
30
КЫРГЫЗ
ЭЛЕКТР КЫСКАЧ VT-
2502
Шайман «гофре» түрүндө чачты жасалоо үчүн арналган.
СЫПАТТАМА
1.
Иштөө пластиналары
2.
Иштетүүнүн жарык индикатору менен бириктирилген
иштетүү/өчүрүү баскычы
3.
Асып коюу үчүн илмекче
4.
Пластиналардын бекитмеси
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Түзмөктү ванна бөлмөсүндө, душ, бассейн ж.у.с.
жерлерде суунун жанында колдонбоңуз.
• Шайманды ванна бөлмөсүндө колдонгондон кийин
аны токтоосуз электр тармагынан ажыратуу,
башкача айтканда электр шнурунун сайгычын
электр розеткасынан чыгаруу зарыл, себеби суунун
жакындыгы шайман өчүргүч менен өчүрүлгөндө деле
коопчулукту жаратат.
• Кошумча коргонуу үчүн ванна бөлмөсүндөгү электр
тармагында потенциалдуу иштеткен тогу 30 мА
ашырбаган коргоп өчүрүүчү аспабын (устройство
защитного отключения - УЗО) орнотулушу максатка
ылайыктуу, аспапты орнотулуш үчүн адиске
кайрылыңыз.
• Түзмөктү туруктуу, тегиз, ысыкка чыдамдуу бетке
жайгаштырыңыз. Иштөө пластиналары жана тышкы
иштөө беттери жеңил эрүүчү жана жеңил тутануучу
(пластмассадан, полиэтиленден, синтетикалык
материалдардан ж.у.с.) буюмдарга тийбегенин
текшериңиз .
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурун ушул
колдонмону көңүл коюп окуп-үйрөнуп, аны маалымат
катары сактап алыңыз.
Шайманды тике дайындоо боюнча гана, ушул колдонмодо
жазылганга ылайыктуу колдонуңуз. Шайманды туура
эмес пайдалануу анын бузулуусуна, колдонуучуга же
колдонуучунун мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши
мүмкүн.