![Vitek VT-3607 ST Скачать руководство пользователя страница 27](http://html1.mh-extra.com/html/vitek/vt-3607-st/vt-3607-st_manual-instruction_1036083027.webp)
27
КЫРГЫЗ
•
Шайманды иштетүү учурунда жабдыктын
жыйынтыгына кирген түрткүчтү (1) гана
колдонуңуз.
•
Азыктарды башкача буюмдар менен түртүүгө
тыюу салынат, этти бармагыңыз менен эч
качан түртпөңүз.
•
Этти же башка азыктарды түрткөндө ашыкча
күч салбаңыз.
•
Этти туураган мезгилде ал тыгылып калышы
мүмкүн, тыгылган жерин бошотуу үчүн
шнектин тескери айлануу (REV) функциясын
пайдаланыңыз. Шнектин тескери айлануу
(REV) режимин иштетүү үчүн (8) «ON/OFF»
баскычты басып, эт туурагычты өчүрүп, андан
кийин баскычты (7) кармап туруңуз, шнек
тескери айланат.
•
Азыктарды токтоосуз иштетүү мөөнөтү
5 минутадан ашырбаганы зарыл.
•
Эт туурагыч 5 минутанын ичинде токтоосуз
иштегенинен кийин аны өчүрүп, муздаганына
10-15 минута мөөнөтүн берип, андан кийин
иштетүүнү улантсаңыз болот.
•
Иштетип бүткөндөн кийин (8) «ON/OFF»
баскычын басып туруп, эт туурагычты
электр тармагынан суруп, андан кийин гана
ажыратып баштасаңыз болот.
ЭТТИ ИШТЕТҮҮ
1.
Эт туурагычтын бөркүн (3) коюлуучу жайына
(4) орнотуп, аны саат жебесинин багытына
каршы бекитилгенине чейин бурап салыңыз
(сүрөт 1, 2).
2.
Шнекти (9) эт туурагычтын бөркүнүн
корпусуна (3) орнотуңуз (сүрөт 3).
3.
Крест сыяктуу бычагын (10) орнотуңуз (сүрөт 4).
4.
Панжаралардын керектүүсүн (11, 12 же 13)
таңдап, панжарадагы чыгып турган жерлерин
эт туурагычтын бөркүнүн корпусундагы (3)
оюктары менен дал келтирип аны бычактын
үстүнө орнотуңуз, гайканы (14) бекитип
салыңыз (сүрөт 5, 6).
Көңүл буруңуз!
•
Бычакты кесүү жагын панжарага каратып
орнотуңуз. Бычак туура эмес орнотулган
болсо, ал тууроо функциясын аткарбайт.
•
Чоңураак тешиктери бар панжаралары (11,
12) чийки эт, жашылча-жемиш, кургатылган
мөмө-жемиштерди, быштакты, балыкты
ж.б. иштетүүгө арналган.
•
Майда тешиктери бар панжара (13) чийки
же бышкан этти, балыкты ж.б. иштетүүгө
ылайык.
5.
Эт туурагычтын бөркүнүн корпусуна (3)
азыктарды салуучу идишин (2) орнотуңуз.
6.
Тармактык шнурдун сайгычын электр
розеткасына сайыңыз.
7.
Баскычты (8) «ON/OFF» басып, түзмөктү
иштетиңиз.
8.
Шайманды иштетүү мезгилинде түрткүчтү (1)
гана колдонуңуз.
Эскертүү:
–
Этти тууроо процессин жакшыртуу үчүн
этти сызыктарга же кубиктерге туурап
алыңыз. Тоңдурулган этти толугу менен
эритүү зарыл.
–
Шайманды иштетүү учурунда жабдыктын
жыйынтыгына кирген түрткүчтү гана
колдонуңуз; азыктарды башкача буюмдар
менен түртүүгө тыюу салынат, этти
бармагыңыз менен эч качан түртпөңүз.
9.
Иштетип бүткөндөн кийин (8) «ON/OFF»
баскычын басып туруп, эт туурагычты өчүрүп,
аны электр тармагынан суруп, андан кийин
гана ажыратып баштасаңыз болот.
10.
Эт туурагычтын бөркүн чечүү үчүн бекитме
баскычын (5) басып, эт туурагычтын бөркүн
(3) саат жебесинин багыты боюнча бурап,
чечип салыңыз.
11.
Эт туурагычтын бөркүн ажыратуу үчүн
гайканы (14) бурап бошотуп, коюлган
панжарасын (11, 12 же 13), бычагын (10)
жана шнегин (9) чыгарыңыз.
АВТОМАТТЫК ТҮРДӨ
ӨЧҮҮ ФУНКЦИЯСЫ
Эт туурагыч электр мотору ашыкча ысып кеткен-
де автоматтык түрдө өчүү функциясы менен
жабдылган.
•
Электр мотору өтө ысып кеткенде автоматтык
термосактагычы иштеп, ошондо эт туурагыч
өчөт.
•
Ошол учурда кубаттуучу сайгычын токтоосуз
розеткасынан чыгарыңыз.
•
Эт туурагычты чамалуу 50-60 минутанын
ичинде муздатып, андан соң аны кайрадан
иштетсеңиз болот.
•
Эт туурагычты электр тармагына кошуп,
иштетиңиз, ал иштебей турса, бул башка
бузулуулары пайда болгонун белгилегени
мүмкүн. Ошол учурда эт туурагычты оңдотуу
үчүн автордоштурулган (ыйгарым укуктуу)
борборуна кайрылыңыз.
КОЛБАСКАЛАРДЫ ТОЛТУРУУ
1.
Фаршты даярдаңыз.
2.
Эт туурагычтын бөркүн (3) коюлуучу жайына
орнотуп, саат жебесинин багытына каршы
бекитилгенине чейин бурап салыңыз.
VT-3607.indd 27
7/2/20 5:34 PM
Содержание VT-3607 ST
Страница 1: ...VT 3607 ST Meat grinder Мясорубка 4 9 15 20 25 VT 3607 indd 1 7 2 20 5 34 PM ...
Страница 2: ...VT 3607 indd 2 7 2 20 5 34 PM ...
Страница 3: ...VT 3607 indd 3 7 2 20 5 34 PM ...
Страница 31: ...VT 3607 indd 31 7 2 20 5 34 PM ...