
32
КЫРГЫЗ
– Шайманды колдонгондон кийин өчүргүчүн (6)
«0» абалына коюп, кубаттуучу сайгычын электр
розеткасынан ажыратыңыз.
– Түзмөктү тегиз ысыкка чыдамдуу беттин үстүнө
орнотуп же илмекчени (5) колдонуп, түзмөктү толугу
менен муздатыңыз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
– Тазалоонун алдында шайманды электр тармагынан
ажыратып, толугу менен муздаганына убакыт бериңиз.
– Шайманды, электр шнурун жана кубаттуучу сайгычын
сууга же башка суюктуктарга салууга тыюу салынат.
– Шайманды тазалоо үчүн абразивдүү жана жуучу
каражаттарды же эритүүчү суюктуктарды колдонууга
тыюу салынат.
– Шаймандын корпусун жумшак, бир аз нымдуу чүпүрөк
менен сүртүп, андан соң кургатып сүртүңүз.
САКТОО
– Аспапты сактоо жерине алып салгандын алдында аны
толугу менен муздатып, тазалап алыңыз.
– Электр шнурун шаймандын корпусунун үстүнө эч
качан түрбөңүз, себеби бул анын бузулуусуна алып
келиши мүмкүн.
– Сактоо ыңгайлуулугу үчүн асуучу илмеги (5) каралган,
шайманды ага суу тийбей турган жерге ал илгич
аркылуу илип койсоңуз болот.
– Шайманды балдар жана жөндөмдүлүгү төмөн болгон
адамдардын колу жетпеген кургак салкын жерде
сактоо зарыл.
ЖЕТКИРИЛГЕН ТОПТОМУ
Электр кыпчуур – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨР
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 50 Вт
Иштөө беттин диаметри: 25 мм.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Түзмөктү ванна бөлмөсүндө, душ,
бассейн ж.у.с. жерлерде суунун жанында колдонбоңуз.
IM VT-2522.indd 32
11/18/20 6:24 PM