19
КЫРГЫЗ
–
Сайгычын розеткага сайып, чаң соргучту
өчүрүңүз.
ЧАҢ СОРГУЧТУ ТАЗАЛОО
Чаң соргучту ар пайдалануудан кийин тазалоо реко-
мендацияланат. Чаң соргучту тазалоонун алдында
которгучту (5) «О» (өчүрүлгөн) абалына коюп чаң
соргучту өчүрүп, чаң соргучту тик абалына коюп,
тармактык шнурдун сайгычын электр розеткасынан
ажыратыңыз.
Чаң топтогуч контейнери (8)
менен НЕРА-чыпкасын (7) тазалоо
–
Чаң топтогуч контейнерин (8) чечүү үчүн
бекитмени (6) басып, чаң топтогуч контейнерин
(8) чечиңиз (сүр. 4).
–
Топтолгон чаң менен шыпырындыларды чаң
топтогуч контейнерден (8) таштанды чакага
төгүңүз.
–
Түзмөктүн корпусун кармап, НЕРА-чыпкасын
(7) саат жебесинин багытына каршы бурап,
ажыратып алыңыз (сүр. 5).
–
НЕРА-чыпкадан (7) чаң менен шыпырындыны
кетириңиз, ал үчүн ылайыктуу щетканы же кыл
калемди колдонсоңуз болот.
–
НЕРА-чыпка (7) менен чаң топтогуч контейнерин
(8) жылу суунун астында жууп, жакшылап
кургатып алыңыз.
–
НЕРА-чыпканы (7) чаң топтогуч контейнерине (8)
орнотуңуз.
–
Чаң топтогуч контейнерин (8) кол чаң соргучтун
үстүнө бекитмеси бекитилгенине чейин орнотуңуз.
Чаң соргучтун корпусу
• Чаң соргучтун корпусун бир аз нымдуу жумшак
чүпүрөк менен сүртүп, кургатып сүртүп туруңуз.
• Чаң соргучтун корпусун, электр шнурун (2) жана
шнурунун сайгычын сууга же башка суюктуктарга
салууга тыюу салынат. Кол чаң соргучтун
корпусунун ичине суу куюлуусуна жол бербеңиз.
• Чаң соргучту тазалоо үчүн эриткичтерди жана
абразивдүү тазалоо каражаттарды колдонууга
тыюу салынат.
САКТОО
–
Чаң соргучту узак мөөнөткө сактоого алып
салуунун алдында корпусту, чаң топтогуч
контейнердин (8) колбасын, НЕРА-чыпкасын
(7), щеткаларын (9 менен 10) жана жылчык
сапстамасын (11) тазалап алыңыз.
–
Тармактык шнурун (2) кармагычтарына (12) түрүп
алыңыз.
–
Зарыл болсо, узарткыч түтүкчөнү (3) ажыратып
алсаңыз болот.
–
Чаң соргучту балдар жана жөндөмдүүлүгү
чектелген адамдар колу жетпеген жерлерде
сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Кураштырылган чаң-соргуч, орнотулган чаң
топтогуч контейнери жана НЕРА-чыпкасы
менен – 1 даана.
Узарткыч түтүкчө – 1 даана.
Жер үчүн щеткасы – 1 даана
Кичи щетка – 1 даана.
Жылчык насадка – 1 даана.
Кепилдик талону – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ
Электр азыгы: 220-240 В ~ 50-60 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 600 Вт
Максималдуу кубаттуулугу: 1000 Вт
Сиңирүүнүн кубаттуулугу: 200 Вт
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман менен
азыктандыруучу элементтердин (эгерде топтомго
кирсе) кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин турмуш-
тиричилик калдыктары менен бирге таштабаңыз,
шайман менен азыктандыруучу элементти андан
ары утилизациялоо үчүн адистештирлиген пункттар-
га бериңиз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон кал-
дыктарды милдеттүү түрдө чогултуп, андан соң бел-
гиленген жолунда утилизациялоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө кошумча
маалымыт алуу үчүн жергиликтүү өкмөткө, турмуш-
тирчилик калдыктарды утилизациялоо кызматына же
бул шайманды алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө принцип-
терине таасир этпеген дизайнин, конструкция-
сын жана техникалык мүнөздөмөлөрүн алдын ала
эскертпей өзгөртүү укугун сактайт, ошол себептен
шайман менен колдонмонун арзыбаган айырмалар
болуу мүмкүн. Колдонуучу ушундай келишпегендик-
терди тапса, ал жөнүндө info@ maxwell-products.ru
электрондук почтасына жазып, шаймандын
жаңырланган версиясын алса болот.
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук маалы-
маттар буюмду саткан сатуучудан алууга болот.
Кепилдик шарттарына ылайык талап кылып сатылган
товарга чек же дүмүрчөктү көрсөтүү керек.