45
КЫРГЫЗ
• Жерден ар кыл тармактык шнурларын, желе
уландыргычтарын жана башка чаң соргучтун
жүрүшүнө тоскоолдук кылган ушул сыяктуу буюм-
дарды алып салыңыз.
• Чаң соргуч тегиз жерде же түгү кыска болгон
(1,4 сантиметрден азыраак) килемде колдонууга
арналган. Узун түктүү килемдерди тазалоо үчүн
чаң соргучту колдонууга тыюу салынат.
• Чаң соргучтун жүрүү жолунда жерге чейин
салаңдаган дасторкон, парда жана башка буюм-
дар жок болгонун текшерип алыңыз.
• Эмерек буюмдардын астында бош жер 6 санти-
метрден кем эмес болуу зарыл, антпесе чаң сор-
гуч эмеректин астында тыгылып калат.
• Жер менен эмеректин аралыгы 6 сантиметрден
кем болсо, эмеректи көтөрүү же чаң соргуч ошол
жерлерге киргенине жол бербеген тосмону жасоо
зарыл.
• Тепкич аянтчаларды жыйнаганда, чаң соргуч
үчүн кошупча тосмону орнотуңуз.
• Эмерек буюмдарды чаң соргуч бош жүрүүсүн
камсыз кылып орнотуп, жерден башка буюмдар-
ды алып салыңыз.
• Чаң соргучту бек турбаган эмереги бар имаратта
колдонбоңуз, айрыкча анын үстүндө тез сынган
буюмдар же күйүп турган шамдар турганында.
• Чаң соргучтун корпусуна башка буюмдарды
салбаңыз да орнотпоңуз, үй жаныбарлар чаң
соргучтун корпусунун үстүндө жайгашпаганын
байкап туруңуз.
• Чаң соргучтун колдонуунун алдында анын жүрүү
жолунда ичке жерлери жок болгонун текшерип
алыңыз.
ЧАҢ СОРГУЧТУ ПАЙДАЛАНУУ
Кубаттандырууга даярдоо
0.5m
0.5m
1.5m
0.5m
0.5m
• Кубаттандыруу станцияны дубалдын жанында
тегиз жерге орнотуңуз, станциянын түбү жерге
перпендикулярдуу болуу зарыл.
• Кубаттандыруу
станциясынын
алдында
1,5 метрден кем эмес бош жер бар болуу за-
рыл, кубаттандыруу станциясынын чеке жакта-
рында 0,5 метрден кем эмес бош жер бар болуу
зарыл.
• Кубаттандыруучу станцияны көп чагылдыр-
гыч жөндөмдүүлүгү менен нерселерге жакын
орнотпоңуз, мисалы, күзгүлөрдүн жанына, каршы
учурда чаң соргучтун кубаттандыргыч станцияны
издөөсү кыйындайт.
Негизги кубаттандыруу
• Тармактык адаптердин кошуу шнурунун штеке-
рин (23) кубаттандыруу станциясындагы уясына
(22) сайыңыз. Кабаттандыруу станциясынын ин-
дикатору (19) кызыл болуп күйөт.
• Чаң соргучту кубаттандыруу станциясынын так
ортосуна орнотуңуз. Туура орнотсоңуз, кубаттан-
дыруу станциясынын индикаторунун (19) түсү кы-
зылдан көккө айланат.
Аккумулятор батареясын биринчи жолу кубат-
тандырууда 4 сааттан кем эмес кубаттандыруусу
кеңештелет.
Эскертүү: Жертаманды нымдуу тазалоо үчүн сап-
тамасында (39) суу бар болгондо чаң соргучту ку-
баттандырууга тыюу салынат.
Кубаттандыруу станциясы жок болгондо чаң соргуч-
ту азыктандыруу адаптерден түз төмөнкү сүрөттө
көрсөтүлгөндөй кубаттандырсаңыз болот. Ошол
учурда тармактык адаптеринин кошуу шнурун (23)
штекерин чаң соргучтун корпусундагы уясына (12)
сайыңыз.
Башкаруу панели
• (15) «
HOME
» «
» баскычы: автоматтык кубат-
тандыруу режимине кирүү үчүн ушул баскычты
басыңыз.
• Wi-Fi «
» индикатору: ушул индикатор Wi-Fi-га
кошулууну көрсөтөт.
– Тармакка кошулганда индикатор өчпөй күйөт.
• Иштетүү/өчүрүү «
» баскычы ушул баскычты
автоматтык жыйноону иштетүү же өчүрүү үчүн
басыңыз.
Башкаруу панелинин жарыгы (18)
Түзмөктүн абалына караганда жарыктын жарыкди-
оддук элементтери үлпүлдөп, өчпөй күрүп же айла-
нып «жугурууну» түзүү мүмкүн.
– Азыктандырууну иштетүүдө жарыктын элемент-
тери айланып «жүгүрүп», 3 айлануудан кийин
өчпөй күйүп баштайт.
– Чаң соргуч иштеп турганда жарык элементтери
өчпөй күйөт.
– Кубаттандыруу процессинде жарыктын элемент-
тери токтобой айланып «жүгүрөт»
– Тыным абалында жарык элементтери акырын
үлпүлдөп турат.
IM MW-3290.indd 45
11/26/20 3:34 PM