18
КЫРГЫЗ
ойноого уруксат бербеңиз.
Бул тумчугуунун
коркунучун жаратат!
•
Шайман иштеген учурда балдарга шайманды
жана электр шнурун тийгенге уруксат
бербеңиз.
•
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси
жагынан жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же
нускамалоо
болбосо
колдонуу
үчүн
ылайыкташтырылган эмес.
•
Электр шнуру же кубаттуучу сайгычында
бузулуулар бар болсо, желпиме иштеп-
иштебей турса, шайман кулап түшкөндөн
кийин же башка бузулуулар пайда болгондон
кийин желпимени колдонууга тыюу салынат.
•
Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга
жол бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү,
тейлөө кызмат же аларга окшогон дасыккан
кызматкерлер алмаштырууга тийиш.
•
Түзмөктү өз алдынча оңдоого тыюу салынат.
Шайманды өз алдынча ажыратпай, ар
кыл бузулуулар пайда болгон же шайман
кулап түшкөн учурларда аны розеткадан
суруп,
кепилдик
талонундагы
же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
•
Түзмөктү
заводдук
таңгагында
гана
транспорттоо зарыл.
•
Шайманды балдар жана мүмкүнчүлүгү
чектелген адамдар жетпеген кургак салкын
жерлерде сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТ-
ТАРДА КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН.
ШАЙМАНДЫ КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛАНУУГА
ЖАНА ӨНДҮРҮШ ЗОНАЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ
ИМАРАТТАРДА ТҮЗМӨКТҮ ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ
САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Электр шайманы төмөнкү температурада
ташылып же сакталган болсо, бөлмөнүн
температурасында кеминде үч саат кармап
туруп, анан иштетүү керек.
ЖЕЛПИМЕНИ КУРАШТЫРУУ
•
Шайманды таңгактан чыгарып, шаймандын
иштөөсүнө тоскоолдук кылган ар кандай
чаптамаларды сыйрып алыңыз.
•
Шаймандын бүтүн болгондугун текшерип,
бузулуулар бар болсо шайманды колдонбоңуз.
•
Түптүн (19) тешигине тирөөчтүн астынкы
бөлүгүн (18) бурап орнотуңуз.
•
Тирөөчтүн үстү жагын (17) асты жагына (18)
киргизип, саат жебесинин багыты боюнча
бурап бекитиңиз.
•
Түзмөктү тегиз беттин үстүнө орнотуңуз.
•
Арткы панжараны (1) мотор сапсалгысына (2)
орнотуп, мотор сапсалгысындагы (2) орнотуу
тешиктерин панжарадагы (1) ылайыктуу
тешиктери менен дал келтирип, панажараны
пластик гайкасы (21) менен аны саат
жебесинин багыты боюнча токтогонуна чейин
бурап бекитиңиз.
•
Лопасттарды (20) электр мотордун (2)
огуна орнотуп, лопасттардын оюгун электр
моторунун огундагы бекитмеси менен дал
келтирип, аларды пластик гайкасы (22) менен
бекитип, лопасттарды кармап, аны саат
жебесинин багытына каршы бурап бекитиңиз.
•
Үстүнкү панжараны (4) астынкы панжарага (1)
орнотуңуз (сүр. 1).
•
Үстүнкү панжараны саат жебесинин багыты
боюнча чык эткенине чейин бурап, андан соң
бекитүүчү винтин (23) саат жебеснин багыты
боюнча бурап бекитиңиз.
Эскертүү: Алдынкы панжараны туура
багыттоо үчүн астынкы алкагында ылайыктуу
белгиси бар. Алдынкы панжарадагы бекитүү
винти үчүн тешиктери асты жакта болуу
зарыл.
•
Желпиме иштетүүгө даяр.
ПАЙДАЛАНУУ
Шайманды биринчи иштеткендин алдында
чыңалуусу электр тармагынын чыңалуусуна
ылайык болгонун текшерип алыңыз.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз, ошондо үн белгиси чыгат. Түзмөк
электр тармагына кошулган.
•
Иштетүү/өчүрүү баскычын (15) «ON/OFF»
басыңыз.
Эскертүү:
–
башкаруу панелиндеги баскычтар аралыктан
башкаруу пультундагы баскычтары менен
кайталанат;
–
башкаруу баскычтарын (11, 12, 13, 14)
басканда ар дайым үн белгиси чыгат;
–
биринчи жолу иштеткенде желпиме
жарыялабай аба агымынын орточо
ылдамдыгы (Me) менен иштеп баштайт,
андан соң аба агымын төмөн ылдамдыгына
которулат (Lo). Желпименин иштөө режими
нормалдуу (NOR) болуп иштеп баштайт.
•
Лопасттардын айлануу ылдамдыгы (14)
«SPEED» баскычы аркылуу таңдалат.
Содержание VT-2073
Страница 1: ...VT 2073 Fan Вентилятор 3 6 10 13 17 21 ...