36
КЫРГЫЗ
• Чачыңыз боёлгон же химикалык түрдө тармалдаткан
болсо, шайманды кезек-кезек колдонуу кеңешилет.
• Эң жакшы натыйжа үчүн чач таза жана кургак
болуу зарыл.
• Бекитмени (4) жылдырып, чач түзөткүчтү ачыңыз.
• Шайманды тегиз, туруктуу, ысыкка чыдамдуу
беттин үстүнө коюңуз.
• Кубаттуучу сайгычын розеткага сайыңыз,
шайманды иштетиңиз, ал үчүн өчүргүчтү (3)
саат жебесинин багыты боюнча бурап, керектүү
температурасын коюңуз, ошондо иштөө индикатору
үлпүлдөп күйүп баштайт (2).
Эскертүү:
Биринчи колдонгондо, ысытуучу элементтен
башкача жыт чыгышы мүмкүн, бул табигый көрүнүш.
Чачтын түрү
Температура
Бузулган, боёлгон, түсү
өчүрүлгөн, жука
+100°С-тан +160°С чейин
Нормалдуу
+160°С-тан +180°С чейин
Профессионалдык
жасалоо үчүн
+180°С-тан +220°С чейин
• Шайман коюлган температурага чейин ысганга
убакыт бериңиз, индикатор (2) туруктуу түрдө күйүп
турат.
• Тегиз таралган чачты туурасы бирдей (5 см жакын)
тутамдарга бөлүңүз.
• Чачтын бир тутамын пластиналардын (1) арасына
салыңыз.
• Шайманды туткасынан (5) кармап, пластиналарды
(1) жабыңыз.
• Көп күчтү салбай, иштөөчү пластиналарды (1) чач
тутамдын учуна чейин өткөзүңүз.
МААНИЛҮҮ:
пластиналарды чачтын бир жеринде эки
секундадан көп убакытка эч качан кармабаңыз.
• Андан кийин кийинки тутамын түздөтүүгө өтүңүз.
• Чачты акыркы жасалоо же лак себүүнүн алдында
чачты муздатыңыз.
• Шаймандын ысык жактары бетиңизге, моюнуңузга
жана башка денеңиздин бөлүктөрүнө тийгенден
абайлаңыз.
IM VT-8417_70x130.indd 36
15.05.2018 11:52:17