42
КЫРГЫЗ
• Үтүктү таңгактан чыгарыңыз, таманында (9) коргоо
чаптамасы бар болсо, аны сыйрып алыңыз.
• Үтүктүн таманын кургак чүпүрөк менен сүртүп алыңыз.
• Үтүктү электр тармагына кошуудан мурун электр
чыңалуусунун которгучун (8) электр тармагындагы
чыңалуусуна ылайык болгон абалына коюңуз.
Үтүктү чыңалуусу 110 В болгон электр тармагында
колдонгондон кийин ар дайым которгучун (8) 220 В
абалына коюңуз, бул үтүктү чыңалуучу жогору болгон
электр тармагына кошкондо шаймандын бузулуусуна
жол бербейт (сүрөт 1).
• Резервуардын ичинде калган суу бар болуу мүмкүн,
бул нормалдуу көрүнүш, себеби шайман заводдо
сапат текшерүүдөн өткөн.
СУУ РЕЗЕВУАРЫН ТОЛТУРУУ
Сууну үтүктүн ичине куюудан мурун ал электр тармагынан
ажыратылганын текшерип алыңыз.
• Туткасын (1) көтөрүңүз, ал бекитилип калат. Туткасын (1)
бүктөө үчүн биринчиден (7) «PUSH» баскычын басып,
андан кийин гана туткасын ылдый жылдырсаңыз болот.
• Температура жөндөгүчүн (11) «MIN» абалына, бууну
үзгүлтүксүз берүү жөндөгүчүн (12) болсо « » (буу
берүү иштетилген өчүрүлгөн) абалына коюңуз.
• Суу куюучу тешиктин капкагын (3) ачыңыз.
• Капкакты өтө катуу тартпаңыз, бир аз күч салуу
жетиштүү болот.
• Суу куюучу идишин (13) колдонуп сууну куюңуз, андан
кийин капкагын (3) катуу жабыңыз.
Эскертүү:
• Резервуарда суусу жок болгондо буу чыкпайт.
• Үтүктөп турган учурда кошумча суу куюу зарыл
болсо, үтүктү өчүрүп, кубаттуучу сайгычын
розеткадан чыгаруу зарыл.
• Суу куюлуучу резервуарына жыттуу суюктуктарды,
сиркени, крахмал эритмесин, кебээрди кетирүүчү
реагенттерди, химиялык каражаттарды ж.б.
куюуга тыюу салынат.
• Үтүктөп буткөндөн кийин үтүктү өчүрүп, аны
толугу менен муздатып, андан кийин суу куюучу
тешиктин капкагын (3) ачып, үтүктү көмкөрүп
ичинен калган суусун төгүп салыңыз.
IM VT-8303_70x130.indd 42
24.01.2017 17:13:45