
38
КЫРГЫЗ
• Басым алкакты орнотуңуз, алкак бекитмесин сааттын
жебеси боюнча бекигенге чейин буруңуз.
• Чечилме бөлүктү (3) кайра кыруучу блоктун корпусуна
(4) салыңыз жана кыруучу блокту жабыңыз.
• Кыруучу блокту электр устаранын (5) корпусуна
орнотуңуз.
• Кыруучу башчаларды (2) коргоочу капкакча (1) менен
жабыңыз.
Кыруучу башчаларды майлоо
Устрага оптималдуу кам көрүү үчүн, ар бир кыруучу
башчасына маал-маалы менен бир тамчы машина майын
кошуу керек, устара жана машиналардын каалаган майы
ылайык келет. Устаранын майы кыруучу башчалардын
торчолорунун сырткы бетине сүйкөлөт, сөөмөй менен
бир аз сүртүлөт. Устараны кыска мөөнөткө иштетиңиз,
майга торчолордун жана айланма миздердин асты
жагын майлоого мүмкүндүк берүү зарыл. Процедура бир
мүнөттөн аз убакытты алат. Май керектигине жараша
колдонулат, мисалы үчүн сиз устараны жылуу суунун
астында тез-тез жууп турсаңыз, аны тез-тез, дээрлик ар
бир чайкоодон кийин майлоо зарыл.
Башкача үн чыгып калганда, кыруучу башчаларынын
ар бир бетине бир тамчы майды тамызып туруңуз.
Устараны иштетип, ар торчонун тышкы жагына бир
тамчы майды тамызыңыз. Башкача үн жок болгонун
текшерип, устараны өчүрүңүз. Ашкан майды сүлгү менен
сүртүп алыңыз.
Көңүл буруңуз! Устара жана машина үчүн майларды
гана пайдаланыңыз. Өсүмдүк майын, малдын майын, май
менен эриткичтердин аралашмасын КОЛДОНБОҢУЗ.
Эриткичтери бууланып жок болуп, калган коюу май
миздердин айлануу ылдамдыгын азайтуу мүмкүн.
САКТОО
• Устаны сактоодон мурун, аны «Тазалоо жана кам
көрүү» бөлүмүнө ылайык тазалап, майлаңыз.
• Устаранын корпусун жумшак бир аз ным кездеме
менен сүртүңүз, андан кийин кургак кылып сүртүңүз.
• Тазалоо үчүн металл кылкалемдерди жана чарыктоочу
жуугуч каражаттар, ошондой эле эриткичтерди
пайдаланууга тыюу салынат.
• Кыруучу башчаларды (2) коргоочу капкакча (1) менен
жабыңыз.
• Устараны кургак салкын, балдар жетпеген жерде
сактаңыз.
Содержание VT-2365
Страница 1: ...Электрическая бритва VT 8262 Men shaver 4 10 18 25 33 41 VT 2365 ...
Страница 2: ...9 7 8 Рис 1 6 5 4 3 2 1 10 11 12 ...
Страница 3: ...Рис 2 Рис 3 Рис 4 Рис 5 Рис 6 ...