33
КЫРГЫЗ
МИКСЕР VT-1430
Миксер суюктуктарды аралаштыруу, соус менен
десерттерди (чалынган каймак, пудинг, коктейль,
майонез)даярдоого, суюк жана катуу азыктарды
согуу иштетүүгө, ошондой эле камыр жуурууга
арналган.
СЫПАТТАМА
1. Камыр жууруу үчүн саптамалар
2. Чалуу/аралаштыруу үчүн венчиктер
3. Коргоо капкагы
4. Табак
5 Иштөө шарттамдарын которгуч
«М-0-1-2-3-4-5»
6. «Р» импульстук шарттамды күйгүзүү
баскычы
7. Блендер саптаманы/чоппер капкакты
орнотуу орду
8. Миксердин корпусунун бекитмесинин
баскычы
9. Миксерди орнотуу үчүн кронштейн
10. Кронштейндин (9) бекитмесинин баскычы
11. Түбү
12. Таяныч буттары
13. Блендердин табагы
13а. Бычак сапсалгысы
14. Блендер саптамасы
15. Өлчөмдүү чыны
16. Чоппер капкагы
17. Чоппердин табагы
18. Майдалаткыч бычагы
19. Миксер үчүн столго койгуч түпкүч
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Кошумча коргонуу үчүн электр тармагында
потенциалдуу иштеткен тогу 30 мА
ашырбаган коргоп өчүрүүчү аспабын (КӨА)
орнотулушу максатка ылайыктуу. КӨА
орнотуу үчүн атайын адиске кайрылыңыз.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Миксерди пайдалануудан мурун ушул
колдонмону көңүл коюп окуп чыгып, аны
маалымат катары сактап алыңыз.
Түзмөктү тике дайындоо боюнча гана, ушул
колдонмодо жазылганга ылайыктуу колдонуңуз.
Буюмду туура эмес пайдалансаңыз, ал тез
бузулуп, сизге же мүлкүңүзгө залакасы тийип
калышы мүмкүн.
•
Миксерди биринчи жолу иштеткенден
мурун түзмөктүн иштөөчү чыңалуусу электр
тармагынын чыңалуусуна ылайык болгонун
текшерип алыңыз.
•
Миксерди колдонуунун алдында электр
шнурун көңүл буруп изилдеп, бузулуулары жок
болгонун текшерип алыңыз. Бузулууларды
тапсаңыз, түзмөктү колдонбоңуз.
•
Электр шнурун ысык беттерге же эмеректин
учтуу кырларына тийгизбеңиз. Электр
шнурдун изоляциясын бузулууларына жол
бербеңиз.
•
Шайманды жылуулук же ачык от булактардын
тикеден-тике жакынчылыкта колдонбоңуз.
•
Топтомго кирген саптамаларды гана
пайдаланыңыз.
•
Миксер, блендер жана чопперди, катуу каймак
май же тоңдурулган эт, камыр сыяктуу катуу
ингредиенттерди майдалоо жана аралаштыруу
үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
•
Чалуу үчүн венчиги менен камыр жууруу үчүн
саптамасын чогу колдонууга тыюу салынат.
•
Саптамаларын
орнотуунун
алдында
тармактык шнурдун айрысы розеткага
сайылбаганын текшериңиз.
•
Миксерди
колдонуунун
алдында
саптамалары туура орнотулуп бекитилгенин
текшерип алыңыз.
•
Түзмөк иштеп турган учурунда саптамаларын
чечүүгө жана орнотууга тыюу салынат.
•
Саптамаларды тазалагандын алдында
аларды миксерден ажыратып алыңыз.
•
Миксерди электр тармагына кошуунун
алдында иштөө шарттамдардын которгучу
«0» (өчүрүлгөн) абалында болгонун текшерип
алыңыз.
•
Түзмөктү бөлмөдөн тышкары жерлерде
колдонбоңуз.
•
Камырды чалуу/жууруганга саптамлар менен
тынымсыз иштөөнүн убакыты – 5 мүнөттөн
ашпайт. Блендер саптамасы менен –
30 секунддан көп эмес.
•
Блендердин
табагын
пайдаланууда
тынымсыз иштөөнүн максималдуу узактыгы –
1 мүнөттөн ашпайт.
•
Чоппер табагында катуу азыктарды
майдалоодо
иштөөнүн
узактыгы
30 секунддан ашпоого тийиш.
•
Миксерди кайра күйгүзүү пайдаланылуучу
саптамага жараша 5-20 мүнөттөн эрте
болбойт.
•
Миксерди колдонгондон кийин аны өчүрүп,
тармактык шнурдун айрысын электр
розеткасынан чыгарыңыз.
•
Түзмөктүн корпусун, тармактык шнурун жана
тармактык шнурдун айрысын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
IM VT-1430.indd 33
13.12.2018 15:37:37