22
КЫРГЫЗ
–
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
–
Бууну үзгүлтүксүз берүүнүн жөндөгүчүн (3) «
●
»
(буу берүүсү өчүрүлгөн) абалына коюңуз.
–
Жөндөгүчүн (11) бурап, кездеме түрүнө ылайык
үтүктөө температурасын коюңуз: «
●
», «
●●
»,
«
●●●
» же «
MAX
»; ошол учурда индикатор (9)
күйөт.
–
Үтүктүн таманы (14) коюлган температурасына
чейин ысыганда, индикатору (9) өчөт, үтүктөп
баштасаңыз болот.
–
Үтүктөп бүткөндөн кийин температура
жөндөгүчүн (11)
«MIN»
абалына коюңуз.
–
Сайгычын электр розеткасынан ажыратып, үтүк
толугу менен муздаганына чейин күтүңүз.
БУУ МЕНЕН ҮТҮКТӨӨ
Буу менен үтүктөө температура жөндөгүчү (11) «
••
»,
«
•••
» же «
MAX
» абалына коюлганда гана мүмкүн
болот.
–
Үтүктү түбүнө (8) коюңуз.
–
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
–
Резервуарындагы (10) суунун көлөмү
жетишерлик болгонун текшерип алыңыз.
–
Температура жөндөгүчүн (11) бурап, керектүү
үтүктөө температурасын коюңуз: «
●●
»,
«
●●●
» же «
MAX
»; ошол учурда индикатор (9)
күйөт.
–
Үтүктүн таманы (14) таңдалган температурасына
чейин ысыганда, индикатор (9) өчөт, эми үтүктөп
баштасаңыз болот.
–
Үзгүлтүксүз буу берүүнүн жөндөгүчү (3) аркылуу
буулатуунун керектүү интенсивдүүлүгүн
таңдаңыз («
●
» абалдан « » абалга чейин).
–
Үзгүлтүксүз буу берүүнүн режиминде үтүк
горизонталдык абалында болгондо гана
таманынын (14) тешиктеринен буу чыгат. Буу
берүүнү токтотуу үчүн үтүктү тик коюңуз же
жөндөгүчтү (3) «
●
» (буу берүү өчүрүлгөгөн)
абалына коюңуз.
–
Үтүктү колдонгондон кийин температура
жөндөгүчүн (11)
«MIN»
абалына коюп, бууну
үзгүлтүксүз берүүнүн жөндөгүчүн (3) болсо
«
●
» (буу берүү өчүрүлгөгөн) абалына коюңуз.
–
Сайгычын электр розеткасынан ажыратып, үтүк
толугу менен муздаганына чейин күтүңүз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Үтүк иштеген учурда буу үзгүлтүксүз берилбей
калса, буу берүүнүн жөндөгүчүн (3) туура абалын
жана чукурда (10) суу бар болгонун текшерип
алыңыз.
СУУ ЧАЧЫРАТКЫЧ
–
Сиз суу чачыратуу баскычын (5) бир нече жолу
басып, кездемены ным кылсаңыз болот.
–
Резервуарындагы (10) суунун көлөмү
жетишерлик болгонун текшерип алыңыз.
БУУНУ КОШУМЧА БЕРҮҮ
Бууну кошумча берүүнүн функциясы бырыштарды
үтүктөп түздөткөндө пайдалуу болуп, үтүктөөнүн
жогору температуралык режиминде гана мүмкүн
болот (ал учурда температура жөндөгүчү (11)
«MAX»
абалында турат).
Бууну кошумча берүүнүн баскычын (4) басканда
тамандын (14) тешиктеринен буу күчөтүп чыгат.
Эскертүү:
Буу тешиктеринен суу куюлбас үчүн
бууну кошумча берүү баскычын (4) 4-5 секунд
интервалы менен басып туруңуз.
Тамчылар куюлганына жол бербөө үчүн баскычын
(4) 5 секундадан ашык кармабаңыз.
ТИК БУУЛАНТУУ
Тик буулантуу функциясын жогору температурадагы
үтүктөө режиминде гана колдонсо болот (ал учурда
температура жөндөгүчү (11)
«MAX»
абалында
турат).
Үтүктү кийимден 10--30 см аралыгында тик кармап,
бууну кошумча берүү баскычын (4) 4--5 секунда
интервалы менен басып туруңуз, тамандын (14)
тешиктеринен буу күчөтүп чыгат.
Маанилүү маалымат
Синтетикалык кездемелерди тик буулантуу
рекомендацияланган эмес.
–
Буулантканда кездеме эритпөө үчүн аны үтүктүн
таманы менен тийбеңиз.
–
Адам кийип турган кийимди эч качан
буулантпаңыз, себеби чыккан буунун
температурасы өтө чоң, кийим илгичти
колдонуңуз.
–
Үтүктөп бүткөндөн кийин үтүктү өчүрүп, толугу
менен муздатып, андан кийин суу куюучу
тешиктин капкагын (2) ачып, үтүктү көмкөрүп
калган суусун төгүп алыңыз.
БУУ КАМЕРАСЫН ТАЗАЛОО
Үтүктүн кызмат мөөнөтүн узартуу үчүн айрыкча
суусу «катуу» болгон региондордо буу камерасын
мезгилдүү түрдө тазалоо, рекомендацияланат.
–
Бууну үзгүлтүксүз берүүнүн жөндөгүчүн (3) «
●
»
(буу берүү өчүрүлгөгөн) абалына коюңуз.
–
Резервуарын (10)
«MAX»
(13) белгисине чейин
суу менен толтуруңуз.
–
Үтүктү түбүнө (8) коюңуз.
MW-3058.indd 22
12/15/17 12:57 PM
Summary of Contents for MW-3058
Page 1: ...MW 3058 20 24 MW 3058 indd 1 12 15 17 12 57 PM...
Page 2: ...MW 3058 indd 2 12 15 17 12 57 PM...
Page 3: ...3 MW 3058 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 Self Clean 13 MAX 14 15 MW 3058 indd 3 12 15 17 12 57 PM...
Page 7: ...7 10 11 MIN 3 8 1 1 1 220 240 50 2200 3 15 38 140073 14 MW 3058 indd 7 12 15 17 12 57 PM...
Page 13: ...13 3 14 1 1 1 2 11 MIN 3 2 10 2 10 MAX 13 MAX MW 3058 indd 13 12 15 17 12 57 PM...
Page 17: ...17 17 3 14 1 1 1 2 11 MIN 3 2 10 2 10 MAX 13 MAX MW 3058 indd 17 12 15 17 12 57 PM...
Page 21: ...21 3 14 1 1 1 2 11 MIN 3 2 10 2 10 MAX 13 MAX 8 MW 3058 indd 21 12 15 17 12 57 PM...