25
КЫРГЫЗ
каршы токтогонуна чейин бурап, баскычты (5)
бошотуңуз (сүрөт 1, 2).
–
Шнекти (8) эт туурагычтын бөркүнүн корпусуна
(3) орнотуп, шнектин үстүнө «кеббе» саптама-
сын (15) орнотуп (сүрөт 8), анын үстүнөн кеббе
саптамасынын бекиткичин (15) орнотуп, бекит-
кичтин (15) үстүнөн эт туурагычтын бөркүнүн
гайкасын (13) орнотуп (сүрөт 9) аны саат жебе-
синин багыты боюнча бурап бекитиңиз
–
Азыктар үчүн идишти (2) орнотуңуз (сүрөт 10).
–
Сырты үчүн негизин азыктар үчүн идишке (2)
салыңыз.
–
Кубаттуучу сайгычын розеткага сайыңыз.
–
Которгучтун (7) «ON» (иштетүү) баскычын
басып, эт туурагычты иштетиңиз.
–
Сырты үчүн негизин түртүү үчүн түрткүчтү (1)
колдонуңуз.
–
Даяр түтүкчөлөрдү керектүү узундугуна
кесиңиз.
–
Иштетип бүткөндөн кийин которгучтун баскы-
чын (7) «OFF» (өчүрүү) басып туруп, эт туура-
гычты өчүрүп, аны электр тармагынан суруп,
андан кийин гана ажыратып баштасаңыз болот.
–
Эт туурагычтын бөркүн (3) чечүү үчүн бекитме
баскычын (5) басып, эт туурагычтын бөркүн (3)
саат жебесинин багыты боюнча бурап, чечип
салыңыз.
–
Эт туурагычтын бөркүн ажыратуу үчүн гай-
каны (13) бурап бошотуп, коюлган панжара-
сын (10, 11 же 12), бычагын (9) жана шнегин
(8) чыгарыңыз.
РЕЦЕПТ
Ичине салуучу нерсе
Кой эти 100 г
Зайтун майы 1,5 чоң кашык
Баш пияз (майда тууралган) 1,5 чоң кашык
Сиз жактырган курчутмалар
Туз 1/4 чай кашык
Ун 1 оң кашык же 1/2 чоң кашык
•
Кой этин эт туурагычтын жардамы менен бир
же эки жолу майдалатуу зарыл.
•
Баш пиязды саргарганына чейин майга кууруп
бышырып, андан кийин майдаланган кой этин,
курчутма, туз менен унду кошушат.
Сырты
Майсыз эт 450 г
Ун 150-200 г
Курчутмалар 1 чай кашык (жакканыңыздай)
Мускат жаңгагы 1 даана
Майдаланган кызыл мурч (жакканыңыздай)
Калемпир (жакканыңыздай)
•
Этти эт туурагычы менен үч жолу майдалаты-
шат, мускат жаңгагын да майдалатып, болгон
ингредиенттерин кошуп аралаштырышат.
•
Сыртына көбүрөөк эт жана азыраак ун кошсо,
бул даяр тамактын консистенциясы менен
даамын жакшыртат.
•
Даяр түтүкчөлөр толтурулуп, чекелери бекити-
лип, аларга керектүү формасы берилет.
•
Түтүкчөлөр ысык майга кууруп бышырылат.
ЭТ ТУУРАГЫЧТЫ КАРОО
•
Эт туурагычты иштетип бүткөндөн кийин
которгучун (7) «0» абалына коюп, кубаттуучу
сайгычын электр тармагынан суруңуз.
•
Бекитме баскычын (5) басып, эт туурагычтын
бөркүн саат жебесинин багыты боюнча бурап,
чечип салыңыз.
•
Гайканы (13) бурап бошотуп, коюлган панжа-
расын (10, 11 же 12), бычагын (9) жана шнеги-
нен (8) чечиңиз.
•
Шнекти (8) эт туурагычтын бөркүнөн (3)
чыгарыңыз.
•
Шнектен (8) азыктардын калдыктарын алып
салыңыз.
•
Эт туурагычтын болгон бөлүктөрүн нейтрал-
дуу жуучу каражаты менен жылуу сууга жууп,
чайкап, кураштыруунун алдында жакшылап
кургатып алыңыз.
•
Эт туурагычтын корпусун (6) бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кургатып
сүртүңүз.
•
Эт туурагычтын корпусун (6) тазалоо үчүн
абразивдүү жуучу каражаттарды же ар кыл
эриткичтерди колдонууга тыюу салынат.
•
Ар кыл суюктуктардын эт туурагычтын корпу-
сунун ичине куюлуусуна жол бербеңиз.
•
Кургатылган бөлүктөрүн сактоо үчүн алып
салуунун алдында панжаралары (10, 11 же
12) менен крест сыяктуу бычагын (9) өсүмдүк
май менен майлап салыңыз – ошентип алар
кычкылдануудан сак болот.
САКТОО
•
Эт туурагычты сактоого алып салуунун
алдында анын корпусу менен болгон чечилме
бөлүктөрү таза жана кургак болгонун текше-
рип алыңыз.
•
Түзмөктү балдар жана жөндөмдүүлүгү чектел-
ген адамдар колу жетпеген жерлерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Эт туурагыч – 1 даана.
Түрткүч – 1 даана.
Азыктарды салуучу идиши – 1 даана.
Панжаралары – 3 даана.
Кеббе үчүн саптамасы – 1 даана.
Сосискаларды даярдоо үчүн саптама – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
Кепилдик талону – 1 даана.