31
КЫРГЫЗ
– Шайманды кутусунан чыгарсыңыз. Анын иштөөсүнө
тоскоол болуучу таңгак материалдарын алып салыңыз.
– Шаймандын бүтүндүгүн текшерип алыңыз, бузулуулар
бар болсо шайманды иштетпеңиз.
– Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө чыңалуусу
электр тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшериңиз.
КОЛДОНУУ
Оптималдуу натыйжага жетүү үчүн чачыңызды шампунь
менен жууп, кургак сүлгү менен сүртүп, фен менен
кургатып, тарап алыңыз. Андан соң чачыңызды
жасалгалаганга киришсеңиз болот.
– Бекитме баскычын (3) басып, туткасын (4) толугу
менен ачып алыңыз.
– Тутканын (4) 3 абалы бар:
– толугу ачык;
– 90°-ка ачык (сүр. 1);
– ыңгайлуу сактоо үчүн бүгүлгөн (сүр. 2).
– Чачыңызды 4-5 см туурасындагы тутамдарга бөлүңүз.
– Түзмөктү тегиз, ысыкка чыдамдуу беттин үстүнө
орнотуңуз.
– Кубаттуучу сайгычты электр розеткасына сайыңыз.
– Шайманды иштетиңиз, ал үчүн өчүргүчүн (6) «I»
абалына коюңуз, ошондо индикатор (7) күйөт.
– Иштөө бети (2) ысыганына зарыл болгон бир нече
убакт күтүңүз.
– Бош колуңуз менен чачтын бир тутамын кармаңыз.
– Чач тутамдын учун иштөө беттин (2) үстүнө салып,
тутамды иштөө беттин (2) үстүнө айландырып алыңыз.
– Бир аз күтүп, чач тутамын аспаптан чечиңиз.
– Бул процедураны калган чач тутамдарында кайталаңыз.
Эскертүү:
– биринчи жолу колдонуп баштаганда, башкача жыт чыгы-
шы мүмкүн. Бирок мындай кɵрүнүшкɵ жол берилген.
– шайманды иштетүү мезгилинде иштɵɵ бетин (2)
колуңуз менен тийбей, бир колуңуз менен учунан (1),
башка колуңуз менен туткасынан (4) кармаңыз.
– иштетүүнүн тыныгууларында түзмөктү тегиз
ысыкка чыдамдуу беттин үстүнө орнотуңуз же
илмекчесин (5) колдонуңуз.
– чачты тармалдатуудан кийин тарабай, муздаганына
убакыт бериңиз, чачыңыз табигый кɵрүнүү үчүн чоң
тутамдарын майдараак тутамдарына бɵлүңүз.
IM VT-2522.indd 31
11/18/20 6:24 PM