31
КЫРГЫЗ
– Шайманды кутусунан чыгарсыңыз. Анын иштөөсүнө
тоскоол болуучу таңгак материалдарын алып салыңыз.
– Шаймандын бүтүндүгүн текшерип алыңыз,
бузулуулар бар болсо шайманды иштетпеңиз.
– Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө
чыңалуусу электр тармагындагы чыңалуусуна
ылайык болгонун текшериңиз.
КОЛДОНУУ
Эң жакшы натыйжа алуу үчүн чачты шампунь менен
жууп, кургак сүлгү менен сүртүп, фен менен кургатып,
тарап алыңыз. Андан соң чачты тармалдатып баштаңыз.
– Чачты туурасы 4-5 см болгон тутамдарга бөлүңүз.
– Шайманды ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнө
түпкүчүнө (3) коюңуз.
– Кубаттуучу сайгычты электр розеткасына сайыңыз.
– Шайманды иштетиңиз, ал үчүн өчүргүчүн (6) «ON»
абалына коюңуз, ошондо индикатор (5) күйөт.
– Иштөө бети (2) ысыганына зарыл болгон бир нече
убакт күтүңүз.
– Бош колуңуз менен чачтын бир тутамын кармаңыз.
– Баскычтын туткасын (4) басып, чач тутамынын учун
иштөө бетине (2) салып, баскычтын туткасын (4)
бошотуңуз. Учу (1) менен туткасын (7) кармап, чач
тутамын иштөө бетинин (2) үстүнө түрүп алыңыз.
– Бир аз күтүп, баскычтын туткасын (4) басып, тутамды
бошотуп алыңыз.
– Бул процедураны калган чач тутамдарында
кайталаңыз.
Эскертүү:
– биринчи жолу колдонуп баштаганда, башкача жыт чыгы-
шы мүмкүн. Бирок мындай кɵрүнүшкɵ жол берилген.
– шайманды иштетүү мезгилинде иштɵɵ бетин (2)
колуңуз менен тийбей, бир колуңуз менен учунан
(1), башка колуңуз менен туткасынан (7) кармаңыз.
– иштетүү арасындагы тыныгууларында шайманды
ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнɵ түпкүчүнɵ (3)
коюңуз.
– чачты тармалдатуудан кийин тарабай, муздаганына
убакыт бериңиз, чачыңыз табигый кɵрүнүү үчүн чоң
тутамдарын майдараак тутамдарына бɵлүңүз.
– Шайманды колдонгондон кийин өчүргүчүн (6)
«OFF» абалына коюп, кубаттуучу сайгычын электр
розеткасынан ажыратыңыз.
IM VT-8294_70x130.indd 31
24.01.2019 17:03:57