25
KIR
Мешти кам көрүү
1. Мешти тазалаганга чейин аны жана кубаттоо
боосун тармактык айры тешиктен сууруп
салыңыз.
7. Маал-маал айланма столду чыгарып тазалап
туруу керек. Аны жылуу самын сууга же
идиш-аяк жуучу машинада жуу керек.
2. Мештин ички үстүлөрү, эшиктин тыгыздоосу
жана тыгыздоонун тегерегиндеги үстүлөрдү
үзгүлтүксүз тазалап туруу керек. Тамактын
бөлүктөрүн, дубалдардагы суюктуктардын
чачырандыларын, эшиктин тыгыздоосун жана
тыгыздоонун тегерегиндеги үстүлөрүн ным
майлык менен сүртүңүз. Өтө булгануу
учурунда жумшак тазалоочу каражаттарды
колдонсо болот. Катуу тазалоочу же
абразивдик каражаттарды колдонууга
сунушталбайт. Мештеги камеранын оң
жагында жайгашкан магнетрондун коргоочу
пластинанын тегерегин тазалабаңыз.
ӨНӨР ЖАЙЛЫК МЕШТИ
ТАЗАЛАГЫЧТАРДЫ КОЛДОНБОҢУЗ.
8. Мештин үнсүз иштөөсүн камсыздоо үчүн
чыгырык иймекти жана мештин түбүн маал-
маал тазалоо керек. Төмөнкү бетин жумшак
жуучу каражат менен аарчып туруңуз,
мисалы, идиш-аяктын суюк самыны менен,
андан кийин кургата таза чүпүрөк менен
аарчыңыз. Чыгырык иймекти самын сууга
жууганга болот. Меш далай иштегенде анын
ичинде кир чогулушу мүмкүн, бирок бул
түбүнүн жана чыгырык иймектин
дөңгөлөктөрүнүн абалына эч кандай таасир
этпейт. Тазалаганга алынган чынырык
иймекти микро толкундуу мештин түбүнө
туура орнотулгандыгын текшериңиз.
3. Эшиктеги кароочу терезени тазалоо үчүн курч
металл кыргычтарды жана абразивдик
кыргычтарды колдонбоңуз, анткени алар
айнектин бетин чийип алышы мүмкүн, бул
анын сынышына алып келет.
9. Тазалоо үчүн буу тазалагычты колдонууга
болбойт.
10. Мештин тейлөөсү дасыккан персонал гана
өткөрүү керек. Мешти тейлөө жана ремонт
зарылдыгы болгон учурда жакын арада
жайгашкан укукталган дилерге кайрылыңыз.
4. Мештин сырткы беттерин ным кездеме менен
тазалаңыз. Мештин ички бөлүктөрүн
бузбаганга суу вентиляциялык тешиктерге
тийбеши керек.
11. Микротолкундуу мешти тазалыкта
кармаңыз: кирлер ички беттердин
бузулушуна алып келиши мүмкүн, аспаптын
жарактуулук мөөнөтүн бир далай
кыскартышы жана кооптуу жагдайдын
себеби болушу ыктымал.
5. Башкаруу панелди жумшак чүпүрөк менен
тазалаңыз. Башкаруу панельди тазалоо үчүн
концентрацияланган жуучу каражаттарды же
абразивдик материалдарды колдонбоңуз.
Кокустан мешти күйгүзүп албаганга башкаруу
панелин тазалаганда мештин эшигин ачык
калтырыңыз. Тазалоону бүткөн соң мешти
баштапкы абалга кайтаруу үчүн
«Стоп/Таштоо» баскычын басыңыз.
12. Абанын вентиляциялык тешиктери ар дайым
таза болушу керек. Мештин жогору, төмөн
же сырт жактарындагы вентиляциялык
тешиктердин чаң же башка материалдар
менен кулпулоосуна жеткирбеңиз.
Вентиляциялык тешиктердин кулпулоосу
мештин өтө ысып кетишине алып келиши
мүмкүн, бул анын иштөөсүнө тер таасир
этет жана кооптуу жагдайдын себеби
болушу мүмкүн.
6. Эгерде эшиктин ички үстүндө же сырткы
чекелеринин тегерегинде нымдуулук
конденсацияланса, аны жумшак майлык менен
аарчып салыңыз. Анын себеби мешти
жогорулатылган нымдуулукта колдонгондон
болушу мүмкүн; бул алеттин бузулган белгиси
эмес.
К
ыр
гыз
ча
Содержание NN-ST25HBZPE
Страница 2: ...NN ST25JB_MPQ_ST25JW_YPQ_HPE indb 2 2018 06 29 10 40 05 ...
Страница 30: ...NN ST25JB_MPQ_ST25JW_YPQ_HPE indb 2 2018 06 29 10 40 05 Русский ...
Страница 58: ...Українс ька ...
Страница 86: ...NN ST25JB_MPQ_ST25JW_YPQ_HPE indb 2 2018 06 29 10 40 05 Қазақша ...
Страница 114: ...NN ST25JB_MPQ_ST25JW_YPQ_HPE indb 2 2018 06 29 10 40 05 Հայերե ն ...
Страница 141: ...Микро толкундуу мешти колдонуу боюнча нускама Үйдө колдонууга Модель NN ST25HBZPE NN ST27HMZPE Кыргызча ...
Страница 142: ...NN ST25JB_MPQ_ST25JW_YPQ_HPE indb 2 2018 06 29 10 40 05 Кыргыз ча ...