19
КЫРГЫЗ
–
Баскычын (9) басып туруп, миксерди (4)
кронштейнине (8) коюп, баскычты (9) бошотуңуз.
Миксердин корпусу (4) кронштейндин (8)
үстүндө туруктуу коюлганын текшерип алыңыз.
–
Баскычын (11) басып туруп, үстүнө миксери
орнотулган кронштейнди (8) коризонталдуу
абалына коюп, баскычын (11) бошотуңуз.
–
Керектүү ингредиенттерин табагына (12) салыңыз.
–
Кубаттануучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
–
Которгучу (2) менен насадкалардын айлануу
ылдамдыгын «1»-ден «5»-ке чейин (таблицаны
караңыз) коюп, миксерди иштетиңиз. Миксер
иштөө мезгилинде эң жогору ылдамдыгын коюу
үчүн «TURBO» (1) баскычын басып кармап
туруңуз.
–
Шайман иштеп турган кезде табагынын (12)
айлануусуна тоскоолдук кылбаңыз.
–
Чыны бир продуктту кошуу табагы (12)
буюмдун деңгээл жок дегенде төмөнкү белги
«MIN» табак (13) жетиши керек, ошондуктан
толук аралаш камсыз кылуу.
–
Шайманды иштетип бүткөндөн кийин
которгучту (2) «0» абалыа коюп, кубаттануучу
сайгычын электр розеткасынан чыгарыңыз.
–
Баскычын (11) басып туруп, кронштейнди (8)
бир аз көтөрүп, баскычын (11) бошотуңуз.
–
Баскычын (9) басып туруп, миксерди (4)
кронштейнден (8) алыңыз.
–
Насадкаларын (6) же венчиктерин (7) бир
колуңуз менен кармап, башка колуңуз менен
насадкаларды бошотуу баскычын (3) басып
насадкаларды алып салыңыз.
–
Табакты (12) негизинен (10) алыңыз.
Эскертүү:
Сиз шайманды кол миксер катары
колдонсоңуз болот, ал үчүн насадкаларды (6)
же венчиктерди (7) орнотуп, ылайыктуу идиш
колдонуңуз.
РЕКОМЕНДАЦИЯЛАНГАН ИШТӨӨ РЕЖИМДЕРИ
Ылдамдык
1, 2
Кургак ингредиенттерди
аралаштыруу.
2, 3
Жашылча пюре же ар кандай
соустарды жасоо. Камыр үчүн
ингредиенттерди (мисалы,
каймакмай менен шекерди)
аралаштыруу, камыр журуу.
3, 4
Бисквит, пудинг ж.б. үчүн «жеңил»
камырды журуу.
4, 5
«TURBO»
Чалуу, мисалы, каймакты, сүттү,
жумуртка актарын же жумуртка
актары менен сарысын.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
–
Шайманды өчүрүп, кубаттануучу сайгычын
электр розеткадан чыгарыңыз.
–
Насадкалары (6) же венчиктери (7) менен
табагын (12) нейтралдуу жуучу каражат менен
жылуу сууга жууңуз да кургатып алыңыз.
–
Миксердин корпусу (4) менен негизин (10)
жумшак бир аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүп
алыңыз да кургатып сүртүңүз.
–
Миксердин корпусун (4), электр шнурун жана
кубаттануу сайгычын сууга же ар кыл башка
суюктуктарга салууга тыюу салынат.
–
Кронштейндин(8) ичине суу же жуучу каражат
киргенине жол бербеңиз.
–
Кирди чыгаруу үчүн нейтралдуу жуучу
каражаттарды колдонуп, металлдан жасалган
щеткаларын, абразивдүү жана эритүүчү
каражаттарды колдонбоңуз.
САКТОО
–
Шайманды тазалап алыңыз.
–
Шайманды балдар жетпеген кургак салкын
жерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Миксер – 1 даана.
Түпкүч – 1 даана.
Табак – 1 даана.
Чалуу үчүн венчиктери – 2 даана.
Камыр журуучу насадкалары – 2 даана.
Колдонмо – 1 даана.
НЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Иштетүүчү кубаттуулугу: 700 Вт
Өңдүрүүчү шаймандардын дизайнин жана
техникалык мүнөздөмөлөрүн алдын ала
эскертпей өзгөртүү укугун сактайт
Аспаптын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук
маалыматтар буюмду саткан сатуучудан алууга
болот. Кепилдик шарттарына ылайык талап кылып
сатылган товарга чек же дүмүрчөктү көрсөтүү
керек.
IM VT-1416.indd 19
27.02.2017 10:09:17