21
Пульттун дисплейинде тиешелүү режим көрсөтүлөт.
Автоматтык режимде кондиционер бөлмөдө абанын температурасы-
на жараша автоматтык түрдө муздатуу же жылытуу режимин тандайт
жана колдонуучуга ыңгайлуу шарт түзөт. Максаттуу температура
башкаруу пульттун дисплейинде көрсөтүлбөйт жана аны алмашты-
руу мүмкүн эмес. Желдетүү режимде кондиционер ички блоктун гана
желдеткичин күйгүзөт. Берилген режимде кондиционер бөлмөнүн
температурасын сактабайт. Максаттуу температура башкаруу пуль-
ттун дисплейинде көрсөтүлбөйт жана аны алмаштыруу мүмкүн эмес.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Кондиционер таза аба агымын чыгарбайт!
4. «ВКЛ/ВЫКЛ» («КҮЙҮК/ӨЧҮК») БАСКЫЧЫ
Баскычты басуу кондиционерди күйгүзөт, пульттун дисплейинде ON
индикатору көрсөтүлөт, кайрадан бир жолу басуу кондиционерди
өчүрөт, пульттун дисплейинде OFF индикатору көрсөтүлөт. Кондици-
онер күйгүзүлгөндө, мурунку иштөө жөндөөлөрү коюлат.
5. «СКОРОСТЬ» («ЫЛДАМДЫК») БАСКЫЧЫ
Баскычты ар бир басуу ички блоктун желдеткичинин айлануу ыл-
дамдыгын (чыгуучу абанын ылдамдыгын) төмөнкү жол менен
өзгөртөт: «АВТО», «НИЗКИЙ», «СРЕДНИЙ», «ВЫСОКИЙ» («АВТО»,
«ТӨМӨН», «ОРТО», «ЖОГОРУ»).
Пульттун дисплейинде желдеткичтин ылдамдыгынын тиешелүү
көрсөткүчү көрсөтүлөт. Желдеткичтин автоматтык түрдө коюлган тем-
пература менен айлана-чөйрөнүн температурасынан көзкаранды.
Желдетүү режимде желдеткичтин автоматтык коюлган ылдамдык
режими жеткиликтүү эмес.
6. «4D ОБДУВ» («4D ҮЙЛӨӨ») БАСКЫЧЫ
Баскычты басуу горизонталдуу жана вертикалдуу жалюзилердин
селкилдөөсүн иштетет. Баскычты кайталап басуу селкилдөөнү ток-
тотот.
7. «СОН» («УЙКУ») БАСКЫЧЫ
Баскычты басуу түнкү иштөө режимди күйгүзөт, пульттун дисплейин-
де индикатору көрсөтүлөт, ички блоктун алдыңкы бетинде болсо
дисплей өчөт. Берилген режимде ички блоктун желдеткичи төмөн
ылдамдыкта айланат.
8. «ТАЙМЕР ВКЛ» («ТАЙМЕР КҮЙҮК») БАСКЫЧЫ
Алыстан башкаруу пульт өчүк турган абалда « ТАЙМЕР ВКЛ» баскыч-
ты басуу, кондиционерди күйгүзүү таймерин иштетет, дисплейде
индикатору жана таймердин убактысы көрсөтүлөт. Убакытты орнотуу
диапазону - 0,5 сааттан (30 мүнөт) 24 саатка чейин. Кондиционерди
күйгүзүүнүн каалаган убактысын орнотуу үчүн, / баскычтарды
басыңыз. Бул баскычтарды ар бир басуу убакыттын жарым саатка
көбөйүшүн же азайышын белгилейт. Таймердин мааниси 10 саатка
жеткенде, берилген баскычтарды ар бир басуу, убакыттын 1 саат-
ка көбөйүшүн же азайышын белгилейт. Кондиционерди күйгүзүүнүн
таймерин иштетиш үчүн, «ТАЙМЕР ВКЛ» баскычын кайрадан басыңыз.
Пульттун дисплейинде кондиционер таймер куйгүзүлгөндөн кий-
ин анын иштөө жөндөөлөрү көрсөтүлөт. Зарыл болгондо, аларды
өзгөртсө болот. Белгиленген убакыттан кийин кондиционер коюлган
орнотуулар менен автоматтык түрдө күйгүзүлөт.
9. «ЖАЛЮЗИ» БАСКЫЧЫ
Баскычын басуу менен, сиз жалюзинин горизонталдуу абалын
керектүү бурчта тууралай аласыз.
10. «ТАЙМЕР ВЫКЛ» («ТАЙМЕР ӨЧҮК») БАСКЫЧЫ
Алыстан башкаруу пульт күйүп турган учурда «ТАЙМЕР ВЫКЛ» ба-
скычты басуу кондиционерди өчүрүү таймерин жандырат, дисплей-
де индикатору жана таймердин убактысы көрсөтүлөт. Убакытты
орнотуу диапазону - 0,5 сааттан (30 мүнөт) 24 саатка чейин. Кон-
диционерди күйгүзүүнүн каалаган убактысын орнотуу үчүн, /
баскычтарды басыңыз. Бул баскычтарды ар бир басуу убакыттын
жарым саатка көбөйүшүн же азайышын белгилейт. Таймердин маа-
ниси 10 саатка жеткенде, берилген баскычтарды ар бир басуу, уба-
кыттын 1 саатка көбөйүшүн же азайышын белгилейт. Кондиционерди
күйгүзүүнүн таймерин иштетиш үчүн, «ТАЙМЕР ВКЛ» баскычын кай-
радан басыңыз. Коюлган убакыттан кийин кондиционер автоматтык
түрдө өчүп калат.
11. iFAVOR БАСКЫЧЫ
Аба желдеткич иштеп жаткан учурда баскычты басуу колдонуучунун
алдын ала койгон орнотууларын орнотот. Баскычты кайталап басуу
берилген режимди күйгүзүүдөн мурун коюлган орнотууларын кайта-
рат. Колдонуучунун ыңгайлаштырылган оонотууларын орнотуу үчүн,
керектүү параметрлердин маанилерин койгондон кийин, iFAVOR ба-
скычын 3 секунддан ашык басып кармап туруңуз.
12. ОЧИСТКА («ТАЗАЛОО») БАСКЫЧЫ
Аба желдеткич өчүрүлүп турган учурда баскычты басуу ички блокту
тазалоо режимин күйгүзөт.
13. «ДИСПЛЕЙ» БАСКЫЧЫ
Бул модель үчүн жеткиликтүү эмес.
14. «ТУРБО» БАСКЫЧЫ
Баскычтын жардамы менен «ТУРБО» функциясын күйгүзүңүз жана
өчүрүңүз. Берилген функция «ОХЛАЖДЕНИЕ» («МУЗДАТУУ») жана
«ОБОГРЕВ» («ЖЫЛЫТУУ») иштөө режимде гана жеткиликтүү. Бе-
рилген функцияны иштеткенден кийин желдеткич максималдуу ыл-
дамдыкта айланып баштайт, бул бөлмөдөгү температура каалаган
температурага болушунча тез жетишүү үчүн жасалат.
БАШКАРУУ ПАНЕЛИНИН ДИСПЛЕЙИ
АВТО - автоматтык иштөө режимдин индикатору.
ОХЛАЖДЕНИЕ (МУЗДАТУУ) - муздатуу үчүн иштөө режимдин индика-
тору.
ОСУШЕНИЕ (КУРГАТУУ) - кургатуу үчүн иштөө режимдин индикатору.
ОБОГРЕВ (ЖЫЛЫТУУ) - жылытуу үчүн иштөө режимдин индикатору.
ВЕНТИЛЯЦИЯ (ЖЕЛДЕТҮҮ) - желдетүү үчүн иштөө режимдин индика-
тору.
СКОРОСТЬ (ВЫСОКИЙ, СРЕДНИЙ, НИЗКИЙ (ЫЛДАМДЫК (ЖОГОРУ, ОРТО,
ТӨМӨН)) - желдеткичтин айлануу ылдамдыгынын индикатору.
– максаттуу температуранын же коюлган таймердин убакты-
сы.
- маалыматтарды берүү индикатору.
- алыстан башкаруу пульттун иштөө индикатору.
- күйгүзүү таймердин индикатору.
- өчүрүү таймердин индикатору.
– башкаруу пульттун баскычтарын бөгөттөөнүн күйгүзүү индика-
тору.
- «СОН» режимдин иштөө индикатору.
БАТАРЕЯЛАРДЫ ОРНОТУУ ЖАНА АЛМАШТЫРУУ
Алыстан башкаруу пультун кубаттоо үчүн ААА тибиндеги 2 батарея
колдонулат.
Батарея бөлүгүнүн капкагын жылдырып, батарейкаларды бөлүмдүн
дубалында көрсөтүлгөн «+» жана «-» белгилерине ылайык
кыстарыңыз.
Батарейкаларын алмаштыруу үчүн, окшош эле операцияны кайталап
коюңуз.