26
КЫРГЫЗ
•
Жыйноону бүтүргөндөн кийин чүпүрөктү (17)
швабра саптамасынан (1) чечиңиз. Ошондо шайман
астындагы пол ным чүпүрөктөн нымдалбайт.
•
Орнотулган рамкасы (16) менен жер үчүн щетка (1)
менен килем капталдарын тазаласаңыз болот. Килемди
жаңыртуу үчүн төмөнкү нерсени жасап көрүңүз:
Килемдерди тазалоо үчүн каражатты 1:1 катнашында
суу менен аралаштырып алыңыз. Чачыраткыч
менен ошол эритмени чачырап, килемди 2 саатка
калтырыңыз. Андан соң килемди буу швабрасы менен
тазалап алыңыз. Ошол процедурадан кийин килем
нымдуу болуп, кургатууну зарыл кылат.
•
Суу туруп калуу жана башкача жыт пайда болууга
жол бербөө үчүн чукурдагы (3) сууну улам
алмаштыруу кеңештелет.
•
Өлкөнүн аймактарында суунун катуулу ар башка.
Сууда катуулук туздары менен башка эритилген
минералдары бар болуу мүмкүн. Бойлердеги суу
бууланып кетип, кебээр калат.
•
Сууда туздар аз болуп, суу жумшак болсо,
кебээрдин бөлүктөрү бойлердин дубалдарынан
силкилип, буу менен чогу чыгып турат. Суудагы
туздар, анын ичинде катуулуктун туздары көп
болуп, минералдык катмары бойлердин ичинде көп
көлөмүндө топтлуп турат. Бул буу пайда болуусун
татаалдатып, түзмөктүн бузулуусуна алып келүү
мүмкүн. Кебээрдин бөлүктөрү клапандар менен
патрубокторду кирдетүү мүмкүн. Ошол үчүн
кебээрдин пайда болуусун жана туздар топтолгонун
төмөндөтүү үчүн деминералдаштырылган же
буусууну колдонуу кеңештелет.
•
Жөнөкөй чөөгүн чыпкалар суудагы минерадлар
менен туздарды кетирбейт. Аны атайын
деминералдаштыруучу чыпкалар кылат.
•
Бөтөлкөгө куюштурулган ичилчү сууну колдонуунун
алдында анын жалпы минерализациясын
билиңиз (энбелгисинде көрсөтүлөт) жана аны
суу өткөрмө түтүгүндөгү суунун көрсөткүчтөрү
менен салыштырыңыз (аларды суу менен жабдуу
уюмунун сайтынан же интернеттен издеп табууга
болот). Адатта, бөтөлкөгө куюштурулган суунун
минерализациясы 100-400 мг/л түзөт. Крандагы
суунун минерализациясы алдан канча азыраак
болушу мүмкүн, ошондуктан бөтөлкөгө куюштурулган
суу кебээрдин пайда болуусун жогорулатуусу
ыктымал.
Көңүл буруңуз! Бойлердеги кебээр менен туздарды
тейлөө борборунда кетирсе гана болот, ушул
процедурасы кепилдик тейлөөнүн шарттарына
ылайык болбой, акылуу түрүндө жазалат.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
•
Шайманды өчүрүп, электр тармагынан ажыратыңыз.
•
Чукурдан (3) калган суусун төгүңүз.
•
Буу швабранын корпусун нымдуу чүпүрөк менен
сүртүп алыңыз.
•
Чүпүрөктү (17) швабра саптамасынан (1) алуунун
алдында ал муздаганына чейин бир аз күтүңүз.
•
Микрофибрадан жасалган чүпүрөктү кир жуучу
машинеде назик режиминде 60°C жогору эмес
температурасында жуусаңыз болот.
•
Чүпүрөк кирди жакшы сиңүү үчүн агарткыч,
чайкоо үчүн каражат менен кондиционерди эч
качан колдонбоңуз. Чүпүрөктү кургатуу аспапта
кургатсаңыз болот.
•
Колго жууганда жумшак жуучу каражатты колдонуп,
аны горизонталдуу абалында кургатыңыз.
Суу чукурун толтуруу
•
Суу үчүн чукурун мезгил-мезгили менен жууп
туруңуз. Чукурда суу туруп калганына жол бербеңиз.
•
Суу үчүн чукурунда топтолгон кебээрди тазалоо үчүн
толтурулган чукурга ак сиркенин бир-эки кашыгын
кошуп, чукурдун капкагын жабып, аны силкип, андан
соң сууну төгүп, чукурду таза суу менен чайкап
алыңыз.
БУУ ЧЫГУУЧУ ТЕШИГИН ТАЗАЛОО
•
Түзмөк
электр
тармагынан
ажыратылып,
муздаганына ынаныңыз. Швабра саптаманы чечиңиз
(1). Корпусту щеткадан чечуу үчүн щетканы бутуңуз
менен жерге бир аз басып, бекитме баскычын
(2) басып, корпусту өйдө тартыңыз. Ылайыктуу
диаметри бар ийнени ары-бери жана тегерегинен
жылдырып, корпустагы (7) буу чыгуу тешигин
тазалап алыңыз (сүр. 7).
Көңүл буруңуз! Кебээрди ар тазалоодон кийин
системада кебээр менен кир калбаганын текшерүү
үчүн ылайыктуу өзгөчөлөнгөн жерди тазалап көрүңүз.
КЕБЕРДИН ЧЫПКАСЫН АЛМАШТЫРУУ
Шайманда кебээр катмарын токтото турган жана
өнүмдүн иштөө мөөнөтүн узарта турган атайын
чайырлары менен чыпкасы (5) бар.
Чыпканы ар 100-200 колдонуудан кийин (колдонулган
суунун катуулугуна карата) же чыпка жашыл болуп
калганда алмаштыруу кеңештелет.
•
Шайманды электр тармагынан чыгарыңыз.
•
Суу үчүн чукурун (3) түзмөктүн корпусунан (7)
чечиңиз, ал үчүн бекитмелерин (4) басып, аны
сыртка чыгарыңыз (сүр. 2).
•
Чыпканы (5) чыгаруу үчүн бекитмелерин (6) кысып,
аны чыгарып алыңыз.
•
Жаңы чыпканы киргизип, акырын басып, анын толугу
менен отургандыгын текшериңиз, андан кийин суу
чукурун орнотуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ: Колдонуу учурунда чыпка карарып, күрөң
же дат басышы мүмкүн, бул кадимки нерсе жана бузук
болуп саналбайт.
САКТОО
Эскертүү: Швабраны колдонуудан кийин суу үчүн
чукурду азыктандыруусун өчүргөндүн алдында
чыгарып, түзмөк буу жаратпай калганына чейин бир
аз иштетиңиз.
•
Шайманды өчүрүп, электр тармагынан ажыратыңыз.
•
«Тазалоо жана кам көрүү» бөлүмүнүн талаптарын
аткарыңыз.
•
Тармактык боосун атайын түрүү үчүн илмектерге (12,
13) түрүп алыңыз.
•
Швабраны тикесинен коюңуз.
Эскертүү: Швабраны ыңгайлуу сактоо үчүн тик
орнотуу абалы каралган. Швабраны тик орнотуу
абалына которуу үчүн швабра саптамасын (1)
бутуңуздун учу менен бир аз жерге басып, андан соң
туткасынан (10) кармап корпусту (7) тик абалына
которуп, бир аз алдыга тырс эткенине чейин
жылдырыңыз.
•
уу швабраны балдардын колу жетпеген кургак
караңгы салкын жеринде сактаңыз.
Summary of Contents for CF-3100
Page 1: ...INSTRUC IUNE DE EXPLOATARE 4 8 13 18 23 28 www coolfort ru CF 3100 STEAM MOP...
Page 2: ...11 12 13 15 16 16 17 18 5 3 6 4 14 17 7 8 9 10 1 3 6 2 STEAM...
Page 3: ...1 2 3 4 5 7 6...
Page 8: ...8 CF 3100 1 2 3 4 5 6 7 8 9 STEAM 10 11 12 13 14 15 I 0 16 17 18...
Page 9: ...9 www coolfort ru 100 10 7 1...
Page 11: ...11 17 17 1 1 16 1 1 2 3 100 400 3 17 1 60 C 1 2 7 7 5 100 200 3 7 4 2 5 6...
Page 13: ...13 CF 3100 1 2 3 4 5 6 7 8 9 STEAM 10 11 12 13 14 15 I 0 16 17 18...
Page 14: ...14 www coolfort ru 100 10 7 1 10 14 7 7 1 2 1 7 1...
Page 16: ...16 17 17 1 16 1 1 1 2 3 100 400 3 17 1 60 C 1 2 7 7 5 100 200 3 7 4 2 5 6...
Page 18: ...18 CF 3100 1 2 3 4 5 6 7 8 9 STEAM 10 11 12 13 14 15 I 0 16 17 18...
Page 19: ...19 www coolfort ru 100 10 7 1 10 14 7 7 1 2 1 7 1 2 5 7 6 2 5 6...
Page 21: ...21 17 1 1 16 1 1 2 3 100 400 3 17 1 60 C 1 2 7 7 5 100 200 3 7 4 2 5 6 12 13 1 10 7...
Page 23: ...23 CF 3100 1 2 3 4 5 6 7 8 9 STEAM 10 11 12 13 14 15 I 0 16 17 18...
Page 24: ...24 www coolfort ru 100 10 7 1 10 14 7 7 1 2 1 7 1...
Page 26: ...26 17 1 16 1 1 1 2 3 100 400 3 17 1 60 C 1 2 7 7 5 100 200 3 7 4 2 5 6 12 13 1 10 7...
Page 27: ...27 www coolfort ru 1 1 1 1 1 1 220 240 50 60 1300 1500 300 30 18 23 info coolfort ru 3...