28
КЫРГЫЗ
кире турган өлчөмүндөгү кубиктерге же узун
кесимдерине кесип алыңыз.
•
Баскычты (6) «ON/OFF» басып, түзмөктү
иштетиңиз.
•
Этти эт туурагычтын бөркүнүн (3) оозуна
түрткүчтүн (1) жардамы менен шашпай түртүп
туруңуз. Шайманды иштетүү учурунда жабдык-
тын жыйынтыгына кирген түрткүчтү (1) гана
колдонуңуз
•
Азыктарды башкача буюмдар менен түртүүгө
тыюу салынат, этти бармагыңыз менен эч
качан түртпөңүз.
•
Этти же башка азыктарды түрткөндө ашыкча
күч салбаңыз.
•
Этти туураган мезгилде ал тыгылып калышы
мүмкүн, тыгылган жерин бошотуу үчүн шнектин
тескери айлануу функциясын пайдаланыңыз.
Шнектин тескери айлануу режимин иштетүү
үчүн (6) «ON/OFF» баскычты басып, эт туу-
рагычты өчүрүп, андан кийин баскычты (7)
«REV» (реверс) кармап туруңуз.
•
Азыктарды токтоосуз иштетүү мөөнөтү
10 минутадан ашырбаганы зарыл.
•
Эт туурагыч 10 минутанын ичинде токтоосуз
иштегенинен кийин аны өчүрүп, муздаганына
15-20 минута мөөнөтүн берип, андан кийин
иштетүүнү улантсаңыз болот.
•
Эт туурагычты иштетип бүткөндө (6) «ON/
OFF» баскычын басып аны токтотуңуз, эт туу-
рагычты электр тармагынан чыгарып, андан
кийин гана ажыратып баштасаңыз болот.
ЭТТИ ИШТЕТҮҮ
•
Эт туурагычтын бөркүн (3) коюлуучу жай-
ына (4) орнотуп, бөркүн (3) саат жебесинин
багытына каршы бекитилгенине чейин бурап
салыңыз (сүр. 1, 2).
•
Шнекти (8) эт туурагычтын бөркүнүн корпусуна
(3) орнотуңуз (сүр. 3).
•
Крест сыяктуу бычакты (9) орнотуңуз (сүр. 4).
•
Панжаралардын керектүүсүн (10 же 11)
таңдап, панжарадагы чыгып турган жерле-
рин эт туурагычтын бөркүнүн корпусундагы (3)
оюктары менен дал келтирип аны бычактын
үстүнө орнотуп, гайканы (12) бекитип салыңыз
(сүр. 5, 6).
Көңүл буруңуз!
–
Бычакты кесүүчү жагын панжарага кара-
тып орнотуңуз. Бычак туура эмес орнот-
улган болсо, ал тууроо функциясын
аткарбайт.
–
Чоңураак тешиктери бар панжарасы (11)
чийки эт, жашылча-жемиш, кургатылган
мөмө-жемиштерди, быштакты, балыкты
ж.б. иштетүүгө ылайык.
–
Майда тешиктери бар панжара (10)
чийки же бышкан этти, балыкты ж.б.
иштетүүгө ылайык.
•
Этти эт туурагычтын бөркүнүн (3) оозуна азык-
тарды салуучу идишин (2) орнотуңуз.
•
(6) «ON/OFF» баскычын басып кофе кайнат-
кычты иштетиңиз.
•
Шайманды иштетүү мезгилинде түрткүчтү (1)
гана колдонуңуз (сүр. 7).
Эскертүү:
–
Этти иштетүү процессин жакшыртуу үчүн
аны кубиктерге же узун кесимдерине туу-
рап алыңыз. Тоңдурулган этти толугу менен
эритүү зарыл.
–
Шайманды иштетүү учурунда жабдык-
тын жыйынтыгына кирген түрткүчтү (1)
гана колдонуңуз; азыктарды башкача буюм-
дар менен түртүүгө тыюу салынат, этти
бармагыңыз менен эч качан түртпөңүз.
•
Эт туурагычты иштетип бүткөндө (6) «ON/
OFF» баскычты басып аны токтотуңуз, электр
тармагынан чыгарып, андан кийин гана ажыра-
тып баштасаңыз болот.
•
Эт туурагычтын бөркүн (3) чечүү үчүн бекитме
баскычын (5) басып, эт туурагычтын бөркүн (3)
саат жебесинин багыты боюнча бурап, чечип
салыңыз.
•
Эт туурагычтын бөркүн ажыратуу үчүн гай-
каны (12) бурап бошотуп, коюлган панжара-
сын (10 же 11), бычагын (9) жана шнегин (8)
чыгарыңыз.
Колбаскаларды толтуруу
–
Фаршты даярдап алыңыз.
–
Эт туурагычтын бөркүн (3) коюлуучу жайына
(4) орнотуңуз.
–
Шнекти (8) эт туурагычынын бөркүнүн кор-
пусуна (3) орнотуп, шнекке (8) крест сыяктуу
бычакты (9), панжаралардын бирин (10 же 11),
колбаскаларды толтуруу үчүн саптаманы (13)
орнотуңуз (сүр. 8), андан соң гайканы (12)
бурап бекитиңиз.
–
Азыктар салуучу идишин (2) орнотуңуз (сүр. 9).
–
Даяр фаршты азыктар салуучу идиштин (2)
ичине салыңыз.
–
Колбаскаларды даярдоо үчүн табигый сыртын
гана колдонуп, аны 10 минутага жылуу сууга
алдын ала салып пайдаланыңыз.
IM VT-3646.indd 28
4/14/20 2:01 PM