22
көрсөткүчү күйөт, баскычты дагы бир жолу басканда ички блоктун
алдыңкы панелиндеги дисплейдин жарыгы күйөт.
13. “РЕЖИМ“ БАСКЫЧЫ (MODE)
Баскычты ар бир басуу төмөнкүдөй ырааттуулукта кондиционердин
иштөө режимин өзгөртөт: «Автоматический» (Автоматтык) / «Охлаж-
дение» (Муздатуу) / «Осушение» (Кургатуу) / «Обогрев» (Жылытуу) /
«Вентиляция» (Желдетүү).
Пульттун дисплейинде тиешелүү режимдин көрсөтмөсү көрсөтүлөт:
AUTO (Автоматтык), COOL (Муздатуу), DRY (Кургатуу), HEAT (Жылытуу),
FAN (Желдетүү).
Автоматтык режимде, кондиционер, бөлмө температурасына жара-
ша, муздатуу же ысытуу режимин автоматтык түрдө тандап, колдо-
нуучуга ыңгайлуу шарт түзөт. Максаттуу температура башкаруу па-
нелинин дисплейинде көрсөтүлбөйт жана аны өзгөртүү мүмкүн эмес.
Желдетүү режиминде, кондиционер үйдүн ичиндеги желдеткичти
гана күйгүзөт. Берилген режимде кондиционер бөлмө температу-
расын сактабайт. Максаттуу температура башкаруу панелинин дис-
плейинде көрсөтүлбөйт жана аны өзгөртүү мүмкүн эмес.
Көңүл буруңуз!
Кондиционер таза аба бербейт!
14. МАКСАТТУУ ТЕМПЕРАТУРАНЫ КӨБӨЙТҮҮ БАСКЫЧЫ
Баскычты ар бир басуу максаттуу температуранын маанисин +16...
+32 °С диапазонунда 1 °С жогорулатат. Максаттуу температуранын
белгиленген мааниси пульттун дисплейинде жана ички блоктун
алдыңкы панелинде көрсөтүлөт.
15. МАКСАТТУУ ТЕМПЕРАТУРАНЫ АЗАЙТУУ БАСКЫЧЫ
Баскычты ар бир басуу максаттуу температуранын маанисин +16...
+32 °С диапазонунда 1 °С төмөндөтөт. Максаттуу температуранын
белгиленген мааниси пульттун дисплейинде жана ички блоктун
алдыңкы панелинде көрсөтүлөт.
БАШКАРУУ ПАНЕЛИНИН ДИСПЛЕЙИ
COOL DRY HEAT
AUTO
FAN
SPEED TURBO HIGH MID LOW
TIMER
ON/OFF
SWING
SWING
OFF
ON
HEALTH iFAVOR
SLEEP iCLEAN
DISPLAY LOCK
Eheater Anti-FUNGUS
AUTO
SET
˚C
˚F
h
ROOM
6
19
7
8
9
17
15
14
13
12
16
11
18
18
10
1
2
3
4
5
1. AUTO - автоматтык иштөө режимдин көрсөткүчү.
2. COOL - муздатуу режиминин көрсөткүчү.
3. DRY - кургатуу режиминин көрсөткүчү.
4. HEAT - ысытуу режиминин көрсөткүчү.
5. FAN - желдетүү режиминин көрсөткүчү.
6. SPEED (TURBO, HIGH, MID, LOW, AUTO) - желдеткичтин ылдамдык-
тарынын көрсөткүчү.
7. SET - максаттуу температуранын көрсөткүчү.
8. ROOM - бөлмөдөгү температуранын көрсөткүчү.
9. SWING - жалюзинин термелүүсүнүн көрсөткүчү.
10. IFAVOR - жеке колдонуучунун орнотууларын иштетүү көрсөткүчү.
11. HEALTH - « Здоровье « режимдин көрсөткүчү.
12. LOCK - башкаруу панелинин баскычтарын бөгөөнү активдештирүү
көрсөткүчү.
13. DISPLAY - ички блоктун алдыңкы панелиндеги жарыкты өчүрүү
индикаторун көрсөткүчү.
14. Anti-FUNGUS - кондиционер өчүрүлгөндөн кийин ички блокту ав-
томаттык түрдө тазалоо көрсөткүчү.
15. Eheater - колдонулбайт.
16. ICLEAN - ички блоктун өзүн-өзү тазалоо функциясы иштетүүнүн
көрсөткүчү.
17. SLEEP - түнкү иштетүү режимин күйгүзүү көрсөткүчү.
18. ON/OFF - кондиционерди күйгүзүү/өчүрүү көрсөткүчү.
19. TIMER ON/OFF - күйгүзүү таймердин көрсөткүчү / өчүрүү таймер-
дин көрсөткүчү.
БАТАРЕЯЛАРДЫ ОРНОТУУ ЖАНА АЛМАШТЫРУУ
Алыстан башкаруу пультун кубаттоо үчүн ААА тибиндеги 2 батарея
колдонулат.
Батарея бөлүгүнүн капкагын жылдырып, батарейкаларды
бөлүмдүн дубалында көрсөтүлгөн «+» жана «-» белгилерине ылай-
ык кыстарыңыз.
Батарейкаларын алмаштыруу үчүн, окшош эле операцияны кайта-
лап коюңуз.
ЭСКЕРТҮҮ
1. Алмаштыруу учурунда эски же башка типтеги батареяларды
колдонбоңуз. Бул пульттун жакшы иштебей калышына алып ке-
лиши мүмкүн.
2. Эгер сиз алыстан башкарууну 1 айдан ашык колдонбосоңуз, ба-
тарейкаларды пульттан алып салыңыз, анткени алар агып кетип,
пультту бузушу мүмкүн.
3. Шайманды күн сайын колдонуу менен, батарейкалардын иштөө
мөөнөтү болжол менен 6 ай түзөт.
4. Алыстан башкаруунун буйруктарынын уккулуктуу ырастоосу жок
болсо же сигналды берүү белгиси өчүп калса, батарейкаларды
алмаштырыңыз.
5. ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ ЖАНА ШАЙМАНГА КАМ КӨРҮҮ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Шайманды тейлөөдөн мурун электр тармагынан
ажыратып коюңуз.
ИЧКИ БЛОКТУН АЛДЫҢКЫ ПАНЕЛИН ТЕЙЛӨӨ
Шайманды кылдаттык менен сактоо жана өз убагында тазалоо анын
иштөө мөөнөтүн узартып, энергияны үнөмдөөгө жардам берет.
Тазалоодо төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз:
–
шайманды аарчып жатканда, туруктуу жерде туруңуз, болбосо
кулап кетсеңиз, шайманды бузуп же өзүңүзгө зыян келтиришиңиз
мүмкүн;
–
алдыңкы панелди алып жатканда жаракат албаш үчүн, корпустун
темир бөлүктөрүнө тийбеңиз;
–
шаймандын алдыңкы панелин жана пультту тазалап жатканда,
кирди кургак чүпүрөк менен тазалоого мүмкүндүк болбосо, ным
чүпүрөктү колдонуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ
1. Шайманды жана алыстан башкаруу пультту суунун агымынын
астында жуубаңыз!
2. Тазалоо үчүн курамында спирт бар суюктуктарды, бензинди, май-
ларды жана жылтыратуучу заттарды колдонбоңуз.