![Vitek VT-8324 Скачать руководство пользователя страница 28](http://html1.mh-extra.com/html/vitek/vt-8324/vt-8324_manual-instruction_1035892028.webp)
28
КЫРГЫЗ
•
Суу куюучу тешиктин капкагын (2) ачыңыз.
•
Капкагын (2) ачып, өлчөмдүү чынысы (14)
менен сууну суу чукуруна (10) куюңуз,
андан кийин капкагын (2) бекем жабыңыз.
Эскертүү:
•
Сууну «
MAX» белгисинен (12) ашырып
куйбаңыз.
•
Үтүктөп турган учурда суу куюу керек
болсо, биринчиден үтүктү өчүрүп, сайгычын
электр розеткасынан ажыратыңыз.
•
Үтүктөп бүткөндөн кийин үтүктү өчүрүп,
толугу менен муздатып, андан кийин суу
куюучу тешиктин капкагын (2) ачып, үтүктү
көмкөрүп калган суусун төгүп алыңыз.
ҮТҮКТӨӨ ТЕМПЕРАТУРАСЫ
Үтүктү иштеткенден мурун анын таманы (13)
жана суу чукуру (10) таза болгонун текшерүү
үчүн шайманды бир чүпүрөктүн үстүндө
иштетип көрүңүз.
•
Үтүктөгөндөн мурун ар нерсенин ылайыктуу
үтүктөө температурасы жазылган белгисин
ар дайым карап алыңыз.
•
Кийимдин ярлыгында белгиси бар болсо
, аны үтүктөсө болбойт.
•
Эгерде үтүктөө жөнүндөгү маалымат
белгиси жок болуп, сиз кездеменин түрүн
билсеңиз, үтүктөө температурасын таңдоо
үчүн таблицаны карап алыңыз.
Үтүктөө температурасын таңдоо
таблицасы
Белгилер Кездеменин түрү (температура)
үтүктөсө болбойт
•
синтетика, нейлон, акрил,
полиэстер (төмөн температурасы)
••
жибек/жүн (орточо температурасы)
•••
кебез (жогору температурасы)
МАХ
зыгыр (жогору температурасы)
•
Таблица түрсүз кездемелерге гана
ылайык. Кездеменин түрү башка болсо
(гофреленген, рельефтүү ж. б.), аны төмөн
температурада үтүктөсө жакшы болот.
•
Биринчиден
кийимди
үтүктөө
температурасына ылайыктуу бөлүштүрүп
алыңыз: синтетиканы синтетикага, жүндү
жүнгө, кебезди кебезге ж. б.
•
Үтүк муздаганынан бат ысыйт. Ошол үчүн
биринчиден төмөн температурадагы
кийимдерди
(мисалы,
синтетикалык
кездемелерди) үтүктөө зарыл. Андан
кийин үтүктөө температурасы жогоруураак
нерселерди (жибек, жүн) үтүктөп баштаңыз.
Кебез жана зыгыр кездемелерди эң
акырында үтүктөсөңүз болот.
•
Кездеме аралашма жиптерден жасалган
болсо, эң төмөнкү үтүктөө температурасын
аныктоо зарыл (мисалы, кездеме 60%
полиэстерден жана 40% кебезден
жасалган болсо, аны полиэстерге ылайык
температурасында «
•
» үтүктөө зарыл).
•
Сиз кездеменин составын аныктай
албасаңыз, кийимдин кийип турганда көзгө
анча көрүнбөгөн жерин табып тажрыйба
ыкмасы аркылуу үтүктөө температурасын
аныктаңыз (ар дайым эң төмөнкү темпера-
турадан баштап, аны керектүү жыйынтыкка
жеткенге чейин аз-аздан көтөрүп түрүңуз).
•
Вельвет жана башка тез жалтырап
баштаган кездемелерди үтүктөгөндө үтүктү
бир тарабына (түгү боюнча) жылдырып бир
аз басымы менен үтүктөңүз.
•
Синтетика жана жибек кездемелерде
жалтыраган тактарды калтырбоо үчүн
аларды ички жагынан үтүктөө зарыл.
ҮТҮКТӨӨ ТЕМПЕРАТУРАСЫН КОЮУ
•
Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
•
Температура жөндөгүчүн (11) бурап,
керектүү үтүктөө температурасын коюңуз:
«
•
», «
••
», «
•••
», «
МАХ
». (кездеме түрүнө
карата), ошондо индикатору (7) күйөт.
•
Үтүктүн таманы (13) таңдалган темпера-
турасына чейин ысыганда, индикатор (7)
өчөт, эми үтүктөп баштасаңыз болот.
Эскертүү:
•
Сиз жогору температурасында үтүктөгөн
учурунда төмөн температурасына өтүү
зарыл болсо, тамандын температурасы
төмөндөгөнүн күтүп, индикатору (7)
күйгөндө гана үтүктөсөңүз болот.
СУУ ЧАЧЫРАТКЫЧ
•
Сиз суу чачыраткычтын баскычын (5) бир
нече жолу басып, кездемени нымдатсаңыз
болот.
•
Чукурунда (10) суусу жетиштүү болгонун
текшерип алыңыз.
IM VT-8324.indd 28
14.01.2019 10:23:21
Содержание VT-8324
Страница 1: ...1 VT 8324 3 8 14 20 Iron 26 IM VT 8324 indd 1 14 01 2019 10 23 19...
Страница 2: ...IM VT 8324 indd 2 14 01 2019 10 23 19...
Страница 8: ...8 VT 8324 1 2 3 self clean 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 30 IM VT 8324 indd 8 14 01 2019 10 23 20...
Страница 9: ...9 www vitek ru 13 50 60 10 10 IM VT 8324 indd 9 14 01 2019 10 23 20...
Страница 10: ...10 11 OFF 3 2 2 14 10 2 MAX 12 2 13 10 60 40 9 11 7 13 7 IM VT 8324 indd 10 14 01 2019 10 23 20...
Страница 14: ...14 VT 8324 1 2 3 self clean 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 30 IM VT 8324 indd 14 14 01 2019 10 23 20...
Страница 15: ...15 www vitek ru 13 50 60 10 10 IM VT 8324 indd 15 14 01 2019 10 23 20...
Страница 16: ...16 11 OFF 3 2 2 14 10 2 MAX 12 2 13 10 MAX 60 40 9 11 7 13 7 IM VT 8324 indd 16 14 01 2019 10 23 21...
Страница 19: ...19 info vitek ru 3 i i i i i i i i i i i i IM VT 8324 indd 19 14 01 2019 10 23 21...
Страница 20: ...20 VT 8324 1 2 3 self clean 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 30 IM VT 8324 indd 20 14 01 2019 10 23 21...
Страница 21: ...21 i www vitek ru 13 50 60 10 10 IM VT 8324 indd 21 14 01 2019 10 23 21...
Страница 22: ...22 11 OFF 3 2 2 14 10 2 MAX 12 2 13 10 60 40 9 11 7 13 7 IM VT 8324 indd 22 14 01 2019 10 23 21...
Страница 25: ...25 220 240 50 60 2000 2300 2300 info vitek ru 3 2014 30 2014 35 IM VT 8324 indd 25 14 01 2019 10 23 21...
Страница 26: ...26 VT 8324 1 2 3 self clean 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 30 IM VT 8324 indd 26 14 01 2019 10 23 21...
Страница 27: ...27 www vitek ru 13 50 60 10 10 11 OFF 3 IM VT 8324 indd 27 14 01 2019 10 23 21...
Страница 28: ...28 2 2 14 10 2 MAX 12 2 13 10 60 40 9 11 7 13 7 7 5 10 IM VT 8324 indd 28 14 01 2019 10 23 21...
Страница 31: ...31 info vitek ru 3 IM VT 8324 indd 31 14 01 2019 10 23 21...