![Vitek VT-8303 VT Скачать руководство пользователя страница 46](http://html1.mh-extra.com/html/vitek/vt-8303-vt/vt-8303-vt_manual-instruction_1035875046.webp)
46
КЫРГЫЗ
БУУНУ КОШУМЧА БЕРҮҮ
Бууну кошумча берүүнүн функциясы бырыштарды үтүктөп
түздөткөндө колдонуп, үтүктөөнүн жогору температуралык
режиминде (температура жөндөгүчү (11) «MAX»
абалында
болгондо) гана иштетилет
Бууну кошумча берүүнүн баскычын (2) басканда тамандын
тешиктеринен буу күчөтүп чыгат.
Эскертүү:
–
Буу тешиктеринен суу куюлбас үчүн бууну кошумча
берүү баскычын (2) 10-15 секунда интервалы менен
басып туруңуз.
ТИК БУУЛАНТУУ
Тик буулантуу функциясын жогору температурадагы
үтүктөө режиминде (ал учурда температура жөндөгүчү (11)
«MAX»
абалында турганда) гана колдонсо болот.
Үтүктү кийимден 10-15 см аралыгында тик кармап, бууну
кошумча берүүнүн баскычын (2) 10- 15 секунда интервалы
менен басып туруңуз, тамандын (9) тешиктеринен буу
күчөтүп чыгат.
Маанилүү маалымат
• Синтетикалык кездемелерди тик буулантуу
рекомендацияланган эмес.
• Буулантканда кездеме эритпес үчүн аны үтүктүн
таманы (9) менен тийбеңиз.
• Адам кийип турган кийимди эч качан буулантпаңыз,
себеби чыккан буунун температурасы өтө чоң, кийим
илгичти пайдаланыңыз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
• Үтүк электр тармагына кошулбаганын жана муздак
болгонун текшерип алыңыз.
• Үтүктүн корпусун жумушак, бир аз нымдуу чүпүрөк
менен сүртүп, андан кийин кургатып сүртүңүз.
• Үтүктүн таманындагы кебээрди суу-сирке аралашмасы
менен нымдалган чүпүрөк менен чыгарса болот.
• Кебээрди чыгаргандан кийин тамандын бетин кургак
чүпүрөк менен сүртүңүз.
• Үтүктүн таманын тазалоо үчүн абразивдүү
каражаттарды колдонбоңуз.
• Үтүктүн таманына учтуу металл нерселерди тийгизбеңиз.
IM VT-8303_70x130.indd 46
24.01.2017 17:13:45