46
КЫРГЫЗ
ЧАЧТАРАМДЫ ЖАСОО ЖӨНҮНДӨГҮ КОЛДОНМО
Чач кыркуу аспапты ар колдонуунун алдында миз дерди (1)
милдеттүү түрдө чач, чаң же ар кыл башкача нерселерден
тазалап, миздерин (1) майлап, алардын туура орнотулганын
текшерип алыңыз.
• Кыркып жаткан убакта чач таза жана кургак болуусу зарыл.
• Азык блогунун (14) тармактык шнурун толук узундугуна
жандырып алыңыз.
• Тармактык шнурдун айрысын электр розеткасына
сайыңыз.
• Кыркуудан мурда өчүргүчтү (4) жогорку абалга которуп,
аспапты иштетиңиз, аспаптын кубатынын пайыздык
маанилери менен корпустун LED-дисплейи (13) жанат.
Жогорку мааниси - % кубаты, төмөнкү % калдык кубаты.
Аспап талапка ылайык иштеп, миздердин (1) жылышы
жылма болушу керек. Миздеринде (1) майлагыч майы
көп болсо, өчүргүчтү (4) төмөнкү абалга которуп
аспапты токтотуңуз да кургак чүпүрөк менен ашкан
майды алып салыңыз.
• Тармактык шнурунун абалын байкап туруңуз, ал көп
жолу буралышына жол бербей, мезгил-мезгили менен
аспапты өчүрүп, тармактык шнурун түздөтүп туруңуз.
• Адамды башы сиздин көзүгүздүн деңгээлинде
болгондой отургузуп, ийиндерин сүлгү менен жабып,
чачын тарак менен тарап алыңыз.
Эскертүү
–
Алгач, азыраак көлөмдөгү чачты кыркып алыңыз, –
зарыл болсо, кыркылган жерине кайрадан кыркуу үчүн
кайтсаңыз болот.
–
Суу чачка караганда кургак чачты кырксаңыз эң
жакшы натыйжа аласыз.
–
Тегиз эмес кыркылган чачты табуу үчүн аны тарак
менен тарап туруңуз.
–
Биринчи жолу кыркканда, чачты узунураак кыркуу
ыңгайлуу болот.
–
Аспапты иштетип уйрөнүүдөн улам сиз керектүү
чачтарамдарды өз алдынча жасасаңыз болот.
Тарак саптамалары
Чачтын узундугу колдонулган саптамасына байланыштуу:
–
тарак саптамасы (5): чачтын узундугу 4-6 мм;
–
тарак саптамасы (6): чачтын узундугу 7-9 мм;
–
тарак саптамасы (7): чачтын узундугу 10-12 мм;
–
тарак саптамасы (8): чачтын узундугу 16-18 мм;
–
тарак саптамасы (9): чачтын узундугу 22-24 мм;
–
тарак саптамасы (10): чачтын узундугу 28-30 мм.