18
КЫРГЫЗ
•
Желпимени өчүрүү үчүн иштөө режимдердин
которгучун (11) «0» абалына коюңуз.
•
Тармактык шнурдун айрысын (12) розеткадан
сууруңуз.
КАМ КӨРҮҮ ЖАНА ТЕЙЛӨӨ
•
Желпимени тазалоонун алдында иштөө
режимдердин которгучун (11) «0» абалына
коюп аны өчүрүңүз, тармактык боосунун (12)
айрысын электр розеткасынан суруңуз.
•
Желпимени тазалоо үчүн абразивдүү жуучу
каражаттарды жана эриткичтерди колдонууга
тыюу салынат.
•
Мотор сапсалгысынын корпусун (9) бир аз
нымдуу жумушак чүпүрөк менен сүртүп, андан
кийин кургатып сүртүңүз.
•
Лопасттарды (4) тазалоо үчүн бекитме винтти
(1) бурап чыгарып, алдынкы панжарадагы (2)
беш бекитмесин (3) ачып, алдынкы панжараны
(2) чечип, лопасттарды (4) бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүңүз. • Алдынкы панжараны
(2) арткы панжарага (7) орнотуп, бекитмелери
(3) менен бекитип алыңыз.
•
Винтти (1) гайкага бурап орнотуп, панжараларды
(2, 7) бир бирине тартып, гайканы кармап,
винтти саат жебесинин багыты боюнча бурап
бекитиңиз.
•
Желпименин панжараларын чаң соргучка
ылайыктуу саптамаларды коюуп тазаласаңыз
болот.
•
Мотор сапсалгысын (9) сууга же башка
суюктуктарга салууга тыюу салынат. Желпиме
бузулуусуна жол бербегени же ток уруунун
коркунучун жоюу үчүн мотор сапсалгысына
(8) эч кайсы суюктук куюлбаганын байкап
туруңуз.
САКТОО
•
Желпимени электр тармагынан ажыратып, аны
тазалап алыңыз.
•
Зарыл болсо, желпимени ажыратып алыңыз.
•
Алдынкы панжараны (2) чечип алыңыз, ал үчүн
бекитмелерин (3) көтөрүп, винтти (1) бурап
чыгарып, лопасттардын бекитмесин (5) саат
жебесинин багытына каршы бурап чечип,
лопасттарды (4) чечип, арткы панжаранын
(7) бекитме винттерди (6) бурап чечип, арткы
панжараны (7) чечиңиз.
•
Бекитмени (14) бурап чыгарыңыз.
•
Гайка туткасын (15) бурап чечип, болтту (13)
чыгарып, мотор сапсалгысын (9) жылдырма
штангадан (16) чечиңиз.
•
Бекитмени (22) бурап чыгарып, оордоткучту (20)
чечип, штанганы (18) жерге коюлуучу таянычтан
(19) чечиңиз.
•
Желпимени заводдук таңгагына салып, сактоого
балдардын жана жөндөмдүүлүгү төмөн
адамдардын колу жетпеген кургак салкын жерге
алып салыңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Желпименин мотор сапсалгысы - 1 даана.
Алдынкы панжара - 1 даана.
Лопасттар - 1 даана.
Арткы панжара - 1 даана.
Телескоптук штанга - 1 даана.
Жерге коюлуучу таяныч - 1 даана.
Оордоткуч - 1 даана
Шайба - 1 даана
Бекитме - 1 даана.
Колдонмо - 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ
Электр азыгы: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 50 Вт
Лопасттардын диаметри: 40 см (16”)
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман
менен азыктандыруучу элементтердин (эгерде
топтомго кирсе) кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин
турмуш-тиричилик калдыктары менен бирге
таштабаңыз, шайман менен азык тандыруучу
элементти андан ары утили зациялоо үчүн
адистештирлиген пункттарга бериңиз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон
калдыктарды милдеттүү түрдө чогултуп, андан соң
белгиленген жолунда утилизациялоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө кошумча
маалымыт алуу үчүн жергиликтүү өкмөткө, турмуш-
тирчилик калдыктарды ути ли зациялоо кызматына
же бул шайманды алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө
принциптерине таасир этпеген дизайнин,
конструк циясын жана техникалык мүнөздө-
мөлөрүн алдын ала эскертпей өзгөртүү укугун
сактайт, ошол себептен колдонмо менен
шаймандын маанилүү эмес айырмачылыктар
болуу мүмкүн. Колдонуучу ушундай келиш-
пегендиктерди тапса, ал жөнүндө [email protected]
электрондук почтасына жазып, шаймандын
жаңырланган версиясын алса болот.
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук маа лы-
маттар буюмду саткан сатуучудан алууга болот.
Кепилдик шарттарына ылайык талап кылып
сатылган товарга чек же дүмүрчөктү көрсөтүү керек.
IM VT-1938.indd 18
1/10/20 4:31 PM