
30
КЫРГЫЗ
•
Буу берүүнүн жөндөгүч туткасын (3) акырын
саат жебесинин багытына каршы бураңыз,
буу капучинатор түтүкчөнүн (4) учунан (5)
чыгып баштайт, чыгып турган буу менен
иштегенде этият болуңуз, 10-15 секундадан
кийин жөндөгүч туткасын (3) «
•
» абалына
коюуңуз.
•
(9) « » баскычын басып кофе кайнаткычты
өчүрүңүз.
•
Түпкүчтү (6) чечип, түпкүчтөгү сууну
төгүп, аны ордуна орнотуңуз, панжараны
орнотуңуз.
•
Кофе кайнаткыч кофе кайнатууга даяр.
ЭСПРЕССО КОФЕНИ ЖАСОО
•
Идишин (2) чечип, аны «МАХ» белгисине
чейин суу менен толтуруп, ордуна орнотуңуз.
Идиштеги (2) суу «MIN» белгисинен төмөн
болбогонун байкап туруңуз, идишке (2)
сууну мезгилдүү түрдө куюп туруңуз.
•
Тарттырылган кофени чыпкага (15 же 16)
салып, өлчөмдүү кашыгын пайдаланыңыз
(17), өлчөмдүү кашыктын (17) арды
жагы менен кофени бир аз дыгыздатып
алыңыз.
•
Чыпка кармагычын (7) ордуна орнотуңуз.
Чыпка кармагычтагы (7) чыгып турган
жерлери бойлердеги оюктары менен дал
келүү мүмкүн, андан соң чыпка кармагычтын
(7) туткасын «LOCK» токтогон жайына чейин
оң жака бураңыз.
•
Чыныны түпкүчтүн панжарасына (6) коюңуз.
•
Электр шнурунун сайгычын электр
розеткасына сайыңыз.
•
(9) « » баскычты басып, кофе кайнаткычты
иштетиңиз, ошондо жарык индикатору күйүп,
үлпүлдөп турат. Бойлердеги суу кайнаганын
күтүңүз, жарык индикатор туруктуу түрдө
күйөт.
–
Бир порция эспрессо кофени жасоо үчүн
кичи чыпкасын (13) колдонуңуз.
–
Эспрессо кофенин эки кат порциясын жасоо
үчүн чоң чыпкасын (12) колдонуңуз.
–
Суу берүүнү иштетүү үчүн (11) « »
баскычын басыңыз, чыны даяр кофе менен
толуп турганын байкап, суу берүүнү токтотуу
үчүн (11) баскычын кайрадан басыңыз.
Эскертүү:
–
эспрессо кофени даярдоо убагында
даярдоону токтотуу зарылдыгы бар
болсо, (11) баскычты кайрадан басыңыз;
–
2-3 минут интервалдары менен кофени
кайрадан бышырсаңыз болот;
–
түпкүч (6) толуп турганын байкап,
мезгилдүү түрдө суусун төгүп, түпкүчтү
(6) жууп туруңуз.
•
(9) « » баскычын басып, кофе кайнаткычты
өчүрүңүз.
•
Кофе кайнаткыч муздаганын күтүп, чыпка
кармагычынын туткасын (7) сол жагына
токтогонуна чейин бурап, чыпка кармагычын
(7) чечиңиз. Калган тарттырылган кофени
төгүп, чыпканы (12 же 13) жууп алыңыз.
Ыңгайлуулук үчүн калган кофени төккөндө
токтоткучту (8) колдонуңуз, анын жардамы
менен чыпкаларды (12 же 13) кармагычтан
(7) түшүүдөн токтотсоңуз болот.
КАПУЧИНО КОФЕНИ ДАЯРДОО
Көңүл буруңуз! Капучинатор түтүкчө (4)
менен чечилме учунан (5) чыккан буудан
күйүк алуудан абайлаңыз.
•
Көлөмү чалынган көбүктү кошуу үчүн
жетиштүү болгон жылыган чыныда
«ЭСПРЕССО КОФЕНИ ЖАСОО» бөлүгүндө
жазылгандай кофени кайнатып алыңыз.
Эскертүү:
–
керектүү кофенин көлөмүн сүт көбүктү
жасагандан мурун кайнатууну сунуш
кылабыз, себеби буу берүү режиминде
бойлердеги суу кофе даярдаган үчүн зарыл
болгон температурадан өтө көп ысыйт,
ошол себептен даяр суусундук такыр
башка даам алуу мүмкүн;
–
сүт көбүгүн жасагандан кийин 5 -10 минута
өткөндө гана кайрадан эспрессо кофени
бышыруу рекомендацияланат.
–
суу температурасы төмөндөө күтүү
мөөнөтүн кыскартсаңыз болот, ал
үчүн чыпка кармагычтын (7) астына
чыныны коюп (кофе үчүн чыпкасын (12
же 13) тарттырылган кофе менен
толтурбаңыз) (11) « » баскычын басып
сунуун кол берүүсүн иштетсеңиз болот,
чыны толгондон кийин суу берүүнү
токтотуу үчүн (11) баскычын кайрадан
басыңыз.
•
(10) «
» буу берүүнү иштетүү баскычын
басып, баскычтын жарыгы үлпүлдөбөй
туруктуу күйгөнүнө чейин күтүңүз.
•
Учтун (5) астына ылайыктуу чыныны коюп,
буу берүү жөндөгүчүн (3) акырын бурап,
капучинатор түтүкчөдө (4) калган суу менен
конденсатты төгүңүз, чыгып турган буу
бирдей болуп, суу кошулбаганын текшерип
алыңыз.
IM VT-1523.indd 30
21.12.2017 17:06:04