28
КЫРГЫЗ
ЭЛЕКТР КЫПЧУУР VT-
2522
Электр кыпчуур кургак жана бир аз нымдуу чачты
тармалдоо үчүн колдонулат.
СЫПАТТАМА
1. Учу
2. Жылышпас бөлүктөрү бар иштөө бети
3. Тутканын бекитмеси
4. Тутка
5. Асып коюу үчүн илмекче
6. Азыктандыруунун өчүргүчү «0/I»
7. Жарык индикатору
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
– Түзмɵктү ванна бɵлмɵсүндɵ, душ, бассейн ж.у.с.
жерлерде суунун жанында колдонбоңуз.
– Шайманды ванна бɵлмɵсүндɵ колдонгондон кийин
аны токтоосуз электр тармагынан ажыратуу,
башкача айтканда электр шнурунун сайгычын
электр розеткасынан чыгаруу зарыл, себеби суунун
жакындыгы шайман ɵчүргүч менен ɵчүрүлгɵндɵ деле
коопчулукту жаратат.
– Кошумча коргонуу үчүн ванна бɵлмɵсүндɵгү электр
тармагында потенциалдуу иштеткен тогу 30 мА
ашырбаган коргоп ɵчүрүүчү аспабын орнотуу
максатка ылайыктуу; аспапты орнотуу үчүн адиске
кайрылыңыз.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурун ушул колдонмону
көңүл коюп окуп-үйрөнүңүп, маалымат катары сактап
алыңыз.
Шайманды тике дайындоо боюнча гана, ушул колдонмодо
жазылганга ылайыктуу колдонуңуз. Шайманды туура
эмес пайдалануу анын бузулуусуна, колдонуучуга же
колдонуучунун мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши
мүмкүн.
• Шайманды иштеткенден мурун шаймандын иштөөчү
чыңалуусу электр тармагынын чыңалуусуна ылайык
болгонун текшерип алыңыз.
• Суу чачты же синтетикалык париктерди тармалдатуу
үчүн шайманды колдонбоңуз.
• Чачты тармалдатып бүткөндөн кийин гана лакты
колдонуңуз.
IM VT-2522.indd 28
11/18/20 6:24 PM