![Vitek VT-8303 VT Скачать руководство пользователя страница 44](http://html1.mh-extra.com/html/vitek/vt-8303-vt/vt-8303-vt_manual-instruction_1035875044.webp)
44
КЫРГЫЗ
температурадан баштап, аны керектүү жыйынтыкка
жеткенге чейин аз-аздан көтөрүп түрүңуз).
• Вельвет жана башка тез жалтырап баштаган
кездемелерди үтүктөгөндө үтүктү бир тарабына
(түгү боюнча) жылдырып бир аз басымы менен
үтүктөңүз.
• Синтетика жана жибек кездемелерде жалтыраган
тактарды калтырбоо үчүн аларды ички жагынан
үтүктөө зарыл.
ҮТҮКТӨӨ ТЕМПЕРАТУРАСЫН КОЮУ
• Туткасын (1) көтөрүңүз, ал бекитилип калат.
Туткасын (1) бүктөө үчүн биринчиден (7) «PUSH»
баскычын басуу зарыл.
• Үтүктү электр тармагына кошуудан мурун электр
чыңалуусунун которгучун (8) электр тармагындагы
чыңалуусуна ылайык болгон абалына коюңуз.
Үтүктү чыңалуусу 110 В болгон электр тармагында
колдонгондон кийин ар дайым которгучун (8) 220 В
абалына коюңуз, бул үтүктү чыңалуучу жогору болгон
электр тармагына кошкондо шаймандын бузулуусуна
жол бербейт (сүрөт 1).
• Электр шнурун жазып, сайгычын розеткага сайыңыз.
• Температура жөндөгүчүн (11) жылдырып, керектүү
үтүктөө температурасын коюңуз: «MIN», «••»,
«•••» «MAX» (кездеме түрүнө карата), ошондо
индикатору (10) күйөт.
• Үтүктү тикесинен коюңуз.
• Үтүктүн таманы (9) коюлган температурасына чейин
ысыганда, индикатору (10) өчөт, үтүктөп баштасаңыз
болот.
Эскертүү:
биринчи иштеткенде үтүктүн ысытуучу
элементтердин үстүнкү катмары күйүп, бир аз
түтүн же башкача жыт чыгуу мүмкүн, бул нормалдуу
көрүнүш.
КУРГАК ҮТҮКТӨӨ
• Бууну үзгүлтүксүз берүүнүн жөндөгүчүн (12) « » (буу
берүүсү өчүрүлгөн) абалына коюңуз.
• Температура жөндөгүчүн (11) жылдырып, керектүү
үтүктөө температурасын коюңуз.
• Үтүктү тикесинен коюңуз.
IM VT-8303_70x130.indd 44
24.01.2017 17:13:45