24
КЫРГЫЗ
бөлүктөрү бузулуп, швабранын туткасы жарылып
калуу мүмкүн.
Шайманды кайрадан колдонуудан мурун, тармактык
боосун толугу менен ачып алыңыз.
Тармактык шнурун үстүнкү илмеги (7) менен астынкы
илмеги (9) 180° айланат. Илмекти буруунун алдында аны
өзүңүзгө тартыңыз.
Эскертүү!
Түзмөктү
колдонууда
кароосуз
калтырбаңыз.
Сууну чукурга куюу
• Бекитменин (5) баскычын басып, суу үчүн чукурду (4)
чыгарыңыз (сүр. 2).
• Суу үчүн чукурдун капкагын саат жебесинин
багытына каршы бурап ачыңыз (сүр. 3).
• Өлчөмдүү чынысын (13) колдонуп, таза сууну суу
үчүн чукурга (4) куюңуз.
• Суу үчүн чукурду ашыра толтурбаңыз. Суунун
деңгээлин суу үчүн чукурдун «450 мл» белгиси бар
үстүнкү сызыгынан төмөн болгондой сактаңыз.
• Чукурду суу менен толтургандан кийин капкакты саат
жебесинин багыты боюнча бурап жабыңыз.
• Чукурду ордуна тырс эткенине чейин киргизиңиз.
• Швабраны пайдаланууда чукурдагы суу түгөнуп
калса, иштетүү/өчүрүү баскычын (3) басып түзмөктү
өчүрүп, тармактык боонун айрысын электр
розеткасынан чыгарып, жогоруда жазылгандай
чукурга (4) таза сууну куюңуз.
Жертаманды жууш жана дезинфекциялоо
Шарнирдин өзгөчө түзүлүшүнө байланыштуу швабра
саптамасы (1) чоң бурчка бурулуп, бурчтарды жана
эмеректин астындагы төмөн жерлерди тазалайт.
• Швабра саптамасына (1) микрофибрадан жасалган
чүпүрөктү (12) орнотуңуз (сүр. 4). Щетканы
чүпүрөктөгү жабышмактар щеткадагы планкаларына
жакшы жабышкандай кылып чүпүрөккө басыңыз.
• Тармактык боонун айрысын электр розеткасына
сайып, иштетүү/өчүрүү баскычын (3) басыңыз,
ошондо иштетүү/ысытуу индикатору (10) көк болуп
үлпүлдөп турат. Түзмөк ысып, чамалуу 35 секундадан
кийин бууну берип баштайт. Индикатор (10) өчпөй
күйүп турганда, буу швабрасы иштетүүгө даяр болот.
• Тармактык боосу тазалоо учурунда тоскоолдук
кылбоосу үчүн, аны жогорку илмекке (7) киргизип
коюңуз.
Эскертүү: Ыңгайлуу колдонуу жана сактоо үчүн
швабра тик орнотуу абалына коюлат. Ал үчүн
швабра саптамасында (1) орнотуу туюну каралган.
Швабраны тик орнотуу абалына которуу үчүн швабра
саптамасын (1) бутуңуздун учу менен жерге бир аз
басып, андан соң туткасынан (6) кармап корпусту (2)
тик абалына келтирип, тырс эткенине чейин бир аз
алды жагына басыңыз.
Статикалык коргоо
Швабраны тик абалына орнотууда жертаманды өтө
ысытылыштан жана өтө нымдатылыштан коргоо
үчүн буу берүүсү автоматтык түрдө токтотулат,
ошондо иштетүү/ысытуу индикатору (10) көк болуп
үлпүлдөп турат.
Суу үчүн чукурду (4) корпустан (2) чыгарганда насос
автоматтык түрдө буу берүүсүн токтотот, ошондо
иштетүү/ысытуу индикатору (10) көк болуп үлпүлдөп
турат.
Суусу аз болгондон коргонуу
Чукурда (4) суу түгөнгөндө чамалуу 60 секундадан
кийин насос автоматтык түрдө токтойт, ошондо
иштетүү/ысытуу индикатору (10) көк болуп үлпүлдөп
турат. Чукурду суу менен толтурганда насос кайрадан
иштеп баштайт.
Килем капталдарды тазалоо
• Килем капталдар үчүн рамканы (11) чүпүрөгү (12)
орнотулган жертаман үчүн щетканын (1) үстүнө
орнотуңуз. Ал үчүн биринчиден рамкасына (11)
швабра саптамасынын (1) алды жагын орнотуп,
андан соң анын арты жагын орнотуп, рамка ордуна
турганына чейин басып туруңуз.
• Рамка (11) швабра саптамасынын (1) килем
капталдардын үстүнөн жылуусун оңойлотуп, чүпүрөк
(12) түрүлүп көтөүлгөнүнө жол бербейт.
• Тармактык боонун айрысын электр розеткасына
сайып, иштетүү/өчүрүү баскычын (3) басыңыз,
ошондо иштетүү/ысытуу индикатору (10) көк болуп
үлпүлдөп турат. Түзмөк ысып, чамалуу 35 секундадан
кийин буу берип баштайт. Индикатор (10) өчпөй күйүп
турганда буу швабрасы иштетүүгө даяр болот.
• Тармактык боосу тазалоо учурунда тоскоолдук
кылбоосу үчүн, аны жогорку илмекке (7) киргизип
коюңуз.
КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨГҮ КЕҢЕШТЕР
• Жерди тазалоодон мурун, аны чаңдан жана
топурактын бөлүкчөлөрүнөн тазалоо үчүн шыпыруу
же соруп алуу сунушталат.
• Жерди тазалап жатканда,шайманды алдыга-артка
жылдырып, өзүңүздөн түртүп, кайра артка тартыңыз.
Жуулуп калган жерге баспай калуу үчүн артка
жылыңыз.
• Микрофибрадан жасалган чүпүрөк (12) жерди
тазалоодо суу чогултат. Бирок, полдун бетине жана
белгиленген буу интенсивдүүлүгүнө жараша, жерде
нымдуулук бир аз калышы мүмкүн. Мындай учурда
полду табигый жол менен кургатуу сунушталат.
Кургатууну желдеткичти керектүү аймакка багыттоо
аркылуу тездетүүгө болот.
• Жыйнап бүткөндөн кийин чүпүрөктү (12) швабра
саптамасынан (1) чечиңиз. Ошондо шайман
астындагы пол ным чүпүрөктөн нымдалбайт.
• Орнотулган рамкасы (11) менен швабра
саптамасынын (1) жардамы менен килем
капталдарын тазаласаңыз болот. Килемди жаңыртуу
үчүн төмөнкү нерсени жасап көрүңүз: Килемдерди
тазалоо үчүн каражатты 1:1 катнашында суу менен
аралаштырып алыңыз. Чачыраткыч менен ошол
эритмени чачырап, килемди 2 саатка калтырыңыз.
Андан соң килемди буу швабрасы менен тазалап
алыңыз. Ошол процедурадан кийин килем нымдуу
болуп, кургатууну зарыл кылат.
• Суу туруп калуу жана башкача жыт пайда болууга жол
бербөө үчүн чукурдагы (4) сууну улам алмаштыруу
кеңештелет.
• Өлкөнүн аймактарында суунун катуулу ар башка.
Сууда катуулук туздары менен башка эритилген