20
КЫРГЫЗ
БУУ ШВАБРАСЫ
MW-3400
Буу швабрасы жертаман, килем капталдарды тазалоо
жана дезинфекциялоо үчүн арналган.
СЫПАТТАМА
1.
Эргономикалык тутка
2.
Тармактык боону ороого арналган үстүнкү илмек
3.
Узарткыч түтүгү
4.
Тармактык боону ороого арналган ылдыйкы илмек
5.
Суу куюлуучу чукурдун алкымы
6.
Узарткыч түтүкчөнүн бекитмеси
7.
«
I
/
O
» азык өчүргүчү
8.
Иштөө/суу жоктугунун индикатору
9.
Суу үчүн чукур
10.
Швабра саптамасы
11.
Куйгуч
12.
Өлчөмдүү чынысы
13.
Микрофибрадан жасалган чүпүрөк
14.
Килем капталдар үчүн рамкасы
ЭСКЕРТҮҮ: Жогорку температура. Күйүк алуу-
нун коркунучу бар!
Эгер буюмда бул көрсөтүлсө, бөлүктөрү
ысык болушу мүмкүн болгондуктан ага тий-
генге болбойт.
Эскертүү: БУУ!
Күйүк алуунун коркунучу бар!
Шайман абдан жогору температурага жетет.
Шайманды туура эмес колдонгондо күйүп калууга
алып келет.
КООПСУЗДК ЧАРАЛАРЫ
Электр аспапты пайдалануудан мурун пайдалануу бо-
юнчча колдонмону көңүл коюп окуп-үйрөнүп, маалымат
катары сактап алыңыз.
Түзмөктү колдонмосунда жазылгандай тике дайындоосу
боюнча гана колдонуңуз. Шайманды туура эмес пайда-
лануу анын бузулуусуна, колдонуучуга же колдонуучу-
нун мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн. Ушул
колдонмодо кеңештелгенден айырмаланган ар кыл
бөлүктөрдү же түзмөктөрдү колдонуу же бул түзмөк ме-
нен кандайдыр операцияларды жасоо жаракат алуунун
коркунучун жаратуу мүмкүн.
• Этикеткасында жызылган түзмөктүн иштөө чыңалуусу
электр тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшерип алыңыз.
• Тармактык боонун сайгычында жердетүү контакты
бар, аны ишенимдүү жердетүү контакты бар электр
розеткасына сайыңыз.
• Шайманды тармакка туташтыруунун же колдонуунун
алдында тармактык боону толук бошотуп жазыңыз.
Шайманды ар дайым бош жазылган тармактык боо
менен колдонуңуз.
• Өрт коркунучун жоюу үчүн аспапты электр
розеткасына туташтырганда кошуучу түзүлмөлөрдү
колдонбоңуз.
• Түзмөктүн корпусун, иштөө бетин, тармактык шнурун
жана тармактык шнурдун айрысын суу колуңуз менен
тийбеңиз.
• Чукурдагы суу түгөнгөндөн кийин түзмөктү өчүрүп,
электр тармагынан ажыратыңыз.
• Тармагына кошулган шайманды эч качан кароосуз
калтырбаңыз.
• Шайманды жылуулук же ачык от булактардын
тикеден-тике жакынчылыкта колдонбоңуз.
• Жаандын таасиринен сактаңыз.
• Түзмөктү ашкана раковинанын жанында, ванна
бөлмөсүндө, бассейн же башка суу толтурулган
чукурлардын жанында колдонбоңуз.
• Шайман сууга түшкөн болсо, токтоосуз тармактык
боонун айрысын розеткадан суруп, андан кийин гана
шайманды суудан чыгарсаңыз болот. Шайманды
текшерүү жана оңдотуу үчүн автордоштурулган
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
• Шайманды аэрозолдорду чачкан же колдонгон
жерлерде жана жеңил жалындап кетүүчү
суюктуктардын жанында же ошол суктуктар сакталып
турган жерлерде колдонууга тыюу салынат.
• Чукурга уу заттарды, кычкылдарды, эриткичтерди,
спирт же кебээрди кетирүүчү заттарды, агрессивдүү
же/жана жарылуучу заттарды же атыр кошулмаларды
куйбаңыз, себеби бул швабраны бузат же аны
колдонууга коопсуз эмес кылуу мүмкүн.
• Бууну электр түзмөктөргө же электр розеткаларга
багыттабаңыз.
• Буунун агымын уулуу заттарга, кычкылдыктарга,
эриткичтерге, жуугуч каражатарга же агрессивдүү
заттарга багыттап чаң сордурбаңыз. Кооптуу
заттарды колдонуу жана аларды жоюу ошол
заттардын даярдоочуларынын нускамаларына
ылайык ишке ашырылыш керек.
• Буунун агымын уулуу заттарга, жарылуучу
күлмайдаларга же суюктуктарга, көмүрсуутектерге,
ачык отко жана ысык буюмдарга багыттап чаң
сордурбаңыз.
• Ташууда атайын тутканы колдонуңуз.
• Тармактык боосунан кармап тартпаңыз. Боону тутка
катары колдонбоңуз. Түзмөктү боосунан кармап
көтөрбөңүз. Тармактык боосун учтуу кырлардан
тартпай, ысык беттерге тийгизбеңиз.
• Буюмду жылуулуктун булактарынын, мисалы
каминдин, мештин жана духовканын жанына
жайгаштырбаңыз.
• Буюмду электр магниттик талаалардын, мисалы
индукциялык панелдердин жанына орнотпоңуз.
• Шайман колдонулбай турганда түрдүрүү илмегине
тармактык боосун кайра түрүңүз.
• Тепкичтерди тазалоодо шайманды колдонуучунун
ылдый жагында турган тепкичке жайгаштыруу керек.
• Буунун агымын адамдын же жаныбарлардын
кандайдыр бир дене бөлүгүнө багыттабаңыз.
• Швабраны тери, мом менен жылтыратылган эмерек
же жерди, синтетикалык кездемелерди, баркут же
башка назик же буудан бузула турган беттерди
тазалоо үчүн колдонбоңуз.
• Жертамандын ар кыл жабылбаган катуу беттерде
колдонбоңуз. Андан тышкары, мом менен тазаланган
же момсуз башка кээ бир капталдарда жылтыроосу
жылуулук менен буунун таасиринен кетүү мүмкүн.
Тазалоонун алдында жердин же беттин өзгөчөлөнгөн
бөлүгүн текшерүү ар дайым кеңештелет. Биз
жертамандын өндүрүүчүнүн колдонуу жана кам көрүү
жөнүндөгү колдонмосун окууну кеңештейбиз.
• Бууландыргычты тигинен түз, кургак нымдуулукка
жана жылуулукка чыдамдуу жерде орнотуңуз,
иштетип турганда жаткырып же чалкасынан койбоңуз.