![background image](http://html1.mh-extra.com/html/maxwell/mw-1985/mw-1985_manual-instruction_1746349021.webp)
21
КЫРГЫЗ
АЗЫКТАРДЫ ГРИЛЬДЕ ДАЯРДОО
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
•
Негиздин (8) ичине куюлган суу гриль
коюлган
беттин
температурасын
төмөндөтөт.
•
Азыктарды бышырууда суу деңгээлин (6)
ар дайым байкап туруңуз, суунун деңгээли
«MIN» (6) белгисинен төмөн болуп калса,
грильди өчүрүп, ысытуу элементин (7)
чечип, андан кийин гана сууну негизге (8)
«МАХ» (6) белгисине чейин куюңуз.
•
Бышыруу мөөнөтү колдонулган азыктарга
байланыштуу.
•
Азыктарды жегенден мурун алар толугу
менен куурулганын текшерип алыңыз.
•
Азыктарды панжарадан (4) бышыруудан
кийин дароо алыңыз, гриль иштеп турган
учурда азыктар панжарада (4) көпкө чейин
калса, алар жалындап кетүү мүмкүн.
–
Грильди тегиз, туруктуу, ысыка чыдамдуу
беттин үстүнө, нымдуулук, жылуулук жана
ачык оттун булактарынан алыс электр
розеткага бош жеткендей кылып орнотуңуз.
–
Грильди анын негизи менен дубалдын
арасында 20 см кем эмес аралыкты, үстү
жагында 30 см кем эмес бош аралыкты
калтырып орнотуңуз.
–
Грильди
бат
жалындап
кетүүчү
материалдардын же суюктуктардын жана
ысыктан бузула турган буюмдардын
жанында колдонбоңуз.
–
Желдөө жакшы болгон жерлерде грильди
иштетиңиз.
–
Негизинде (8) суу «МАХ» (6) белгисине
чейин куюлганын текшерип алыңыз.
–
Панжараны (4) өсүмдүк май менен бир аз
майлап, аны орнотуу жайына (2) орнотуңуз.
Эскертүү:
–
азыктарды бышыруу убагында сиз
панжараны (4) негиздеги (8) тешиктерине
орнотуп, же панжараны (4) негиздеги (8)
оюктарына (2) киргизип жогоруураак
орнотсоңуз болот.
–
Кубаттуучу сайгычын розеткага сайып,
температура жөндөгүчүн (9) керектүү
абалына (абалды колдонуучу аныктайт)
коюңуз, ошондо жарык индикатору (10) күйөт.
–
Ысытуу элемент (7) коюлган температурага
чейин ысыганда, жарык индикатору (10)
өчөт, азыктарды бышырып баштасаңвз
болот.
–
Азыктарды панжаранын (4) үстүнө
акырындык менен калыңыз, азыктардан
чыккан мүмкүн шире же май чачырагандан
күйүк алуудан этият болуңуз.
Көңүл буруңуз! Иштетүү убагында
ысытуу элемент (7), панжара (4) менен
негиздин (8) үстү жагы абдан ысыйт, күйүк
болбоо үчүн ысык беттерди тийбеңиз.
Азыктарды панжарага (4) корголбогон
колуңуз менен салбаңыз да аларды
оодарбаңыз,
ашкана
колкаптарды
колдонуңуз.
–
Азыктар даяр болгондон кийин аларды
панжарадан (4) алыңыз.
–
Даяр азыктарды ылайыктуу идишке салыңыз.
–
жарык индикатору (10) өчкөнүн күтүп,
азыктарды бышырууну улантсаңыз болот.
–
Азыктарды бышырып бүткөндө температура
жөндөгүчүн (9) «MIN» абалына коюңуз,
кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан
ажыратыңыз.
–
Грильди тазалагандын алдында ал толугу
менен муздаганын күтүңүз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
–
Грильди ар колдонуудан кийин тазалап
туруңуз.
–
Грильди иштетип бүткөндө, температура
жөндөгүчүн (9) «MIN» абалына коюп аны
өчүрүңүз, кубаттуучу сайгычын электр
розеткасынан ажыратыңыз.
–
Панжараны (4) чечип, аны нейтралдуу
жуучу каражат менен жууп, чайкап,
кургатып сүртүңүз.
–
Ысытуучу элементин чечип, ысытуучу
элемент (7) муздаганын текшерип,
ысытуучу элементин (7) жумшак бир аз
нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, кургатып
сүртүңүз.
–
Негизинен (8) калган сууну төгүп, негизди
(8) нейтралдуу жуучу каражат менен жылуу
сууга жууп, сүртүп, кургатып алыңыз.
–
Грильди тазалоо үчүн абразивдүү жуучу
каражаттарды, эриткичтерди же металл
сүргүлөрдү колдонууга тыюу салынат.
–
Ысытуу элементти (7), электр шнурун жана
кубаттануучу сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
САКТОО
•
Грильди сактоо жайына алып салуунун
алдында аны тазалап алыңыз.
•
Грильди балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар колу жетпеген жерлерде
сактаңыз.
IM MW-1985.indd 21
24.07.2018 11:52:29
Summary of Contents for MW-1985
Page 1: ...MW 1985 3 7 15 19 11 IM MW 1985 indd 1 24 07 2018 11 52 27...
Page 2: ...IM MW 1985 indd 2 24 07 2018 11 52 27...
Page 3: ...3 MW 1985 1 2 3 4 5 6 MIN MAX 7 8 9 10 30 IM MW 1985 indd 3 24 07 2018 11 52 27...
Page 11: ...11 MW 1985 1 2 3 4 5 6 MIN MAX 7 8 9 10 30 IM MW 1985 indd 11 24 07 2018 11 52 28...
Page 15: ...15 MW 1985 1 2 3 4 5 6 MIN MAX 7 8 9 10 30 IM MW 1985 indd 15 24 07 2018 11 52 29...
Page 19: ...19 MW 1985 1 2 3 4 5 6 MIN MAX 7 8 9 10 30 IM MW 1985 indd 19 24 07 2018 11 52 29...
Page 22: ...22 1 1 220 240 50 2000 info maxwell products ru 3 IM MW 1985 indd 22 24 07 2018 11 52 29...