33
КЫРГЫЗ
• Шаймандын бүтүндүгүн текшерип алыңыз, бузулуулар бар
болсо шайманды иштетпеңиз.
• Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө чыңалуусу электр
тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун текшериңиз.
• Түзмөк ылдамдыгы 50 Гц же 60 Гц болгон алмашма ток
тармагында иштөөгө арналган, зарыл болгон ылдамдыгын-
да иштегени үчүн эч кошумча жөндөөнүн зарылдыгы жок».
ЧАЧТЫ ТҮЗДӨТҮҮ
• Шайманды узун жана кыска чач үчүн колдонсо болот.
• Шайманды соо, боёлбогон, жасалма түрдө тармалдат-
кан чачты түздөтүү үчүн же атайы түздөтүүчү каражаттар
менен колдонуңуз.
• Чачыңыз боёлгон же химикалык түрдө тармалдаткан
болсо, шайманды кезек-кезек колдонуу кеңешилет.
• Эң жакшы натыйжа үчүн чач таза жана кургак болуу зарыл.
• Бекитмени (1) жылдырып, түздөткүчтү ачыңыз.
• Шайманды тегиз, туруктуу жана ысыка чыдамдуу беттин
үстүнө коюңуз.
• Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына сайыңыз, ошон-
до дисплейде (5) «OFF» белгиси пайда болот.
• Шайманды иштетиңиз, ал үчүн өчүрүү/күйгүзүү баскычын
(2) басып кармап туруңуз, дисплейде (5) абалкы коюлган
«190°С» иштөө пластиналардын ысытуу температура-
сы менен дисплейдин (5) сол жагында ысытуу шкаласы
үлпүлдөп күйүп баштайт.
Эскертүү: Биринчи жолу иштеткенде ысытуу элементинен
башкача жыт чыгуу мүмкүн, бул нормалдуу көрүнүш.
• Керек болсо, иштөө пластиналардын керектүү температу-
расын баскычтары (3) аркылуу коюп алыңыз.
Чачтын түрү
Температура
Бузулган, боелгон, ыраңы
кетирилген, жука
+150°С - +180°С
Нормалдуу
+180°С - +210°С
Профессионалдык жасамы үчүн
+210°С - +230°С
• Иштөө пластиналары коюлган температурасына чейин
ысыганда, дисплейдеги (5) температуранын цифралуу
көрсөткүчтөрү өчпөй күйүп турат да ысытуу шкаласы дагы
өчпөй күйүп турат.
• Тегиз таралган чачты туурасы бирдей (5 см жакын) тутам-
дарга бөлүңүз.
• Чачтын бир тутамын пластиналардын (4) арасына
салыңыз.
IM VT-1333_70x130.indd 33
8/27/20 11:24 AM