29
КЫРГЫЗ
•
Шайманды кутудан чыгарып, шаймандын иштегенине
тоскоолдук кылган ар кандай чаптамаларды сыйрып
алыңыз.
•
Электр шнурун толук узундугуна жандырып алыңыз.
•
Термо-щёткаларынын бирин (1 же 7) орнотуп алыңыз.
Ал үчүн термо-щётканы (1 же 7) фен-щётканын
корпусуна (5) сайып, бекитмесин (2) сааттын жебеси
боюнча токтогонуна чейин буруңуз.
•
Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө чыңалуусу
электр тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшериңиз.
•
Иштөө режимдердин которгучу (4) «0»
абалында
турганын текшерип алыңыз.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына сайыңыз.
•
Которгучтун (4) жардамы менен аба агымынын керектүү
параметрлерин таңдаңыз:
«0»
– фен өчүрүлгөн;
«
С
» – «муздак абаны» берүү;
«1»
– төмөгндөгөн ылдамдык жана төмөндөгөн жылуулук;
«2»
– жогору ылдамдык жана жогору жылуулук.
•
Термо-щётканын (1 же 7) айлануу багытын (3)
баскычтары менен которсоңуз болот. Шайман иштеп
турган учурунда баскычты (3) басып туруңуз, щётка (1
же 7) керектүү багытына айланып турат.
Эскертүү:
биринчи колдонгондо, ысытуучу элементтен
башкача жыт жана бир аз түтүн чыгышы мүмкүн, бул
табигый көрүнүш
.
•
Фен-щётканы колдонгонуп бүткөндөн кийин которгучту
(4) «0» абалына коюп, шайманды өчүрүңүз да электр
шнурунун сайгычын электр розеткасынан чыгарыңыз.
•
Термо-щетка муздаганын күтүңүз.
•
Термо-щёткасын (1 же 7) чечип алыңыз, ал үчүн
бекитмесин (2) саат жебесинин багытына каршы
токтогонуна чейин бураңыз.
ТЕРМО-ЩЁТКАНЫ КОЛДОНУУ
Оптималдуу натыйжасы үчүн (кургатуу жана жасалоонун
алдында) чачты шампунь менен жууп, ашыкча сууну
кетирүү үчүн сүлгү менен кургатып, тарап алыңыз.
•
Термо-щётканы (1 же 7) орнотуп, бекитмесин (2)
сааттын жебеси боюнча токтогонуна чейин бураңуз.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына сайыңыз,
фен-щётканы иштетип, которгучтун (4) жардамы менен
керектүү ысытуу жана аба агымынын кубатынын
параметрлерин таңдаңыз.
•
Чачты тутамдарга бөлүңүз.
IM VT-8239_70x130.indd 29
31.07.2017 14:29:59