33
КЫРГЫЗ
• Түзмөктү таңгактан чыгарып, иштегенине тоскоолдук
кылган ар кандай чаптамаларды сыйрып алыңыз.
• Тармактык шнурун толук узундугуна жандырып алыңыз.
• Бекитмесин (2) « » белгиси тарабына жылдырып,
иштөө пластиналараны (3) бошотуңуз. Бекитме
татаалдык менен жылып турса, түзөткүчтүн
пластиналарын (3) алдын ала кысып алыңыз.
• Түзмөктүн бүтүн болгондугун текшерип, бузулуулар бар
болсо түзмөктү колдонбоңуз.
• Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө чыңалуусу
электр тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшериңиз.
ЧАЧТЫ ТҮЗӨТҮҮ
• Түзөткүчтү кыска жана узун чач үчүн колдонсоңуз
болот.
• Түзөткүчтү жакшы абалдагы, боёлбогон жана жасалма
ыкма, же атайын каражаттарды пайдалануу менен
тармалданбаган чачтар үчүн гана пайдаланыңыз.
• Чачыңыз боёлгон же химиялык түрдө тармалдатылган
болсо, шайманды кээде гана колдонууну сунуш кылабыз.
• Эң жакшы натыйжа алуу үчүн чачыңыз таза жана кургак
болуу зарыл.
• Тармактык шнурдун айрысын розеткага киргизиңиз,
азыктык өчүргүчтү (1) «ON» (шайман иштетилген)
абалына орнотуңуз, бул учурда жарык индикатору
(4) күйөт.
Эскертүү: Биринчи колдонгондо ысытуу элементинен
башкача жыт чыгуусу мүмкүн, бул нормалдуу кубулуш.
• Түзөткүчтү тегиз, туруктуу, ысыкка чыдамдуу беттин
үстүнө коюңуз.
• Түзмөк 3-5 мүнөткө ысыш керек.
• Жакшы таралган чачты туурасы бирдей (5 см-ге жакын)
болгон тутамдарга бөлүп алыңыз.
• Түзөткүчтү туткасы (5) жагынан кармап, чачтын тутамын
пластиналардын (3) арасына салып, аларды кысыңыз.
• Күч салбай, пластиналарды (3) чачтын учуна чейин
өткөзүңүз.
МААНИЛҮҮ: Пластиналарды чачтын бир жеринде
2 секундадан ашык эч качан кармабаңыз.
• Андан соң кийинки тутамды түзөтсөңүз болот.
• Чачтарамды бүтүрүп жасалгалоонун алдында чачты
муздатып алыңыз.
• Түзмөктүн ысык жактарын бетиңизге, моюнуңузга
жана башка денеңиздин бөлүктөрүнө тийгизгенден
абайлаңыз.
IM MW-2219_70x130.indd 33
22.05.2019 11:52:30