16
КЫРГЫЗ
•
Корпусту тазалоо үчүн эриткичтерди жана
абразивдүү жуучу каражаттарды колдонууга
тыюу салынат.
•
Желпименин корпусун (2), электр шнуру менен
кубаттуучу сайгычын сууга же башка ар кыл
суюктуктарга салууга тыюу салынат; желпиме
бузулуусуна же ток уруунун коркунучуна жол
бербөө үчүн желпименин корпусунун ичине
суу куюлуусунан абайлаңыз.
•
Желпименин арты жагындагы аба алуучу
тешиктеринин панжарасын (6) тазалоо үчүн
ылайыктуу насадкасы бар чаң соргучун
колдонсоңуз болот.
•
Электр шнуру эмеректердин учтуу кырларына
же учтуу заттарга тийүүгө жол бербеңиз.
•
Желпимени узак мөөнөткө сактоого алып
салуунун алдында аны тазалап, жерге
коюлуучу түпкүчүн (1) ажыратып, желпимени
таңгагына салып, балдардын колу жетпеген
кургак салкын жерге алып салыңыз.
•
Шайманды кийинки жолу иштетүүнүн
алдында аны кураштырып, электр шнурунун
изоляциясынын абалын жана желпименин
иштөө жөндөмдүүлүгүн текшериңиз.
САКТОО
•
Желпимени электр тармагынан ажыратып,
аны тазалап алыңыз.
•
Желпимени заводдук таңгагына салып,
сактоого балдардын жана жөндөмдүүлүгү
төмөн адамдардын колу жетпеген кургак
салкын жерге алып салыңыз.
•
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдардын колу жетпеген
жерлерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Желпименин корпусу – 1 даана.
Жерге коюлучу тирөөч – 1 даана.
(эки бөлүмүнөн турат)
Колдонуу нускамасы – 1 даана.
Кепилдик талону – 1 даана
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Электр азыктандыруу: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 45 Вт
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шай-
ман менен азыктандыруучу элементтер-
дин (эгерде топтомго кирсе) кызмат мөөнөтү
бүткөндөн кийин турмуш-тиричилик калдык-
тары менен бирге таштабаңыз, шайман менен
азыктандыруучу элементти андан ары утили-
зациялоо үчүн адистештирлиген пункттарга
бериңиз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда бол-
гон калдыктарды милдеттүү түрдө чогултуп,
андан соң белгиленген жолунда утилизация-
лоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө
кошумча маалымыт алуу үчүн жергиликтүү
өкмөткө, турмуш-тирчилик калдыктарды ути-
лизациялоо кызматына же бул шайманды
алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө
принциптерине таасир этпеген дизай-
нин, конструкциясын жана техникалык
мүнөздөмөлөрүн алдын ала эскертпей
өзгөртүү укугун сактайт, ошол себептен
шайман менен колдонмонун арзыбаган айыр-
малар болуу мүмкүн. Колдонуучу ушундай
келишпегендиктерди тапса, ал жөнүндө
info@ vitek.ru электрондук почтасына жазып,
шаймандын жаңырланган версиясын алса
болот.
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук маа-
лыматтар буюмду саткан сатуучудан алууга
болот. Кепилдик шарттарына ылайык талап
кылып сатылган товарга чек же дүмүрчөктү
көрсөтүү керек.
Содержание VT-1904
Страница 1: ...VT 1904 Fan Вентилятор 3 5 8 11 14 17 ...
Страница 2: ...Рис 1 Рис 2 Рис 3 Рис 4 1 2 3 5 7 8 9 6 4 ...