20
КЫРГЫЗ
БУУЛАП ҮТҮКТӨГҮЧ VT-2435
Буулап үтүктөгүч кийимдеги же интерьер буюм
-
дарындагы бырыштарды кылдат кетирүү үчүн
арналган.
Сыпаттама
1. Буу чыгуучу тешиктер
2. Буу берүүчү баскыч
3. Суу куюлуучу жерди ажыратуу баскычтары
4. Суу куюлуучу жер
5. Кыл калем саптама
6. Кыр чыгаруучу саптама
7. Иштөө индикатору
8. Күйгүзүү/өчүрүү баскычы
9. Суу куюлуучу жердин тыгынынын желекчеси
10. Суу куюлуучу тешик
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Коопсуздук максатында, электр агымынын тиз
-
мегине номиналдык ток мааниси 30 мА ашпаган
коргоп өчүрүүчү түзмөктү (УЗО) орнотуп алыңыз.
Аны орнотуу үчүн адиске кайрылыңыз.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Буюмду пайдаланардан мурун, колдонуу нуска
-
масын кунт коюп окуп чыгып, аны маалымат ба
-
ракчасы катары сактап коюңуз.
Буюмду нускамада көрсөтүлгөн максатта гана
пайдалануу керек.
Буюмду туура эмес пайдалансаңыз, ал тез бузулуп,
сизге же мүлкүңүзгө залакасы тийип калышы мүмкүн.
• Электр кубатына саярдан мурун, буулап
үтүктөгүчтүн электр чыңалуусу электр тарма
-
гынын чыңалуусуна дал келээрин текшерип
алыңыз.
• Тармактык шнур «евровилка» менен жабдыл
-
гандыктан, аны талапка ылайык жердетилген
электр розеткасына сайыңыз.
• Өрт чыгып кетпеши үчүн, буулап үтүктөгүчтү
электр
розеткасына
сайып
жатканда
өткөргүчтөрдү колдонбой эле койгонуңуз оң.
• Шайманды турак-жайдан тышкары жерде
жана жуунучу бөлмөдө колдонууга бол-
бойт.
• Буулап үтүктөгүчтү тигинен түз, кургак жерге
коюңуз. Жаткырып же чалкасынан коюу туура
эмес.
• Буулап үтүктөгүчтү жылуулук булактарынын
же ачык оттун жанында иштетүү кооптуу.
• Шайманды колдонордон мурун, тармактык
шнурун жакшылап текшерип чыгыңыз. Бу
-
зулган жерлери болбошу керек. Тармактык
шнурдун бузулган жерлери болсо шайманды
колдонбоңуз.
• Тармактык шнурду ысып турган нерселерге же
эмеректин учтуу кырларына тийгизбеңиз. Тар
-
мактык шнурдун бир дагы жери сыйрылып же
ачылып калбашы керек.
• Топтомго
кирген
саптамаларын
гана
колдонуңуз.
• Шайманды колдонордон мурун саптамалары
туура орнотулганын текшерип алыңыз.
• Шайманды суусуз иштетүүгө болбойт. Суусу
түгөнүп калса, шайманды дароо өчүрүңүз.
• Буулап үтүктөгүч иштеп жатканда тигинен ту
-
рушу керек. Оодарбаңыз.
• Суу куюлуучу жерге таза суу гана куюңуз.
Колдон келсе, турмуш-тиричилик чыпкала
-
ры менен кошумча тазалоодон өткөн сууну
пайдаланыңыз. Газдалган жана жыпар жыттуу
кошумчаларды пайдаланууга болбойт.
• Буулап үтүктөгүчтөгү суунун деңгээли «MIN»
абалынан төмөн эмес жана «MAX» абалы
-
нан жогору эмес болушу керек. Эгер суунун
деңгээли үстүңкү белгиден жогору болсо, ысык
суу буулап үтүктөгүчтөн ашып-ташып кетиши
мүмкүн. Шайманды тазалоодон, саптамасын
чечип/орнотуудан, суу куюдан же төгүүдөн му
-
рун, ошондой эле көпкө чейин колдонбой тур
-
ган болсоңуз, электр тармагынан ажыратып
коюңуз.
• Буу чыгуучу тешиктер жабылып калбашы ке
-
рек жана аларга бөтөн нерселерди салбаңыз.
• Буулап үтүктөп жатканда шаймандын корпу
-
сунун өйдө жагы катуу ысый тургандыктан,
аны буу берүүчү баскычтын деңгээлинде
кармаңыз, болбосо, күйүп калышыңыз
мүмкүн.
• Буулап үтүктөгүч колдонулуп жатканда, андан
чыккан ысык бууга күйүп калышыңыз мүмкүн,
андыктан этият болуңуз.
• Шайманды
колдонуу
нускамасында
көрсөтүлгөн максатта гана колдонуңуз. Кий
-
им-кечени адамга кийгизип туруп үтүктөбөй
жүрүңүз, себеби шаймандан чыккан буунун
температурасы аябай жогору болот. Андан
көрө, кийим илгичке илип алыңыз.
• Буулап үтүктөгүчтү адамдарга, жаныбарларга,
өсүмдүктөргө, ошондой эле эмерек, электр
шаймандары, китептер сыяктуу ысык буу
зыян келтириши мүмкүн болгон нерселерге
багыттабаңыз. Буулап үтүктөгүч менен ушун
-
дай буюмдардын ортосундагы аралык кемин
-
де 20 см болушу керек.
• Шаймандын корпусун, электр шнурун жана
сайгычын сууга же башка суюктуктарга
салбаңыз.
• Суу колуңуз менен үтүктүн электр шнурун
жана сайгычын кармабаңыз.
• Шайманды электр тармагына сайылган боюн
-
ча кароосуз калтырбаңыз.
• Буулап үтүктөгүчтү такай тазалап туруңуз.
IM VT-2435.indd 20
27.08.2018 15:58:56