23
КЫРГЫз
нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, андан соң
кургатып сүртүңүз.
•
Мештин иштөө камерасын тазалыкта
сактаңыз. Мештин беттеринде азыктардын
калдыктары же тамчылары калса, аларды
нымдуу чүпүрөк менен тазалаңыз.
•
Иштөө камерадагы өтө кир жерлерин
жумшак жуучу каражат менен тазаласаңыз
болот.
•
Мештин ички жана тышкы беттерин тазалоо
үчүн абразивдүү жуучу каражаттарды
же сым щеткаларды колдонбоңуз. Катуу
каражаттар айнек эшикти чийет, ошол үчүн
алы сынып калуу мүмкүн.
•
Мини мештин эшигин тазалыкта сактаңыз.
Эшик менен алдынкы панель ортосунда
күкүм жана азык калдыктары топтолбогонун
байкап туруңуз.
•
Аба менен буу чыгарууга арналган
тешиктерге суу же жуучу каражат
куюлбаганын байкап туруңуз.
•
Ысытуучу элементтердин тазалыгын
сактап, кирдеп калганда нымдуу чүпүрөк
менен тазаласаңыз болот.
•
Шаймандын вентиляция тешиктерин
мезгилдүү түрдө чаң менен кирден тазалап
туруңуз, аларды тазалоо үчүн атайын
насадкасы бар чаң соргучту колдонсоңуз
болот.
•
Панжара (6), таба (4) менен туткасын (5)
нейтралдуу жуучу каражат менен жылу
сууга жууңуз.
СаКТОО
•
Шайманды сактоого алып салуунун
алдында аны тазалап алыңыз.
•
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдар жетпеген жерлерде
сактаңыз.
ТЕХНИКаЛЫК МҮНӨзДӨМӨСҮ
Номиналдуу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 1280 Вт
Камеранын көлөмү: 19 л
ЖаБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Мини меш – 1 даана.
Панжара – 1 даана.
Таба – 1 даана.
Панжара/таба үчүн туткасы – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
УТИЛИзаЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман
менен азыктандыруучу элементтердин кызмат
мөөнөтү бүткөндөн кийин аларды жөнөкөй
турмуш-тирчилик калдыктары менен чогу
ыргытпай, шайман менен азыктандыруучу
элементтерин утилизациялоо үчүн атайын
адистештирилген пункттарына тапшырыңыз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда
болгон калдыктарды милдеттүү түрдө чогултуп,
андан соң белгиленген жолунда утилизациялоо
зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө
кошумча маалымыт алуу үчүн жергиликтүү
өкмөткө, турмуш-тирчилик калдыктарды
утилизациялоо кызматына же бул шайманды
алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө
принциптерине таасир этпеген дизайнин,
конструкциясын
жана
техникалык
мүнөздөмөлөрүн алдын ала эскертпей
өзгөртүү укугун сактайт, ошол себептен
колдонмо менен шаймандын маанилүү эмес
айырмачылыктар болуу мүмкүн. Колдонуучу
ушундай келишпегендиктерди тапса, ал
жөнүндө [email protected] электрондук
почтасына жазып, шаймандын жаңырланган
версиясын алса болот.
Кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук
маалыматтар буюмду саткан сатуучудан алууга
болот. Кепилдик шарттарына ылайык талап
кылып сатылган товарга чек же дүмүрчөктү
көрсөтүү керек.
IM MW-1854.indd 23
21.03.2018 14:16:33