюңуз (Сүр. 20).
Эскертүү: Шайманды эңкейтип жатканда, ал оор экенин эске алыңыз.
7
EASY DE-CALC көзөнөгүн өйдө каратып кармап, EASY DE-CALC сарпкапкагын кайра салып,
бекитүү үчүн сааттын жебеси боюнча бураңыз (Сүр. 21).
8
Шайманды кайра туруктуу, түз жерге коюңуз. Шайманды розеткага сайып, күйгүзүңүз
(Сүр. 22).
9
Шайман ысыгыча 5 мүнөт күтө туруңуз.
10
Үтүктү калың кездемеге 3 мүнөткө чейин басып, буу чыгаруу машасын басып, кармап
туруңуз (Сүр. 15).
Көңүл буруңуз: Үтүктүн таманынан ысык, кир суу чыгат.
11
Суу чыкпай калганда же буу чыгып баштаганда, үтүктү кыймылдатууну токтотуңуз.
12
Шайманды дароо колдоно берсеңиз болот. Же болбосо, кебээрден тазалоо бүткөндөн
кийин, шайманды сууруп коюңуз.
Сактоо
1
Шайманды өчүрүп, андан соң розеткадан сууруңуз.
2
Суу челегин чыгарып, бошотуңуз.
3
Үтүктү үтүк түпкүчкө коюңуз. Үтүктү түпкүчкө бекем орнотуу үчүн ташуу кулпусун басыңыз.
4
Буу жеткирүүчү шлангды жана электр шнурун бүктөңүз. Аларды тиешелүү сактоо
бөлүктөрүнө салыңыз. (Сүр. 23)
Summary of Contents for PerfectCare Elite GC9600 Series
Page 170: ......