38
КЫРГЫЗ
–
Электр тармагына сайылган түзмөктү кароосуз эч
качан калтырбаңыз, түзмөктү өчүрүүнү унутуп калса
ңыз, ал 60 мүнөттөн кийин автоматтык түрдө өчөт.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
• Шайманды тазалоонун алдында аны электр
тармагынан чыгарып, муздатып алыңыз.
• Шайманды сууга же башка суюктуктарга салганга
тыюу салынат.
• Иштөө пластиналары менен шаймандын корпусун
жумшак, бир аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, андан
кийин кургатып сүртүңүз.
• Корпусту тазалоо үчүн абразивдүү жуучу кара жаттарды
же эритүүчү суюктуктарды колдонууга тыюу салынат.
САКТОО
• Шайманды колдонбогон учурларда аны ар дайым
өчүрүп, электр тармагынан ажыратыңыз.
• Аспапты сактоо жерине алып салгандын алдында аны
муздатып алыңыз.
• Электр шнурун шаймандын корпусунун үстүнө эч
качан түрбөңүз, себеби бул анын бузулуусуна алып
келиши мүмкүн.
• Ыңгайлуу сактоо үчүн иштөө пластиналарын жабып,
бекитмесин (2) жылдырып салыңыз.
• Шайманды илгичинен (1) асып, шайманга суу
тамызбаган жеринде сактасаңыз болот.
• Түзмөктү балдар жана жөндөмдүүлүгү чектелген
адамдар колу жетпеген кургак, караңгылатылган,
салкын жерлерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Электр кыпчуур – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 100240 В ~ 50/60 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 90 Вт
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Түзмөктү ванна бөлмөсүндө, душ,
бассейн ж.у.с. жерлерде суунун жанында колдонбоңуз.
IM VT-2527_70x130.indd 38
10/23/20 4:01 PM