
149
Кыргызча
2
Суу челегин МАКС. көрсөткүчүнө чейин толтуруңуз (Сүр. 5).
3
Суу челегин толтуруу эшигин жабыңыз ('чык').
Шайманды колдонуу
Үтүктөлүүчү кездемелер
Үтүктөөгө болбой турган кездемелерди үтүктөбөңүз.
-
Бул белгилер бар кездемелерди (Сүр. 6) үтүктөсө болот, мисалы чыт, пахта, полиэстер, жибек, жүн,
вискоза жана жасалма жибек.
-
Бул белги бар кездемелерди (Сүр. 7) үтүктөсө болбойт. Бул кездемелерге спандекс же эластан
сыяктуу синтетикалык кездемелер, спандекс кошулган кездемелер жана полиолефиндер кирет
(мис. полипропилен). Кийимдердеги сүрөттөрдү дагы үтүктөсө болбойт.
Үтүктөө
1
Буу генераторун туруктуу жана түз жерге коюңуз.
Эскертүү: Үтүктөө коопсуз болушу үчүн, үтүктүн түпкүчүн дайыма туруктуу үтүктөө тактасына
коюуну сунуштайбыз.
2
Суу челегинде жетиштүү суу бар экенин текшериңиз.
3
Электр ачакейин жерге кошулган дубал розеткасына сайып, буу генераторун күйгүзүү үчүн
күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз. ‘Үтүк даяр’ көрсөткүчү токтобой күйгүчө күтүп туруңуз (Сүр. 8).
Бул болжол менен 2 мүнөт созулат.
4
Суу жеткирүү шлангын сактоо бөлүгүнөн чыгарыңыз.
5
Үтүктү үтүк түпкүчүнөн чечүү үчүн, бөгөттөөнү алып салуу баскычын басыңыз (Сүр. 9).
6
Үтүктөп баштоо үчүн буу машасын басып, кармап туруңуз. (Сүр. 10).
7
Эң жакшы үтүктөө натыйжасына жетүү үчүн, буу менен үтүктөгөндөн кийин акыркы үтүктөөнү буу
жок аткарыңыз.
Көңүл буруңуз: Бууну эч качан адамдарга багыттабаңыз.
Эскертүү: Шайманды биринчи жолу колдонуп жатканда, буу шаймандан 30 секунддан кийин
чыгышы мүмкүн.
Эскертүү: Буу машасын баскан сайын насос иштеп турат. Ал бир аз кырылдаган үн чыгарат, бул
кадимки нерсе. Суу челегинде суу калбай калганда, насостун үнү катуураак чыгат. Суу деңгээли
минималдуу белгиден ылдый түшкөндө суу челегин суу менен толтуруңуз.
Күчтүүрөөк буу үчүн, TURBO буу режимин колдонсоңуз болот. Ал үтүктөөгө боло турган бардык
кездемелерге коопсуз болуп эсептелет.
Кебез, джинсы жана чыт сыяктуу кездемелер үчүн, TURBO буу режимин колдонуу сунушталат.
1
Көрсөткүч ак болуп күйгүчө күйгүзүү/өчүрүү баскычын 2 секунд басып туруңуз.
2
TURBO режимин өчүрүү үчүн, көрсөткүч көк болуп күйгүчө күйгүзүү/өчүрүү баскычын кайра басып,
2 секунд кармап туруңуз.
Бууну көбөйтүү функциясы
Бууну көбөйтүү функциясын катуу бырыштарды кетирүү үчүн колдонуңуз.
1
Буу машасын тезден эки жолу басыңыз (Сүр. 11).
Тигинен үтүктөө
Көңүл буруңуз: Үтүктөн ысык буу чыгат. Бирөө кийип турган кийимдеги бырыштарды
кетирүүгө эч качан аракет кылбаңыз (Сүр. 12). Бууну өзүңүздүн же башкалардын колуна
жакын багыттабаңыз.
Буу менен үтүктөө аркылуу илинип турган кездемелердеги бырыштарды тигинен үтүктөп жаза аласыз.
Содержание GC7800 series
Страница 2: ...2x 2 sec 2 min 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 ...
Страница 170: ......