
24
КЫРГЫЗ
•
Сууну же башка суюктуктарды, күйүп же
түтөп турган тамекилерди, күкүрттөрдү, араң
кызарып жаткан күлдү жана штукатурка,
бетон, ун же күл аркылуу заттардын майда
дисперстик чаңын жыйноого тыюу салынат.
•
Эгерде:
–
чаң топтогуч орнотулбаган же туура эмес
орнотулган болсо;
–
аба кирүүчү же чыгуучу чыпкалары
орнотулбаган болсо чаң соргучту
колдонбоңуз.
•
Чаң соргучтун корпусун сууга же ар кыл башка
суюктуктарга салбаңыз.
•
Жыйынтыгына кирүүчү акессуарларын жана
насадкаларын гана колдонуңуз.
•
Чаң соргучту мезгилдүү түрдө тазалап туруңуз.
•
Чаң соргучту кургак, салкын жеринде сактаңыз.
•
Үй жаныбарларды тазалоо үчүн чаң соргучту
колдонбоңуз.
•
Иштеп турган шаймандын жанында балдар
же жөндөмдүүлүгү төмөн болгон адамдар бар
болгондо өзгөчө көңүл буруп туруңуз.
•
Бул шайман балдар колдонуу үчүн арналган
эмес. Шайман иштеп турганда жана тыныгуу
убактарында шайманды балдар жетпеген
жерине коюңуз.
•
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-
эси жагынан жөндөмдүүлүгү төмөн (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптууу адам аларды көзөмөлдөп же
инструкциялаган болбосо, колдонуу үчүн
ылайыкташтырылбаган.
•
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
•
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган
полиэтилен
баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуздар! Полиэтилен баштыктар
же таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
уруксат бербеңиз.
Тумчуктуруунун коркунучу
бар!
•
Электр шнурун жана кубаттуучу розеткасынын
абалын бузулуулар болбоо үчүн мезгилдүү
түрдө текшерип туруңуз.
•
Электр шнурунун, кубаттуучу сайгычынын
бузулуулары бар болсо, шайман иштеп-
иштебей турса же кулап түшкөндөн кийин
анын иштетүүсүнө тыюу салынат.
•
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
•
Шайманды заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
•
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар жетпеген жеринде сактаңыз.
АСПАП
ТУРАК
ЖАЙЛАРДА
ТУРМУШ-
ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА ГАНА АРНАЛГАН,
КОММЕРЦИЯЛЫК КОЛДОНУУГА, ӨНӨР ЖАЙ
ЗОНАЛАРЫНДА ЖЕ ЖУМУШ ИМАРАТТАРДА
КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ.
ЧАҢ СОРГУЧТУ КУРАШТЫРУУ
Электр шайманы төмөнкү температурада
ташылып же сакталган болсо, бөлмөнүн
температурасында кеминде үч саат кармап
туруп, анан иштетүү керек.
–
Шайманды таңгактан чыгарып, шаймандын
иштөөсүнө тоскоолдук кылган ар кандай
чаптамаларды сыйрып алыңыз.
–
Шаймандын бүтүн болгондугун текшерип,
бузулуулар
бар
болсо
шайманды
колдонбоңуз.
–
Иштетүүнүн алдында түзмөктүн иштөө
чыңалуусу электр тармагындагы чыңалуусуна
ылайык болгонун текшериңиз.
Эскертүү: - Саптаманы алмаштыруунун же чаң
топтогучту чыгаруунун алдында чаң соргучту
өчүрүп, кубаттуучу сайгычын розеткасынан
суруңуз.
Ийилчээк түтүкчөнү орнотуу жана чечүү
•
Ийилчээк түтүкчөнүн сайгычын (8) аба алуу
тешигине (9) сайыңыз (сүрөт 1).
•
Ийилчээк түтүкчөнү бир аз күч салып,
бекитилгенине чейин сайыңыз.
•
Ийилчээк түтүкчөнү чечүү зарылдыгы болсо,
бекитмелерин басып, ийилчээк түтүкчөнү
чечиңиз.
Телескоптук түтүгүн жана саптамаларын
орнотуу
•
Узарткыч телескоптук түтүгүн (4) ийилчээк
түтүкчөнүн туткасына (6) туташтырыңыз
(сүрөт 2).
IM VT-8129.indd 24
08.10.2018 16:23:02