150
КЫРГЫЗЧА
Энергияны үнөмдөө
ECO режими
-
ECO режимин (аз өлчөмдөгү буу) колдонуу менен, үтүктөө натыйжасына таасирин тийгизбестен
энергияны үнөмдөсөңүз болот. Жашыл жарык күйүп турат (Сүр. 12).
-
ECO баскычын басып, ECO режимин өчүрө аласыз. Жашыл жарык өчөт.
Коопсуздук авто-өчүрүү режими
-
Эгер шайман 10 мүнөт колдонулба турса, энергияны үнөмдөө үчүн ал автоматтык түрдө өчөт.
Күйгүзүү/өчүрүү баскычындагы авто-өчүрүү жарыгы күйүп өчө баштайт (Сүр. 13).
-
Шайманды кайра иштетүү үчүн, күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз. Шайман кайра ысый
баштайт.
Эскертүү: Шайман коопсуздук авто-өчүрүү режиминде турганда, толук өчпөйт. Шайманды өчүрүү
үчүн, күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз.
Turbo буу
Батыраак үтүктөө үчүн жана көбүрөөк буу өлчөмү үчүн, Turbo буу режимин колдонсоңуз болот.
1
Көрсөткүч ак болуп күйгүчө күйгүзүү/өчүрүү баскычын 2 секунд басып туруңуз. (Сүр. 14)
2
Turbo буу жөндөөсүн өчүрүү үчүн, ак жарык көк болуп күйгүчө күйгүзүү/өчүрүү баскычын
кайра 2 секунд басып туруңуз.
Үтүктөө үчүн кеңештер
Кургатуу учурунда бырыштарды азайтуу
Бырыштарды жазууну кийимдерди кургатуу учурунда эле баштаңыз. Жуулгандан кийин кийимдерди
чоюп жаюу жана аларды илгичтерге илип коюу бырыштарды азайтат.
Көйнөктү үтүктөөдөгү оптималдуу үтүктөө жолу
Жака, жең учтары жана жеңдер сыяктуу убакытты көп алган жерлерден баштаңыз. Андан кийин,
убакытты көп алган жерлерди үтүктөп жатканда бырышып кала турган алды жана арты сыяктуу чоң
жерлерди үтүктөңүз.
Жака:
Жаканы үтүктөөдө, анын ички жагынан баштаңыз жана сыртынан (учтуу аягы) ичти көздөй
үтүктөңүз. Аңтарып, кайталаңыз. Жаканы бүктөп, бүктөлгөн учун үтүк менен басыңыз.
Топчулар:
Натыйжалуу жана тез үтүктөө үчүн, топчулардын ички жагынан үтүктөңүз.
Тазалоо жана тейлөө
Шайманыңызга туура кам көрүү үчүн, үтүктү жана шайманды тез-тезден тазалап туруңуз.
1
Шайманды ным чүпүрөк менен тазалаңыз. Оңой менен кетпеген тактарды кетирүү үчүн,
бир аз жуучу каражат колдонсоңуз болот.
2
Үтүктүн таманынан тактарды оңой жана натыйжалуу кетирүү үчүн, шайманды күйгүзүп,
ысытыңыз. Шайман ысыганда, буу машасын басып туруп, үтүктү ным чүпүрөктүн үстүнө
басыңыз (Сүр. 15).
Кеңеш: Үтүктөө жылмакай болуусу үчүн, үтүктүн таманын тез-тезден тазалап туруңуз.
МААНИЛҮҮ - КЕБЭЭРДЕН ТАЗАЛОО
EASY DE-CALC көрсөткүчү күйүп өчүп жана шайман үзгүлтүксүз сигнал бере баштаганда
дароо кебээрден тазалоо процедурасын аткаруу абдан маанилүү.
Болжол менен бир айдан кийин же 10 үтүктөөдөн кийин EASY DE-CALC көрсөткүчү күйүп өчүп,
шайман үзгүлтүксүз сигнал бере баштайт, бул шайманды кебээрден тазалоо керек дегенди
билдирет. Үтүктөөнү улантууга чейин төмөнкү кебээрден тазалоо процедурасын аткарыңыз.
Summary of Contents for PerfectCare Elite GC9600 Series
Page 170: ......