29
КЫРГЫЗ
• Шайманды аэрозолдорду чачкан же жеңил
жалындап кетүүчү суюктуктар колдонулган жерлерде
колдонбоңуз.
• Иштеп турган учурда шайманды ыссыктыктан бузула
турган беттерге, жумушак нерсеге (мисалы, керебеттин
же дивандын үстүнө) салбаңыз, анын үстүн жаппаңыз.
• Шайманды иштеткенде электр шнурун толук
узундугуна жандырууну сунуш кылабыз.
• Электр шнурун:
– ысык буюмдарга тийгизбей;
– эмеректин учтуу кырлардын үстүтнөн тартпай;
– шайманды көтөрүү үчүн тутка катары пайдаланбаңыз.
• Иштеп турган шайманды эч качан кароосуз
калтырбаңыз.
• Колдонгондон кийин же тазалагандан мурун ар дайым
шайманды электр тармагынан ажыратыңыз.
• Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан сурганда
шнурду кармап эч качан тартпаңыз, сайгычынан
кармаңыз.
• Шаймандын корпусун, электр шнурун жана сайгычын
суу колуңуз менен тийбеңиз.
• Ваннада киринген убакытта шайманды колдонбоңуз.
• Шайманды ваннага же суу толтурулган раковинага
түшө турган жерлерге салбаңыз, илбеңиз да ошол
жерлерде сактабаңыз, шаймандын корпусун, электр
шнурун жана кубаттуучу сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
• Шайман сууга түшкөн болсо, токтоосуз кубаттуучу
сайгычты розеткадан суруп, андан кийин гана
шайманды суудан чыгарсаңыз болот.
• Уйкудагы абалда болсоңуз, шаймады колдонбоңуз.
• Шайман иштеп турган учурларда аны тутка жагынан
гана кармап, иштөө бетин тийбеңиз.
• Шаймандын ысык жактары бетиңизге, моюнуңузга
жана башка денеңиздин бөлүктөрүнө тийгенден
абайлаңыз.
Этият болуңуз! Иштɵɵ бети шайманды электр
тармагынан чыгаргандан кийин бир нече убакытка
чейин ысык болуп турат.
• Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары колдонулган
полиэтилен баштыктарды кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же таңгак
пленкасы менен ойногонго балдарга уруксат бербеңиз.
Тумчуктуруунун коркунучу бар!
• Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени үчүн
аларга көз салуу зарыл.
IM VT-2522.indd 29
11/18/20 6:24 PM