22
КЫРГЫЗ
–
Күрөкчөнү (13) табакка (12) орнотуңуз (сүр. 3).
–
Насадкаларды (6) же венчиктерди (7) уяларга
(5) орнотуңуз. Тиштүү дөңгөлөгү бар насадканы
сол уясына сайыңыз (Сүрөт 1). Насадкалары
бекитилгенин текшерип алыңыз.
–
Баскычты (11) басып туруп, кронштейнди (8)
ылдыйлатып, баскычты (11) бошотуңуз (сүр. 4).
–
Баскычты (9) басып туруп, миксерди (4)
кронштейнге (8) орнотуп, баскычты (9)
бошотуңуз. Миксердин корпусу (4) кронштейнде
(8) бекем бекитилгенин текшерип алыңыз.
–
Керектүү ингредиенттерди табака (12)
салыңыз.
–
Азыктарды табака (12) салганда насадкалары
(6) же венчиктери (7) азыктарга тийүүсүн
камсыз кылыңыз, ошондо азыктардын жакшы
аралашуусу камсыз кылынат.
–
Кубаттануучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
–
Которгучу (2) менен насадкалардын айлануу
ылдамдыгын «1»-ден «5»-ке чейин (таблицаны
караңыз) коюп, миксерди иштетиңиз. Миксер
иштөө мезгилинде эң жогору ылдамдыгын коюу
үчүн «TURBO» (1) баскычын басып кармап
туруңуз.
–
Шайман иштеп турган кезде табагынын (12)
айлануусуна тоскоолдук кылбаңыз.
–
Шайманды иштетип бүткөндөн кийин
которгучту (2) «0» абалыа коюп, кубаттануучу
сайгычын электр розеткасынан чыгарыңыз.
–
Баскычты (9) басып туруп, миксерди (4)
кронштейнден (8) чечиңиз.
–
Бир колуңуз менен насадкаларын (6)
же венчиктерин (7) кармап, башка
колуңуз менен насадкаларын бошотуучу
«EJECT» (3) баскычын басып, насадкаларын
чыгарыңыз.
–
Баскычын (11) басып туруп, кронштейнди
(8) бир аз көтөрүп, баскычын (11) бошотуңуз
(сүр. 4).
–
Күрөкчө (13) менен табагын (12) түбүнөн (10)
чечиңиз.
Эскертүү: Сиз шайманды кол миксер катары
колдонсоңуз болот, ал үчүн насадкаларды (6)
же венчиктерди (7) орнотуп, ылайыктуу идиш
колдонуңуз.
РЕКОМЕНДАЦИЯЛАНГАН ИШТӨӨ РЕЖИМДЕРИ
Азыктын түрү
Азыктын
рекомендацияланган
көлөмү
Айлануу
ылдамдыгы
насадкалардын
Чамалуу
иштөө
мөөнөтү
Колдонулуучу насадкалары: чалуу/аралаштыруу үчүн венчиктери (5)
Жумуртка актарын чалуу
6
4 - 5
2 - 4 мин.
Каймакты чалуу
300 мл.
1 - 5
4 мин.
Камыр үчүн ингредиенттерди
аралаштыруу
400 г
1 - 5
1,5 – 2 мин.
Каймак майды чалуу
400 мл.
4 - 5
1 мин.
Май менен унду аралаштыруу (камырга
окшош консистенциясын алуу үчүн зарыл
болсо бир аз сууну кошсоңуз болот)
150 г
1-2
1
4 мин.
1 мин.
Колдонулуучу насадкалары: камыр жууруу үчүн насадкалары (6)
Ачыткы камырды жууруу
350 г
1 - 5
2 – 3 мин.
Каймак май
400 мл.
4 - 5
1 мин.
Май менен шекерди кошуу
350 г
4 - 5
1 мин.
Эскертүү: Рекомендацияланган азыктардын көлөмү, насадкалардын айлануу ылдамдыгы менен
иштөө мөөнөтү миксердин табагы (12) колдонгондо берилген.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
–
Шайманды өчүрүп, кубаттануучу сайгычын
электр розеткадан чыгарыңыз.
–
Саптамалар (6) же венчиктер(7), табак (12)
менен күрөкчөлөрүн (13, 14) нейтралдуу жуучу
каражат кошулган жылуу сууга жууп, андан соң
кургатып алыңыз.
–
Миксердин корпусу (4) менен негизин (10)
жумшак бир аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүп
алыңыз да кургатып сүртүңүз.
–
Миксердин корпусун (4), электр шнурун жана
кубаттануу сайгычын сууга же ар кыл башка
суюктуктарга салууга тыюу салынат.
IM VT-1429.indd 22
25.07.2018 12:25:24
Summary of Contents for VT-1429
Page 1: ...1 VT 1429 Mixer 3 7 11 16 20 IM VT 1429 indd 1 25 07 2018 12 25 20...
Page 2: ...1 4 5 2 3 IM VT 1429 indd 2 25 07 2018 12 25 22...
Page 12: ...12 www vitek ru 3 6 7 12 13 14 4 10 6 6 IM VT 1429 indd 12 25 07 2018 12 25 23...
Page 15: ...15 info vitek ru 3 i i i i i i i i i i i i IM VT 1429 indd 15 25 07 2018 12 25 23...
Page 23: ...23 8 1 1 1 2 2 1 1 1 220 240 50 300 900 info vitek ru 3 IM VT 1429 indd 23 25 07 2018 12 25 24...