
29
КЫРГЫЗ
–
Чыпка кармагычты (12) чечүү үчүн тутканы
(14) сол « » жака бурап, кармагычты (12)
чечиңиз.
ЭСПРЕССО КОФЕСИН ЖАСОО
•
Буу берүү өчүрүлгөнүн текшериңиз, ал үчүн
тутканы (4) «OFF--- +» саат жебесинин багыты
боюнча «OFF» токтогонуна чейин бураңыз.
•
Чукурда (3) суусу жетиштүү болгонун текшерип
алыңыз. Зарыл болсо, MAX белгисинен
ашырбай сууну кошуңуз.
•
Кофе чыпканы (11) в кармагычына (12) салыңыз.
•
Тарттырылган кофени чыпкага (11) салып,
өлчөмдүү кашыктын (20) арты жагы менен
кофени бир аз дыгыздатып алыңыз.
•
Чыпка кармагычты (12) кофе бышыргычка
орнотуңуз. Кармагычтын (12) чыгып турган
жайлары бойлердеги оюктары « » менен дал
келиши зарыл, андан соң чыпка кармагычты
(14) оң жагына токтогонуна чейин « »
бураңыз.
•
Түпкүчтүн (8) панжарасына (9) бир же эки
чыныны коюңуз.
•
Тармактык шнурунун айрысын розеткага сайыңыз.
•
Иштетүү/өчүрүү баскычын (15) «ON/OFF»
басып, кофе кайнаткычты иштетиңиз, ошондо
баскычтын (15) жарыгы күйүп, ал эми баскычтын
(16) жарыгы үлпүлдөп турат.
•
Суу берүүнүн баскычынын (16) жарыгы туруктуу
түрдө күйгөнүн күтүңүз, кофе кайнаткыч
иштетүүгө даяр.
•
(16) баскычын басып суу берүүнү итетиңиз,
чыны даяр кофе менен толуп турганын байкап,
суу берүүнү токтотуу үчүн (16) баскычын
кайрадан басыңыз.
•
Иштетүү\өчүрүү баскычын (15) басып, кофе
кайнаткычты өчүрүңүз, башкаруу баскычтардын
(15 менен 16) жарыгы өчөт.
•
Кофе кайнаткыч муздаганын күтүп, тутканы (14)
сол жака « » бурап чыпка кармагычты (12)
чечиңиз. Калган тарттырылган кофени төгүп,
чыпканы (11) жууп алыңыз.
•
Ыңгайлуулук үчүн калган кофени төккөндө
токтоткучту (13) колдонуңуз, анын жардамы
менен чыпканы (11) кармагычтан (12) түшүүдөн
токтотсоңуз болот.
Эскертүү:
–
Колдонулган чыныларды алдын ала жылытуу
зарыл, бойлердеги суу жылып турган
убагында чыныларды аянтчага (1) коюңуз.
–
Чыпка кармагычты тез чечуу зарыл болсо,
бойлердеги кысымды төмөндөтүү зарыл,
иштетүү/өчүрүү (15) баскычты басып кофе
кайнаткычты өчүрүп, капучинатор түтүгүнүн
учунун (6) астына ылайыктуу чыныны коюп,
жөндөгүчтү (4) «OFF--- +» саат жебесинин
багытына каршы бурап буу берүүнү бир аз
ачыңыз, бойлердеги кысым түшкөндөн кийин
чыпка кармагычын (12) чечиңиз.
КАПУЧИНО КОФЕНИ ДАЯРДОО
Көңүл буруңуз! Чыгып турган ысык буудан күйүк
алуудан абайлаңыз.
•
Буу берүүнүн туткасы (4) «OFF--- +» «буу берүү
өчүрүлгөн OFF» абалында болгонун текшерип
алыңыз.
•
Көлөмү чалынган сүттүн же каймактын
көбүгүн кошуу үчүн жетиштүү болгон чыныда
«
ЭСПРЕССО КОФЕСИН ЖАСОО
» бөлүгүндө
жазылгандай кофени кайнатып алыңыз.
•
Буу берүү баскычын (17) басып, баскычтын
(17) жарыгы туруктуу түрдө күйүп турганын
күтүңүз. Капучинатор түтүкчөнүн (6) астына
суу куюуга ылайыктуу идишти коюңуз. Буу
берүү туткасын (4) «OFF--- +» айлануунун
төрттөн бирине саат жебесиин багытына
каршы акырындык менен бурап, буу түтүкчөдө
(6) калган конденсатты кетириңиз.
•
Конденсатты кетиргенден кийин тутканы (4)
«OFF--- +» саат жебесинин багыты боюнча
токтогонуна чейин «OFF» бураңыз.
Эскертүү: чыпка кармагычтан (12) же буу
соплосунан бир аз суу же буу чыгуу мүмкүн, бул
нормалдуу кубулуш.
•
Капучинатор түтүкчөнүн учун (6) муздак
сүт же каймак куюлган чыныга салып, буу
берүү жөндөгүч туткасын (4) «OFF--- +» саат
жебесинин багытына каршы айланманын
төрттөн бирине же андан көп акырындык
менен бураңыз. Түтүкчө (7) чынынын түбүн
тийбегени зарыл, же буу чыгуусу тосулуп
калат, коюу көбүк алуу үчүн бир нече секунда
зарыл болот.
Эскертүү: - сүт төгүлгөнүнө жол бербөө үчүн
учту ар дайым капучинатор түтүкчөнүн учун
(6) сүттүн бетинен 1 см тереңдигинен төмөн
салыңыз.
•
Чыгып турган буу сүт көбүгү пайда болгонун
камсыз кылган тегеренүүлөрдү жаратат, сүт
куюлган идишти көбүк пайда болгонуна чейин
мезгилдүү түрдө учуна (6) карата көтөрүп жана
ылдыйлатып турңуз.
•
Тутканы (4) «OFF--- +» саат жебесинин багыты
боюнча токтогонуна чейин «OFF» бураңыз.
•
Буу берүү баскычын (17) кайрадан басып, буу
берүүнү өчүрүңүз.