33
КЫРГЫЗ
• Иштөө пластиналары коюлган температурасына
чейин жылыганда дисплейдеги (5) температуранын
цифралуу көрсөткүчтөрү үзгүлтүксүз күйүп турат.
• Тегиз таралган чачты туурасы бирдей (5 см жакын)
тутамдарга бөлүңүз.
• Чачтын бир тутамын пластиналардын (4) арасына
салыңыз.
• Шайманды туткасынан кармап, пластиналарды (4)
жабыңыз.
• Көп күчтү салбай, иштөөчү пластиналарды (4) чач
тутамдын учуна чейин өткөзүңүз.
МААНИЛҮҮ: пластиналарды чачтын бир жеринде эки
секундадан көп убакытка эч качан кармабаңыз.
• Андан кийин кийинки тутамын түздөтүүгө өтүңүз.
• Чачты акыркы жасалоо же лак себүүнүн алдында
чачты муздатыңыз.
• Шаймандын ысык жактары бетиңизге, моюнуңузга
жана башка денеңиздин бөлүктөрүнө тийгенден
абайлаңыз.
• Шайманды иштетип бүткөндөн кийин өчүрүү/күйгүзүү
баскычын (2) басып туруңуз, дисплей (5) өчөт, кубат-
тануучу сайгычын электр розеткасынан чыгарыңыз.
Шайман толугу менен муздаганына чейин күтүңүз.
Эскертүү:
–
Шайманды колдонбогон учурларда аны ар дайым
өчүрүп, электр тармагынан ажыратыңыз.
–
Электр тармагына туташтырылган шайманды
эч качан кароосуз калтырбаңыз. Сиз шайманды
өчүрүүнү унутсаңыз, ал 60 минутадан кийин авто-
матикалык түрдө өчөт.
–
Сиз зулптарды дагы жасасаңыз болот, ал үчүн чач
тутамынын учун кыпчып, чачты шаймандын сырт-
кы жагына түрүп, бир аз күтүп, зулпту шаймандан
чечип алыңыз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
• Шайманды тазалоонун алдында аны электр тармагы-
нан чыгарып, муздатып алыңыз.
• Шайманды сууга же башка суюктуктарга салганга
тыюу салынат.
• Иштөө пластиналары менен шаймандын корпусун
жумшак, бир аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, андан
кийин кургатып сүртүңүз.
• Буулатып тазалоо аспаптарды колдонбоңуз.
IM VT-8414.indd 33
5/7/18 3:08 PM