697129.001
31
ЖАЛПЫ КӨРСӨТМӨЛӨР
·
Муздатуучу прибор (мындан ары – муздаткыч) тамак-аш азыктарын тоңдуруу
жана тоңдурулган азыктарды узак убакытка сактоо, тоңдургуч камерада тамак-
аш музун даярдоо, ошондой эле муздаткыч камерада тамак-аш азыктарын,
ичимдиктерди жана мөмө-жемиштерди муздатуу үчүн иштелип чыккан.
·
Өндүрүүчү муздаткычты электр тармагына кошуу процедураларын
сактабагандын натыйжасында келип чыккан зыян же бузулуулар үчүн жооп
бербейт.
·
Муздаткычты сатып алаарда таңгагын чечиңиз жана муздаткычтын
бузулган
эместигине жана толук чогултулгандыгына ынаныңыз.
·
Муздаткычты сатып алаарда сатуучу тарабынан сатуу жөнүндө күбөлүктүн жана
кепилдик тейлөө талондорунун толтурулушун талап кылыңыз.
·
Эгер жогоруда келтирилген бөлүмдөр толтурулбаган болсо, бул керектөөчүнүн
кепилдик тейлөө боюнча талаптарын канааттандыруудан баш тартууга себеп
болушу мүмкүн.
·
Муздаткычта жана кабыл алуу жөнүндө күбөлүктө муздаткычтын сериялык
номери, модели жана чыгарылган күнү көрсөтүлгөн экенине ынаныңыз. Бул
маалыматтын жоктугу же муздаткычта көрсөтүлгөн маалымат менен
Пайдалануу боюнча нускамадагы (мындан ары – нускама) маалымат
айырмаланса, бул керектөөчүнүн кепилдик тейлөө боюнча талаптарын
канааттандыруудан баш тартууга себеп болушу мүмкүн.
·
Кепилдик мөөнөтү белгиленген муздаткычка карата, муздаткыч керектөөчүгө
өткөрүлүп берилгенден кийин анын пайдалануу эрежелерин бузуудан, анын
ичинде бул нускаманын эрежелерин бузуудан, ошондой эле үчүнчү жактардын
иш-аракеттеринен же күч жетпес тоскоолдуктардан улам келип чыккан
кемчиликтерге өндүрүүчү жоопкер эмес.
·
Муздаткычты ашкана сыяктуу турак жай эмес бөлмөлөрдө прибордун
этикеткасында көрсөтүлгөн климаттын классына ылайык, абанын салыштырма
нымдуулугу 75% дан көп эмес жана электр тармагынын чыңалуусунун диапазону
220 В тон 240 В ко чейин жана алмашма токтун жыштыгы ~50Гц болгон
шарттарда пайдалануу керек. Муздаткычты башка, мисал үчүн, уктоочу
бөлмөлөрдө пайдаланган учурда муздаткычтын паспортунда көрсөтүлгөн добуш
күчүнүн деңгээлин эске алуу зарыл.
·
Биздин муздаткычтар дайыма мыктыланып турат, алардын мүнөздөмөлөрү жана
дизайны жакшыртылат, андыктан нускама алардын модернизациялоосуна
байланыштуу кээ бир схемалык жана конструктивдик өзгөртүүлөрдү камтыбоосу
мүмкүн.
·
Муздаткыч төмөнкү талаптарга ылайык жасалган:
-
ГОСТ IEC 60335-1 "Тиричилик жана түрдөш электр приборлору. Коопсуздук.
Жалпы талаптар"
,
-
ГОСТ IEC 60335-2-24
"Тиричилик жана түрдөш электр приборлорунун
коопсуздугу. 2-24-Бөлүк. Муздатуучу приборлорго, балмуздак жасагычтарга
жана муз даярдоо үчүн арналган жабдууларга айрым талаптар".
·
Муздаткычты нускамада сүрөттөлгөн максаттар үчүн гана колдонуңуз.
Кыргыз
ча