34
КЫРГЫЗ
•
Түзмөк сууга түшкөн болсо, тармактык
айрысын розеткадан суруп, андан кийин гана
түзмөктү суудан чыгарсаңыз болот.
•
Миксердин корпусун, тармактык шнурун жана
айрысын суу колуңуз менен тийбеңиз.
•
Түзмөк иштеп турган убагында анын корпусун-
дагы аба тешиктерин жаппаңыз, бул мотордун
өтө ысып кетишине алып келүү мүмкүн.
•
Электр тармагына кошулган миксерди
кароосуз калтырбаңыз. Түзмөктү тазалоонун,
саптамаларын алмаштыруунун алдында же
аны колдонбой турганда өчүрүп туруңуз.
•
Түзмөктү электр тармагынан сууруганда
аны шнурду кармап эч качан тартпаңыз,
сайгычынан кармап абайлап розеткадан
чыгарыңыз.
•
Миксерди мезгилдүү түрдө тазалап туруңуз.
•
Миксердин иштеп жаткан учурунда айлануучу
саптамаларына тийбеңиз. Чачыңыз же
кийимдин чекелери саптамалардын айлануу
зонасына түшкөнүнөн этият болуңуз.
•
Түзмөк иштеп турган убагында балдарга
шаймандын мотор сапсалгысынын корпусун,
тармактык шнуруна же тармактык шнурдун
айрысына тийүүгө уруксат бербеңиз.
•
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
•
Бул түзмөктү жаш балдар колдонууга болбойт.
•
Түзмөк иштеп турган учурунда же иштөө
циклдердин арасында аны балдардын колу
жетпеген жеринде орнотуңуз.
•
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси
жагынан жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же
нускамалоо болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылган эмес.
•
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз!
Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
уруксат бербеңиз.
Бул тумчугуунун
коркунучун жаратат!
•
Электр шнурунун, сайгычтын изоляциясынын
бузулуулары жок болгондугун мезгилдүү
текшерип туруңуз.
•
Электр шнурунда, кубаттануучу сайгычында
бузулуулар пайда болсо, аспап иштеп-
иштебей турса же кулап түшкөндөн кийин
аны колдонууга тыюу салынат.
•
Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга
жол бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү,
тейлөө кызмат же аларга окшогон дасыккан
кызматкерлер алмаштырууга тийиш.
•
Шайманды өз алдынча оңдоого тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
•
Бузулуулар пайда болбоо үчүн түзмөктү
заводдук таңгагында транспорттоо зарыл.
•
Түзмөктү балдар жана мүмкүнчүлүктөрү
чектелген адамдар жетпеген жерде
сактаңыз.
ТҮЗМӨК ҮЙ ИЧИНДЕ ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК
ШАРТТАРЫНДА
ГАНА
ПАЙДАЛАНУУГА
АРНАЛГАН. ӨНДҮРҮШ АЙМАКТАРЫНДА ЖАНА
ИШТӨӨЧҮ ЖАЙЛАРДА КОММЕРЦИЯЛЫК
МАКСАТТА КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Муздак (кыш) шартында түзмөктү
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
–
Түзмөктү таңгактан чыгарып, анын иштөөсүнө
тоскоолдук кылган ар кандай чаптамаларды
сыйрып алыңыз.
–
Түзмөктүн бүтүн болгондугун текшерип,
бузулуулар бар болсо түзмөктү колдонбоңуз.
–
Электр кубатына саярдан мурун, түзмоктүн
чыңалуусу электр тармагынын чыңалуусуна
дал келерин текшерип алыңыз.
–
Камыр жууруу үчүн саптамаларды (1),
венчиктерди (2), табакты (4), блендердин
табагын (13), блендер саптаманы (14),
өлчөмдүү чыныны (15), чоппердин табагын
(17), майдалагыч бычакты (18) нейтралдуу
жуугуч каражатты кошуп, жылуу суу менен
жууңуз жана кургатыңыз.
–
Миксердин корпусун, чоппердин табагынын
капкагын (16), түбүн (11) жана түпкүчтү (19)
жумшак, бир аз ным кездеме менен сүртүңүз,
андан кийин кургата сүртүңүз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
•
Миксерди,
чоппердин
капкагын
(16),тармактык шнурун жана тармактык
шнурдун айрысын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
IM VT-1430.indd 34
13.12.2018 15:37:37