22
КЫРГЫЗ
Шайманды кайрадан колдонуудан мурун, тармактык
боосун толугу менен ачып алыңыз.
Тармактык шнурун ыңгайлуу чечүү үчүн үстүнкү
илмеги (2) 180° айланат. Илмекти буруунун алдында
аны өзүңүзгө тартыңыз.
Эскертүү! Түзмөктү колдонууда кароосуз калтыр-
баңыз.
Сууну чукурга куюу
• Буу швабраны тикесинен коюңуз.
• Куйгучту (11) суу куюлуучу алкымына (5)
киргизиңиз.
• Өлчөмдүү чынысын (12) колдонуп, суу үчүн
чукуруна (9) таза сууну куюңуз, бирок 300 мл
ашырбаңыз (сүр. 3). Суу деңгээлин чукур толуп
турганы боюнча тунук айнекчеден байкап туруңуз.
• Чукурду суу менен толтургандан кийин куйгучту
алып салыңыз.
Швабраны пайдаланууда чукурдагы суу түгөнуп
калса, азыкты өчүрүү баскычын (7) «
О
» абалына
коюп түзмөктү өчүрүп, тармактык боонун айрысын
электр розеткасынан чыгарып, жогоруда жазылгандай
чукурга (9) таза сууну куюңуз.
Жертаманды жууш жана дезинфекциялоо
Көңүл буруңуз: Чукурдан суу төгүлгөнүнө жол
бербегени үчүн буу швабраны колдонууда аны арт
жагына 45° ашпаган бурчуна эңкейтиңиз.
• Тармактык боонун айрысын электр розеткасына
киргизип, азык өчүргүч баскычын (7) «
I
» абалына
коюңуз,
ошондо
иштетүү/суу
жоктугунун
индикатору (8) жашыл болуп күйөт.
• Түзмөк чамалуу 30 секундадан ысып, буу берип
баштайт.
• Тармактык боону тазалоо учурунда тоскоолдук
кылбоосу үчүн, аны жогорку илмекке (2) киргизип
коюңуз.
Суусу аз болгондон коргонуу
Чукурда (9) суу түгөнүп калса, насов автоматтык түрдө
токтойт, ошондо иштетүү/суу аз болгондун индикатору
(8) кызыл болуп күйөт. Чукурду суу менен толтурганда
насос кайрадан иштеп баштайт.
Килем капталдарды тазалоо
• Килем капталдар үчүн рамканы (14) чүпүрөгү (13)
орнотулган жертаман үчүн щетканын (10) үстүнө
орнотуңуз. Ал үчүн биринчиден рамкасына (14)
швабра саптамасынын (10) алды жагын орнотуп,
андан соң анын арты жагын орнотуп, рамка ордуна
турганына чейин басып туруңуз.
• Рамка (14) швабра саптамасынын (10) килем
капталдардын үстүнөн жылуусун оңойлотуп,
чүпүрөк (13) түрүлүп көтөүлгөнүнө жол бербейт.
• Тармактык боонун айрысын электр розеткага
киргизип, азык өчүгүч баскычын (7) «
I
» абалына
коюңуз,
ошондо
иштетүү/суу
жоктугунун
индикатору (8) жашыл болуп күйүп баштайт.
• Түзмөк ысып, чамалуу 30 секундадан кийин буу
берип баштайт.
• Тармактык боосу тазалоо учурунда тоскоолдук
кылбоосу үчүн, аны жогорку илмекке (2) киргизип
коюңуз.
КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨГҮ КЕҢЕШТЕР
• Жерди тазалоодон мурун, аны чаңдан жана
топурактын бөлүкчөлөрүнөн тазалоо үчүн шыпыруу
же соруп алуу сунушталат.
• Жерди тазалап жатканда,шайманды алдыга-
артка жылдырып, өзүңүздөн түртүп, кайра артка
тартыңыз. Жуулуп калган жерге баспай калуу үчүн
артка жылыңыз.
• Микрофибрадан жасалган чүпүрөк (13) жерди
тазалоодо суу чогултат. Бирок, полдун бетине жана
белгиленген буу интенсивдүүлүгүнө жараша, жерде
нымдуулук бир аз калышы мүмкүн. Мындай учурда
полду табигый жол менен кургатуу сунушталат.
Кургатууну желдеткичти керектүү аймакка багыттоо
аркылуу тездетүүгө болот.
• Жыйнап бүткөндөн кийин чүпүрөктү (13) швабра
саптамасынан (10) чечиңиз. Ошондо шайман
астындагы пол ным чүпүрөктөн нымдалбайт.
• Орнотулган рамкасы (14) менен швабра
саптамасынын (10) жардамы менен килем
капталдарын тазаласаңыз болот. Килемди
жаңыртуу үчүн төмөнкү нерсени жасап көрүңүз:
Килемдерди тазалоо үчүн каражатты 1:1
катнашында суу менен аралаштырып алыңыз.
Чачыраткыч менен ошол эритмени чачырап,
килемди 2 саатка калтырыңыз. Андан соң
килемди буу швабрасы менен тазалап алыңыз.
Ошол процедурадан кийин килем нымдуу болуп,
кургатууну зарыл кылат.
• Суу туруп калуу жана башкача жыт пайда болууга
жол бербөө үчүн чукурдагы (9) сууну улам
алмаштыруу кеңештелет.
• Өлкөнүн аймактарында суунун катуулу ар башка.
Сууда катуулук туздары менен башка эритилген
минералдары бар болуу мүмкүн. Бойлердеги суу
бууланып кетип, кебээр калат.
• Сууда туздар аз болуп, суу жумшак болсо,
кебээрдин бөлүктөрү бойлердин дубалдарынан
силкилип, буу менен чогу чыгып турат. Суудагы
туздар, анын ичинде катуулуктун туздары көп
болуп, минералдык катмары бойлердин ичинде көп
көлөмүндө топтлуп турат. Бул буу пайда болуусун
татаалдатып, түзмөктүн бузулуусуна алып келүү
мүмкүн. Кебээрдин бөлүктөрү клапандар менен
патрубокторду кирдетүү мүмкүн. Ошол үчүн
кебээрдин пайда болуусун жана туздар топтолгонун
төмөндөтүү үчүн деминералдаштырылган же
буусууну колдонуу кеңештелет.
• Жөнөкөй чөөгүн чыпкалар суудагы минерадлар
менен туздарды кетирбейт. Аны атайын
деминералдаштыруучу чыпкалар кылат.
• Бөтөлкөгө куюштурулган ичилчү сууну колдонуунун
алдында анын жалпы минерализациясын
билиңиз (энбелгисинде көрсөтүлөт) жана аны
суу өткөрмө түтүгүндөгү суунун көрсөткүчтөрү
менен салыштырыңыз (аларды суу менен
жабдуу уюмунун сайтынан же интернеттен издеп
табууга болот). Адатта, бөтөлкөгө куюштурулган
суунун минерализациясы 100-400 мг/л түзөт.
Крандагы суунун минерализациясы алдан канча
азыраак болушу мүмкүн, ошондуктан бөтөлкөгө
куюштурулган суу кебээрдин пайда болуусун
жогорулатуусу ыктымал.